Айдай Иманкулова: Кыргызстан менен АКШдагы Жаңы жылдын айырмачылыктары
Кыргызстандык Айдай Иманкулова учурда АКШда жашайт. Ал Рождество менен Жаңы жыл майрамы кандай белгиленерин айтып берди: Рождестводо – үндүк эти менен десерттер дасторконду ээлесе, Жаңы жылда Таймс-сквер менен кечки отуруштар популярдуу. Айтымында, Кыргызстандагыдан айырмаланып, ал жакта декорго жана майрамдын тарыхына өзгөчө көңүл бурулат, а оливье жана бешбармак сыяктуу кыргыз салттарын үйлөрүндө сакташат.
– АКШда жашаганыңызга канча жыл болду жана бул жер которуу жашооңузду канчалык өзгөрттү?
– Бул жакта бир жарым жылдан бери жашап жатабыз. Бардык иммигранттар сыяктуу эле биздин да жашоо абдан өзгөрдү.
– Америкада биринчи жолу Жаңы жыл жана Рождество майрамдарын тосконуңуз тууралуу айтып берсеңиз, таасирлер кандай болду?
– Америкада Европадагыдай эле негизги майрам Жаңы жыл эмес, Рождество. Ага биздегидей эле эрте даярданып башташат. Октябрдан тартып Рождествого арналган ар түрдүү товарлар дүкөндөрдө сатылып баштайт. Күз мезгилинин кайсы бир учурунда дүкөндөрдүн текчелеринде жана витриналарында Хэллоуин жана Ыраазычылык күнү сыяктуу америкалык майрамдардын атрибуттары да пайда болот, бул башында мен үчүн абдан таң калыштуу болгон.
– АКШда Рождество жана Жаңы Жылды кантип майрамдашат?
– Бул жерде Рождество – эң маанилүү үй-бүлөлүк майрамдардын бири. Көбүнчө өзүнчө жашаган балдар жана неберелер ата-энесинин үйүнө келип, бул майрамды Рождество дасторконунда чогуу белгилешет. Дасторкондо бышырылган үндүк болушу мүмкүн, десертке кандайдыр бир пирог жасалат, бирок баары албетте, үй-бүлөгө жана анын каада-салттарына жараша болот.
Эсимде, америкалык тааныш логопед-дефектолог, Рождество түнү аялы экөө үйдүн жанындагы мейманканадан бөлмө алып, Рождествого чейинки даярдыктардан кийин тынч эс алышарын айтып берген, анткени алардын үйүнө ар кайсы штаттарда жашаган балдары, неберелери топтолуп, түнү менен уктабай, бир жыл бою топтолгон жаңылыктары тууралуу сүйлөшүп чыгышат экен.
Америкалыктар үчүн Жаңы жыл Рождествого салыштырмалуу анча маанилүү эмес майрам. Кээде 25-декабрдан кийин эле адамдар балатыларды, дагы башка жасалгаларды алып салышат. Бирок ошентсе да көпчүлүгү шампан ачып кече уюштурушат, эң кыйындары Нью-Йоркко, Таймс-скверге барып, убакытты символдоштурган шардын түшүрүлүшүнө күбө болушат.
Менимче, шаар бийликтери үчүн бул салтты сактоо, анын ичинде коопсуздукту кароо чоң баш оору, бирок майрам деген майрам да.
– Америкалык майрамдардын кайсы салттуу элементтери өзгөчө эсиңизде калды?
– Үйлөр, балкондор абдан көп жасалгаланат, бул жактагы адамдар жасалгаларга, гирляндарга, үйлөмө фигураларга жана жарыктарга акча аяшпайт. Рождествонун алдында сатып алуучулар абдан көбөйгөндүктөн көптөгөн дүкөндөр кошумча жумушчуларды жалдашат, соода-сатык үчүн бул эң сонун убакыт болсо керек. Дагы эмнени айтсам… Сиз балким, жаңы жылдык "Ugly Christmas sweaters" деп аталган, көбүнчө тамашалуу темадагы ачык түстөгү свитерлерди майрам алдында гана кийсеңиз керек. Мурда мен мындай свитерлерди кинодон гана көрчүмүн, бирок бул жерде көбү мисалы, конокко барганда да кийишет.
Баса, мени таң калтырганы, бул жакта жаңы жылдык белектерди эгер сизге жакпай калса, кайра кайтарууга болот. Майрамдан кийинки күндөрдө мисалы, Амазондун пункттарында товарларды артка тапшырган адамдардын кезегин көрүүгө болот. Алтурмак Убер дагы товарларды дүкөндөргө кайра тапшырууга жеткирүү кызматын сунуштайт.
– Америка мектептеринде майрамдарга карата кандайдыр бир атайын иш-чаралар же спектаклдер болобу?
– Ооба, көптөгөн мектептер даярданып, оюн-зоок же концерттерди уюштурушат. Балдар алдын ала ролдорун репетициялашат. Бул жактагы мектептерде чыгармачылык иш-чараларга ылайыктуу сонун концерттик залдар бар.
– Америкадагы майрамдар белгиленүүсү жагынан Кыргызстандагыдан эмнеси менен айырмаланат?
– Менимче, эң чоң айырмачылык – АКШда коммерция жана жасалгалар биздикине караганда көбүрөөк, деги эле адамдар майрамдык аксессуарларды сатып алууга көбүрөөк акча коротушат. Хэллоуин жана Рождество майрамдарына адамдар эң көп акча коротушаарын бир жерден окугам. Бул жерде үйдүн айланасындагы жасалгаларды көрүү үчүн белгилүү жеке үйлөргө экскурсияларды уюштурушат, алтурмак Нью-Джерсидеги кээ бир үйлөргө адамдар башка шаарлардан же штаттардан жаңы жылдык жасалгаларды көрүү жана сүрөткө түшүү үчүн атайын келишет деп уктум.
Бизде, Кыргызстанда да кооз жасалгалашат, бирок ал жеке адамдар эмес, муниципалитет же бизнес тарабынан жасалат.
– Америкада жашап туруп да кыргыз салттарынын кайсынысын карманасыздар?
– Жаңы жыл боюнча советтик салтты карманабыз десем болот, мисалы, майрамдык дасторкон үчүн оливье же винегрет жасоо. А палоону тез-тез жасап турабыз. Бул жылы бешбармак даярдаганга аракеттенебиз го.
– АКШ менен Кыргызстанда улуулар менен балдардын майрамдарды кабыл алышында айырмачылык барбы?
– Бардык эле жерде адамдар майрамдардан кандайдыр бир жакшылыкты, а Рождество менен Жаңы жылдан сыйкырды күтүшөт, бул балдарга да, улууларга да тиешелүү. Жалгыз айырмачылык – мага АКШда адамдар Рождествону эмнеге майрамдап калышкан, эмнеге ал англис тилинде Christmas деп аталат деген тарыхка көбүрөөк көңүл бурушкандай сезилет.
Кыргызстанда да негизги майрам Жаңы жыл эмеспи, бул биз үчүн сыйкырдуу атмосферага тунган светтик майрам.
Баарыңыздарга укмуштуудай Жаңы жыл каалайм!
