Артыкова Дилшода, 4 эмдин энеси: “ Төрт эмдин энеси болуу чоң сыймык жана жоопкерчилик экен”
Жакында эле Оштогу төрт эмдин төрөлүшү кубанычтуу окуя болду. Мындай учур Кыргызстандын тарыхында экинчи ирет катталып, коомчулуктун көңүлүн бурду. Балдарды жарыкка алып келген күчтүү эне Дилшода менен маектештик.
– Дилшода, балдарыныздын бешик боосу бек болсун! өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз.
– Мен Артыкова Дилшода, 26 жаштамын. Ош облусунун Араван районунун Дөбө-Коргон айылынан болом.
– Биринчи жолку төрөтүңүз турбайбы. Дароо 4 эмдүү болгонуңузга сүйүнүп жатсаңыз керек?
– Албетте, кубанычымда чек жок. Эне болуу бактысын 4 жыл күттүм, эмнегедир лечение алсам да боюма бүтпөй атты. Анан бирөөлөрдүн сунушу менен инсеминация деген процедураны жасатканбыз. Жок дегенде бир балалуу болуп алалы деп тиленгенбиз. Кудай берем десе ушул экен да, дароо эле төртөөнү берди.
– 4 эм төрөрүңүздү качан билдиңиз?
– Боюмда болгонун билгенимде эле УЗИге барганымда дарыгерлер төрт түйүлдүк бар экенин айтышты. Алгач укканда ишенген жокмун. Бактыга жараша, бул чын болуп чыкты. Кош бойлуулугумдун биринчи айында талгактын азабын тартып бир аз кыйналдым. Андан кийин жеңилдик пайда болду. Алтынчы айына келгенде кичине тынчсыздандым, “выкидыш болуп калбаса экен” деп ойлой бердим эмнегедир. Бирок такай дарыгерлердин көзөмөлүндө болгондугумдан баары жакшы өттү.
– Төрөт кандай болду?
– Балдарымды кесарево сечения жолу аркылуу жарыкка алып келдим. Дарыгерлердин колдору абдан жеңил экен, баары жакшы өттү. Ошентип жолдошум экөөбүз бир убакта 1 уул, 3 кыздын ата-энеси болуп калдык. Балдардын баары жоош, курсактарын тойгузуп койсом эле уктап жатышат. Эң кичүүсү Рабиям гана өзүнө көнүл бурдуруш үчүн бир аз ыйлап турат.
– Балдарды багышууда сизге ким жардам берип жатат?
– Апам жана кайненем күн бою жардам берип жатышат, күйөөм болсо кечинде жумуштан келгенден кийин жардам берип, керектүү нерселерди алып келип турат.
– Президенттин белектерине ээ болуу сизге канчалык денгээлде кубаныч тартуулады?
– Президенттин атынан деп мэр бизге Оштон 3 бөлмөлүү квартира, бардык шарттарды түзүп коляска, манеждерден бери алып келип берди. Мен чынын айтсам, кадимкидей шок болуп калдым. Аябай сүйүндүм, бизге ушунчалык көңүл буруп, сыйлаганы үчүн чоң рахмат айтам. Бул бизге чоң жардам болду. Буга чейин кайненемдер менен чогуу турчубуз. Эми ойлобогон жерден өзүбүз үйлүү болуп калдык. Коляскаларды азырынча колдоно элекпиз, бирок манеж бизге абдан жеңилдик берип жатат. Ал жок болсо, күнүмдүк турмушта кыйналып калмакпыз.Президентибизге, мэрибизге жана бизди жылуу сөздөрү менен колдоп жаткан жалпы элге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Биз балдарыбызды кыргыз элине пайдасы тийген, акылдуу жана ыймандуу инсандардан кылып тарбиялагыбыз келет. Эң негизгиси – балдарыбыз аман-эсен чоңойсун жана Кудайым келечегин жарык кылсын.
– Акыркы суроо, төрт эмдин энеси катары кандай сезимде болуп турасыз?
– Бул мен үчүн чоң сыймык жана жоопкерчилик. Кыргызстанда экинчи жолу төрт эм төрөлдү деп угуп, өзүм да аябай сыймыктанып, кубанычта болдум. Ошол балдарга окшоп менин балдарым да аман-эсен чоңоюп алышын насип кылсын!
______
Ал эми биринчи 4 эмдер 2015-жылы Бишкекте төрөлүшкөн. Алмазбек, Асылбек, Кубанычбек жана Камчыбек учурда 4-класста окуп жатышат.
Гүлайым Абдылбаева: «Балдарым чоңоюп, өзүм жумушка чыктым»
– Гүлайым, буюрса, балдарыңыз чоңоюп калышыптыр.
– Ооба, балдарым 4-класста окуп атышат. Мектепке өздөрү барып келишип, өз алдынча болуп калышты. Мен жумушка чыккам.
– Түйшүктүн баары артта калыптыр да?
– Ооба, балдар төрөлгөндө 3-уулум Элхан бир жаштан эми эле өткөн болчу да, баса да элек болчу. 9, 10 жаштардагы улуу балдарымдын жардамы менен бешөөнү чоңойттум, Кудайга шүгүр. Балдарымдын кичине кези уйкусуз түндөрүм менен эсте калды. Бири ыйлап ойгонсо, баары кошо ойгонушчу. Жолдошум жумуштан келип, түнү менен балдарды карашат. Мамлекет берген квартирабыз 10-кабатта эле да, эшикке чыкмагыбыз тозок эле. Алгач коляскаларды чыгарабыз. Анан улам бирден кийиндирип улуу балдарыма бере берем, алар эшикке алып чыгып коляскага отургуза беришчү. Таразага барганда болсо жакындарымды чакырам, 4 баланы көтөрүп барганга 4 адам керек да. Кийин бакчага барганда да жалгыз эптей алчу эмесмин, бири чуркап кетет, бири басып кетет дегендей. Анда деле сөзсүз үчөөлөчүбүз. Мектепке барганда деле өзүм ташып жүрүп эми гана бир аз бошоп калдым.
– 4 балага окшош кийим тандоо жагы көйгөй жаратпайбы?
– Ооба, ошол жагына келгенде бир аз маселе жаралат. Анткени бир өлчөмдөн окшош кийимдин чыгышы кыйын. Ошондуктан экөөнө чонураагын алганга туура келет. Ал да табылбаса, кээде түстөрү ар башка болуп калат. Байпакты да дааналап албай дароо бир пачка алам да. Анда сатуучулар: «Байпак сатасызбы?»-деп калышат.
– Дагы балалуу болгуңуз келеби?
– Биздин 7 уулубуз бар. Балдарым жаңы төрөлгөндө ЭКО жолу менен төрөдү деп ойлогондор болгон. Эгер андай болсо экөөсүн кыз кылып албайт белек. Кудай берсе дагы 2 же 3 кыздуу болот элем. Көп балалуу болууну жактырам.
– Тилегиңизге жетиңиз! Уулдарыңыздын жакшылыктарын көруңуз!
