Тойлорго бараарда жана эртеси күнү ашказанды кантип даярдоо керек? Нутрициолог менен маек
Гүлайша Атабаева – диетолог жана нутрициолог. Ал туура тамактануунун сырларын, арыктоо жана салмак кошуу жолдорун, ашыкча салмактын организмдеги өзгөрүүлөргө болгон байланышы тууралуу айтып берди.
– Туура тамактануу эрежелерин соцтармактардагы баракчаларыңыз аркылуу бөлүшүп жүрөсүз. Деги эле туура тамактануу деген эмне?
– Туура тамактануу деген биздин жалпы организмге керектүү нерселерди берүү. А организмибизге эмнелер керек? Алар: туз, клечатка, белок, углевод жана май. Буларсыз организмдин туура иштөөсүн элестетүү мүмкүн эмес. Булардын баарын бир күндүк рационубузга кошуп, ар бирин өз ченеминде кабыл ала билүүнү туура тамактануу деп түшүнөбүз.
– Ага кантип көнүшүбүз керек?
– Мен ар бир адамга кеңеш берет элем: күн сайын эртең менен ойгонгондо күндү 200 грамм жылуу суу ичүү менен баштаңыз. Суу муздак да, ысык да болбой, организмге жагымдуу температурада: жылуу болушу сөзсүз зарыл. Күнүмдүк рационго жашылча-жемиш, көк чөптөрдү арбын кошуу керек. Жарым фабрикат, тоңдурулган даяр тамактардан алыс болууга чакырат элем. Айрымдарда туура тамактанууга көп акча кетет деген түшүнүк бар. Жашылча-жемиштер көп мамлекетке салыштырмалуу бизде арзан, анын үстүнө өзүбүздүн короого өстүрүп алган жашылчаларыбыз да жок эмес. Мына, ошолорду пайдалануу менен туура тамактанууга көнүүгө болот. Туура тамактануу көптөгөн өнөкөт оорулардан арылтат. Мен дайыма айтып келем: тамактанып жатканда табагыңызды караңыз, анын ичинде оорулар болушу мүмкүн. Эртең менен мүмкүн болушунча белок көп жөнөкөй тамактанууну сунуштайм. Мисалы, салат, бир кесим нан, каймак майдан азыраак жегенге болот. Эч убакта бир отурганда көп тамактанып албаңыз, тамактануу ортосу узак эмес жана тамак өлчөмү көп эмес болууга тийиш.
– Күз келгени тойлор да көбөйөт. Кээ бир адамдар бир жумада аз дегенде төрт-беш тойго барышы да мүмкүн. Ал жакта ар кандай даамдар болот. Тойдон кийин сөзсүз ашказанга күч келет, аны кантип ордуна келтирсе болот?
– Негизи эле кыргыздар той-ашка бай келебиз. Тойлор көп болгон учурда же сиз чакырылган той болоор күнү эртең менентен баштап эч нерсе жебей, бир гана суу ичип жүрүңүз деп сунуштайт элем. Себеби тойго барганда баары бир нормадан ашырып жегенге туура келет. Ушундай эле нерсени тойдон кийинки күнү да колдонууга болот, организмди ашыкча желген тамактардан келген оорчулукту азайтуу үчүн бир күн жылуу суу ичүү менен гана чектелүү керек.
– Туура тамактанууну кээ бирлер арыктоо ыкмасы катары да карашат экен, бул канчалык чындык?
– Ашыкча салмактан арылуунун эң жакшы жолу – клечатканы пайдаланууну көбөйтүү керек. Ал жашылча-жемиштерде: бадыраңда, помидордо, болгар калемпиринде көп. Мен арыктоо боюнча марафон өткөрүп келем, ошондо дагы клечатка тууралуу көп айтам. Жашылча-жемиштен жетиштүү ала албаган учурда даяр клечаткалар дүкөндөрдө, дарыканаларда сатылат. Ошондон алып эле күнүнө эки аш кашык клечатканы 200 грамм айранга кошуп, ичип туруу керек. Бул адамды абдан ток кармайт жана жоон ичегини да тазалап чыгып кетүү касиетине ээ.
– Арыктоо боюнча марафонго катышып арыктагандар марафон бүткөндөн кийин кайрадан салмак кошуп алуу коркунучуна туш келишпейби?
– Биз 21 күндүк курста детокс программасын өтөбүз. Ал чөптөрдөн тургандыктан, адамдагы гормоналдык бузулууну ордуна келтирет, гормоналдык түзүлүш калыбына келген учурда адам кайрадан салмак кошпойт.
– Организмде гормондор калыбына келе баштаганын кантип билүүгө болот?
– Ашыкча салмак өзүнөн өзү кете баштайт. Айта кетчү нерсе, пролактин, ТТГ же тестестерон гормондору нормадан ашып кетсе салмактын көбөйүшүнө алып келет. Ошондой эле кандын курамындагы ферритиндин өлчөмү аз болгондо да салмак кошулуп баштайт. Ферритинди гемоглобин менен алмаштырбоо керек, гемоглобин нормада болгон учурда дагы ферритин аз болушу мүмкүн. Аны билүү үчүн лабораторияларга анализ тапшыруу зарыл. Андан тышкары Д витамини нормадан аз болушу дагы салмак коштурат.
– Ошол эле учурда салмак кошо албай жүргөн да замандаштарыбыз жок эмес. Аларга кандай кеңеш берет элеңиз?
– Эгерде адам толгусу келип, бирок канча тамактанса да салмагы аз болуп жатса, анда өттү текшертүү керек. Өт коюуланганда адамдын жеген тамагы жакшы сиңбейт.
– Бул багытта канча жылдан бери иштеп келатасыз? Атайын билим алгансызбы?
– Албетте, билимим бар. Нутрициолог, диетолог болуу үчүн Москвада да окугам, Бишкектен да билим алгам. Ага чейин медициналык билимим болгондуктан, бул ишти алып кетүү мага оңой, түшүнүктүү жана кызыктуу да болду. Учурда психологияны окуп жатам, себеби арыктоо үчүн психологиянын да орду чоң. Мисалы, бирөө “2-3 порция тамак жесем дагы тойгонумду билбейм” дейт. Бул психологиялык көйгөй.
– Дагы бир суроо: зоб оорулары да көп эмеспи, организмге йодду жетиштүү берүү үчүн эмне кылуу керек?
– Биринчи кезекте организмге йод жетиштүү же жетиштүү эместигин лабораторияларга анализ тапшырып билип алуу керек. Бирок ар кандай кырдаал болот эмеспи, анализ тапшырганга шарт же мүмкүнчүлүк жок болуп калган маалда, жөнөкөй ыкманы пайдаланса болот. Билекке кулак чукугучтун жардамы менен йодду жол-жол кылып тартабыз. Аны бир сутка тийбей жөн коюп, байкап турабыз. Ал канча саатта билектен өчтү? Эгерде 8-9 саатта өчүп калса, анда йод аз. Организмге йод жетишпесе бул биринчи кезекте калкан безинин иштешине терс таасирин берет, калкан без өзүнүн функциясын толук кандуу аткара албай калат. Мында, адам өзүнөн өзү буулугуп, эч ким тийишпесе деле ыйлагысы келе берет, жүрөгү сыгылат. Азыркы мезгил йодду толуктоого эң сонун мезгил. Шоколад өңдөнгөн курмада йод абдан көп. Бул жемишти күнүмдүк рационго кошуп, курма бышып турган убакта организмдеги йодду толуктап алуу кажет.
