Андрей Заславский: Канаттууларга болгон сүйүү Фрунзеден Россияга алып келди
1-апрелде Бүткүл дүйнөлүк канаттуулар күнү белгиленди. Буга байланыштуу Караван-Инфо канаттууларга болгон сүйүүсүн, камкордугун өмүр бою жүрөгүндө сактаган адам менен канаттуулар тууралуу маектешти.
Эмгек сиңирген көгүчкөн багуучу, жарадар канаттуулардын куткаруучусу жана чыныгы эмгекчил Андрей Заславский гаджет тиктеп отурбай, балдар менен көп сейилдеп, чымчыктарга жем берүүгө чакырат. Ал канаттууларга болгон өзүнүн сүйүүсү жөнүндө айтып берди.
– Андрей, канча жашыңдан баштап канаттууларды өстүрүү менен алектенип баштадың жана кандай чымчыктар биринчи канаттууларың болду?
– Мен ал кездеги Фрунзе шаарында төрөлгөм, балалыгым өткөн Кызыл-Аскер көчөсүндө жашагандардын көбү көгүчкөн бакчу. Көгүчкөнгө кызыгып баштаганымда кыязы, 5 жашта болсом керек эле. Абдан кооз чымчык – тынчтыктын символу. Ал убакта албетте, аны түшүнчү эмесмин. Бир жолу кошунабыз, Гриша байке мага көгүчкөн белекке берүүнү убада кылды, бирок ал үчүн биринчи уя жасаш керек эле. Ал көгүчкөндүн уясын орнотууда чатырдын шифери сынып калышы мүмкүндүгүн эскертти, анан биринчи уяны жасоого жардам берди. Жашылча салынчу эки жашиктен бир кептеркана жасап, аны мамыга жайгаштырдык.
Анан Гриша байкеге бардым, ал мага эки көгүчкөн берди, кантип камкордук көрүүнү түшүндүрдү. Үйгө келип, аларды кептерканага кое бердим. Бирок айтылып жүргөндөй, биринчи кадам жаңылыштык менен коштолот. Баламын да, көгүчкөндөрдүн учканын көргүм келди, эки күндөн кийин кептеркананын оозун ачып койдум эле, алар эски кожоюнуна учуп кетишти. Ошону менен кайтып келишкен жок. Кошунама кайтарып бериңиз деп барсам, биринчи жолкусунда белек болчу, а экинчи жолкусунда сатып алууга туура келээрин айтты.
Экинчи көгүчкөндөрүмө мен бир топ жоопкерчилик менен мамиле жасадым: алгач аларды кантип кармоону, учуп кетпеши үчүн канатын кантип байлоону, жаңы жерге канча убакытта көнүшөөрүн баарын сурамжыладым. Көрсө, жаңы жерге келген көгүчкөндөрдү эки жумадан кийин гана бошотуш керек экен. Анан да короодо алар ары-бери басышы керек, бул убакта мышыктан кайтаруу зарыл. Ошентип, экинчи жолу алган көгүчкөндөрүм жашап кетишти, ошол убактар тартып менин көгүчкөндөргө болгон чоң жана узак сүйүүм башталып, ушул күнгө чейин уланып келатат.
Мышыктарымды көгүчкөндөргө кол салбасын деп, аларга көндүрүп койдум. Кемел деп атап алган мышыгым бар болчу, аны жакын досум Серега жаңы туулганда белек кылган. Ал көгүчкөндөрдүн кароолчусуна айланды: кептерканада уктайт, а канаттуулар аны тебелеп жүрө беришет. Көгүчкөн менде абдан көп болчу. Породасы ар түрдүү – өзбек кош маңдай, баку ж.б. Көбүнчө көгүчкөндөргө шумкарлар кол салчу, ошондуктан ал маалда шумкарларды жаман көрчүмүн, кийинчерээк аларды да жакшы көрүп калдым.
1997-жылы Санкт-Петербургдун алдындагы Выборг шаарына көчүп келдим, ошону менен көгүчкөн багуум узакка тыныгуу алды. Аскерге бардым, сагылашуу болгон жерлерде болдум. 2001-жылы шаарчага кайтып келип, кептеркана курдум, анан кайра өзбек кош маңдай көгүчкөнүн алып келдим. Көгүчкөн бакканыма 37 жыл болду.
– Учурда сизге канча жана кандай канаттуулар бар?
– Азыр чакан канаттуу короом бар, анда ар түрдүү чымчыктар жашат: боз турналар, ак куулар, түрдүү түстөгү розелла тоту куштары, өрдөктөр, кыргоолдор, павлиндер, кекиликтер, алардын арасында биздин азиялык таш кекиликтер да бар. Кыргызстандан бийик тоолорду байырлаган жапайы үндүк – уларды алып келүүнү кыялданам. Качандыр бир кыялым ишке ашып, улар алып келем го деп үмүт кылам.
– Канаттуу багууда кандай кыйынчылыктарга туш келесиз?
– Чымчыктарды башка өлкөлөрдөн Россияга алып келүүдө. Бул абдан кыйын иш, азыркы учурда дээрлик мүмкүн эмес. Анан албетте, бардык тирүү жандыктар сыяктуу эле канаттуулар да ооруйт. Чымчыктарга ууга чыккандар да бар. Менин хоббимди билген жергиликтүү тургундар жарадар болгон канаттууларды мага алып келишет, аны дарылап, айыктырып жапайы жаратылышка кое беребиз. Бирок жарадар чымчыктар айыккандан кийин да уча албай калган учурлар болот, алар менде кала беришет. Менин короомдо жарадар ак куу жашайт. Эң башкысы – жаңы канды алып келүү. Аракеттенип, ар кайсы жактан издейбиз. Көгүчкөнчүлөр абдан көп, бирок негизинен улгайган курактагылар. Канаттуу багууга кызыккан жаштар абдан аз. Балдарыма канаттууларга, деге эле бардык тирүү жандыктарга болгон сүйүүнү сиңиргенге аракеттенем. Кичүү кызым мага жардам берип калат, бирок азырынча кичинекей.
– Жаңы канаттууларды табуу үчүн алыска саякатка чыгууга туура келеби?
– КМШ өлкөлөрүндөгү көгүчкөн багуу боюнча көргөзмөлөргө бардым, Өзбекстандан, Польшадан, Германиядан канаттууларды алып келдим. Декоративдик канаттуулар, кыргоолдор жана тоос куштар үчүн Бакуга, Украинага, Польшага бардым. Бир убактарда чарбамдагы канаттуулар ошол жактардан алып келинген. Анан албетте, Россиянын шаарларын кыдырып, көргөзмөлөргө, жарманкелерге катышам.
– Адамдардын тирүү жаратылышка болгон сүйүүсүн кантип ойготуу керек?
– Жаштар арасында жаратылыш жана анын жашоочуларына боор толгогондор өтө аз пайызда экенин өкүнүү менен белгилейм. Кээде мен балдар бакчасына барам, ал жактагы балдарды чарбама чакырам. Меники зоопарк эмес, өзүм жакшы көргөн канаттуулар жашаган жеке чарба, ошол сүйүүмдү балдарга өткөргүм келет. Ар кандай гаджеттер чоң маселеге айланды: балдар айлана-чөйрөсүнө караганда ошолорго көбүрөөк көңүл бурушат. Бул капа кылат, анткени, биздин иш уланышын каалайм.
– Ишин жаңы баштаган орнитологдорго кандай кеңеш бересиз?
– Ата-энелерге көбүрөөк кеңеш берет элем: балдардын жаратылыштагы жандууларга болгон сүйүүсүн тартып албагыла. Көп сейилдеп, көп көрсөткүлө. Шаарларда көгүчкөндөр көп эмеспи, аларга жем берип, ал эми аларды ар кандай жугуштуу ооруларды алып жүрүүчүлөр деп айтпаш керек. Каргаларды, шумкарларды баккан адамдар бар. Карга – акылдуу канаттуу, сүйлөөнү үйрөтсө да болот. Сойка да ар кандай үндөрдү туураган кызыктуу жана үйрөнүүгө жөндөмдүү канаттуу. Чоңдор өздөрүнүн үлгүсү менен жандыктарга сүйүү көрсөтүшсө, анда балдар муну өздөштүрүшөт жана алар албетте жакшы адамдар болуп чоңоюшат!


