Чоң суммадагы акча жоготкон же таап алган учуруңуз болду беле?
28 декабрь

Чоң суммадагы акча жоготкон же таап алган учуруңуз болду беле?

Каалайбызбы, каалабайбызбы, бирде болбосо бирде күтүүсүз чыгымдарга кабылып келебиз. Шылуундарга туш болуп, алданып, тонолуп, айтор, турмуштун камдап койгон күтүүсүз «белектеринен» кур калбайбыз. Ошол эле учурда кандайдыр бир табылгага туш болгон учурлар болот. Ушул тууралуу белгилүүлөрдөн сурадык.

Аскат Сулайманов, актер: «Жолдон акча таап алып, из жашырып атып жатаканага араң жеткем»

– 1997-жылдын декабрь айы.  Алматыда окуп жүргөм. Курсак ачка, чөнтөктө сокур тыйын жок. Ушул актёрлук окууга кайдан тапшырдым эле деп ичимен өзүмдү-өзүм урушуп келатсам кардын үстүндө целлофан баштык жатат. Тоголок болуп оролуп туруптур, жиним менен тепсем ачылып кетип акча чачылып атпайбы. Эңкейип алсам ичинде көп акча экен. Эки жагымды карасам эч ким жок.

Ал кезде атайын жолго акча таштап коюп, жерден алгандан кийин бактын арасынан чыга калып «менин акчамды уурдап алдың» деп догурунмай укмуш чыгып аткан. Ошону эстеп чөнтөккө дароо сала албай бир нече мүнөт эки анжы болуп турдум. Карасам жаныман такси өтүп бараткан экен, токтото калып дароо ага отурдум. Орто жолдон түшүп калып жатаканага чейин кайра башка таксиге отурдум. Ошентип из жашырып отуруп араң жеттим. Бөлмөмө кирип санасам, 200 доллар, анан 16 миң теңге бар экен. Ээси келип калчудай болуп бир жумадай кол салбай күтүп турдум. 

Эч ким келген жок. Бойдокмун, студентмин. Анан элестете бергиле, кандай жыргаганымды. 

Жоготууга деле учурап жүрөм. Мындан бир нече жыл мурун үйдүн чатырын жабайын деп банктан 80 миң сом насыя алдым. Ошол акчаны чыпчыргасын коротпой гана ууруларга салып бергем. 

Нурзат Токтосунова, алып баруучу: «Чыгаша болмоюнча киреше болбойт»

– 2016-жылы ойдо жок жерден чыгым болгом. Негизи жакшы унаа алайын деп акча чогултуп жүргөм. Ошол учурда сааттай болуп социалдык тармактан бир кыз менен таанышып калдым. Айтымына караганда, Германиядан түз унаа айдап келип сатат экен. Мен да андан «Лексус» үлгүсүндөгү унаа алмак болдум. Бирок биринчи төлөм катары 4 миң доллар салышым керек болду. Калган акчасын келгенде төлөп бермекмин. Ишенчээктигимди карабайсыңарбы, эч нерсесин текшербей сөзүнө ишенип туруп банктан акчаны салып атпаймынбы. Ошо бойдон байланыш жок. Тиги кыз менен сүйлөшө алган жокмун. Банкка барып билсем, мен салган акчаны Германиядан эмес, Англиядан алыптыр. Кийин иликтесем антип мага окшоп алдангандар көп экен. Андан кийин деле майда чыгымдар көп эле болду,  чыгаша болмоюнча киреше болбойт деп өзүмдү сооротуп калам андайда.  

Съездбек Искеналиев, ырчы: «Андан көп чыгым болмокмун»

– Мындан бир нече жыл мурун күтүүсүз чыгым болгом. Ошол күнү уулумдун туулган күнүн белгилейбиз деп кафеге кеткенбиз. Үйгө ууру кирип жаңы сатып алган кымбат ноутбукту, эки телефонумду уурдап кетишкен. Ошол кезде «5000 сом» деген тасмамды жаңы тартып бүткөм. Прокатка чыкмак тургай, бет ачарын да кыла элек болчубуз. Уурулардын оюна келген жокпу же коркуштубу, кинону пираттык дисктерге чыгарышпаптыр. Эгер ошондой болгондо абдан чоң чыгымга учурамакмын. 

Добр, рэп ырчысы: «Жакшылык кайтып келет экен»

– Бир жолу тойдон алтын сөйкө таап алганбыз. Тамадага айттырып, жарыя кылып атып ээси табылып колуна тапшырганбыз. Улгайган апанын сөйкөсү экен. Дагы бир жолу мектепте окуп жүргөндө балдар менен ойноп атып акча таап алгам. Ошол кезде жакшы эле акча болчу. Ээсин таап берейин десем, менден улуу байке: «Мен таап берип коём», – дейт. Баламын да, алданып ага акчаны кармата берип калып калгам. Өзүм да буюмдарымды жоготкон учурлар көп болот. Көбүнчө документ жоготом. Бир жолу базардан келе жатсам бирөө артыман: «Байке!» – деп кыйкырат. Мени менен сүрөткө түшкүсү келип аткан го деп кылчайсам: «Капчыгыңыз түшүп калды», – деп кайтарып берген. Капчыктын ичинде акчам да, документтерим да бар болчу.