Мурат Байдылдаев: Мамлекеттик системадагы дебюрократизация – кадрлар резерви үчүн талаптар жеңилдеди
5 июль

Мурат Байдылдаев: Мамлекеттик системадагы дебюрократизация – кадрлар резерви үчүн талаптар жеңилдеди

Президент Садыр Жапаров ушул жылдын март айында мамлекеттик кызматтардагы бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу боюнча жарлыгын чыгарган. Бул жарлык кандай аткарылып жатат жана анын негизинде мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишмердүүлүгүнө кандай өзгөрүүлөр киргизилди – Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башчысы Мурат Байдылдаев айтып берди.

Ал белгилегендей, мамлекет башчынын жарлыгынын алкагында, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан мыйзам долбоору иштеоип чыккан. Анда негизинен үч жаңычылдык бар:

Биринчиси, буга чейин мамлекеттик, муниципалдык жана аймактык кадрлар резерви болсо, азыр алар биригип бир резервге айланат. Ага аталган агенттик жооптуу болот.

«Анткени, мамлекеттик, муниципалдык кызматтар кенже даражадагы кызмат орду үчүн сынак өткөрүүгө көп убакыт да, каражат да коротуп келишкен. Ошондуктан бирдиктүү сынак өткөрүп, бирдиктүү резервге айланттык. Ал жактан Айыл чарба министрлиги да, Экономика министрлиги да кадрларды таба алышат», – деди Байдылдаев.

Айтымында, экинчи жаңычылдык – маморгандардын жетекчилерине ваканттуу орундардын 10 пайызына чейин өзү билип кызматкер алуу мүмкүнчүлүгү берилди.

«Башында 20 пайыз кылалы дегенбиз, бирок ойлонуп көрүп он пайызга токтолдук. Анткени, ким болбосун ыйгарым укугунан ашыкча пайдаланып жибериши мүмкүн. Жетекчилерге мындай мүмкүнчүлүк эмнеге берилди? Ар бир жетекчи жаңы дайындалганда жаңы идея менен келет, аны ишке ашырууга өзүнүн командасы болушу зарыл», – деп түшүндүрдү бөлүм башчы.

Үчүнчү жаңычылдык, Мурат Байдылдаев белгилегендей, милдетин жөндөй албаган кызматкерди иштен кетирүү машакаты жеңилдеди.

«Бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматкерди, ал иштебей койсо деле, иштен кетирүү кыйын. Бул 5-6 жылга созулган сот процесстери менен коштолот. Ошондуктан биз кызматкерди иштен кетирүүгө жол ачкан себептерди тизмеледик: ишенимди жоготуу, жогорку квалификациялык талаптар ж.б. Буларды аткарбаган кызматкерди жетекчи иштен кетире алат», – деди.

Ошондой эле, анын айтымында, резервдик сынакка катышуучулар үчүн талаптар жеңилдеди. Мисалы, азыр паспорт, диплом сыяктуу документтерди нотариалдык жактан тастыктоо талап кылынат. Бул үчүн катышуучу 1500-1600 сомго чейин каражат сартпайт жана бир убакта 12-13 миңге чейин катышуучу болот. Анын үстүнө документтер бир гана жолу тастыкталбайт, улам жаңылоого туура келет.

«Ошондуктан биз нотариалдык тастыктоону алып салдык. Башкысы диплому барбы, болду, ошону көрсөтөт. Мурда Корго министрлиги, Билим берүү министрлиги д.б. бардык министрлик, мекемелер дипломду тастыктоону талап кылса, азыр андай болбой калды», – деди Мурат Байдылдаев.