Наргиля Чомокеева: монголоид расасынын алкоголду сиңирүүдө кылымдар бою калыптанган өзгөчөлүгү бар
29 декабрь

Наргиля Чомокеева: монголоид расасынын алкоголду сиңирүүдө кылымдар бою калыптанган өзгөчөлүгү бар

Жаңы жылдык майрамдар – бул толтура тамак-аш, узун эс алуу күндөрү жана ден соолукка терс таасирин тийгизген азгырыктардын мезгили. Мындай абалда организмди зыяндан кантип сактоо керек, алкоголдун коопсуз дозасы барбы, детокстар зарылбы жана кандай азык-түлүктөрдү майрамдык дасторконго койбой эле коюу туура – ушул жана башка суроолорго №8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун терапевт-дарыгери Наргиля Чомокеева билдирди. 

– Алдыда Жаңы жыл жана узун эс алуу күндөрү бизди күтүүдө. Дарыгер катары бул күндөрдү ден соолукка зыян келтирбей өткөрүүнүн кандай жолун сунуштайсыз? 

– Жаңы жылдык майрамдар, албетте, бул кубаныч, көңүл ачуу, эс алгың, өзүңө көп нерсеге уруксат бергиң келет. Бирок кандай болгон учурда да ашыкча тоюп албоого аракеттенүү керек. Анан сөзсүз түрдө физикалык активдүүлүк болушу керек, бирок стандарттык күнүнө 30 мүнөт эмес, таза абада жок дегенде бир саат сейилдөө зарыл. Менимче, бул ар бир адамдын колунан келчү нерсе. Кыскача айтканда, тамак-ашты азайтуу жана кыймылды көбөйтүү керек. 

– Жаңы жыл түнүндө алкоголь, ашыкча тоюу же уйкуга канбоо – кайсынысы ден соолукка көбүрөөк зыян? 

– Эң зыяндуусу – бул алкоголь. Ашыкча тоюп алууну таблетка ичүү же ичеги-карындын иштешин калыбына келтирүү менен жойсо болот. Уйку кандай калса, башка күнү уктап, эс аласың. А алкоголь – айрыкча, көп ичкен учурда өтө коркунучтуу кесепеттерди алып келет. 

– Нормага тезирээк келүү үчүн 1-январда эмне кылуу керек? 

– Организм – бул өзүн өзү тазалоочу система. Бүгүн интернетке толуп калган детокстар маркетинг. Менин жеке пикирим мындай: организмге кошумча “тазалоонун” кереги жок. Мыкты детокс – бул жеңил диета жана суусу жетиштүү ичүү. Ушул эле жетиштүү. 

– Алкоголдун коопсуз дозасы барбы же бул өзүн өзү алдообу? 

– Алкоголдун коопсуз дозасы болбойт. Андан тышкары физиологиябызды эске алышыбыз керек, биз Азия чөлкөмүндө жашайбыз, монголоид расасына киребиз, бул расанын алкогольдегидрогеназ ферменти абдан аз болот, ал алкоголдун бузулушуна жооптуу. Айрым адамдарда мындай фермент такыр жок. 

Ушул биздин организмдин кылымдардан бери калыптанган өзгөчөлүгү. Ошондуктан, менимче, алкоголдон толук эле баш тартып койгонубуз жакшы. 

– Кайсы дарыны алкоголь менен аралаштырууга такыр болбойт? 

– Дары каражаттары тууралуу сөз кыла турган болсок, биринчи орунда, албетте антидепрессанттар турат. Экинчиден, уктатуучу каражаттар, негизинен клоназепам. Жалпылап айтканда, психиатрияда колдонулуучу дары-дармектер жөнүндө сөз болууда. Бул дары каражаттарын алкоголь менен аралаштыруу жөн эле каалабаган нерсе эмес, таптакыр мүмкүн эмес – бул үч илеп белгиси менен катуу тыюу салынган нерсе.

Дары каражаттарынын экинчи тобу – бул антибиотиктер. Антибиотиктерди алкоголь менен айкалыштыруу боюнча изилдөөлөр бардык дары-дармектерге жүргүзүлбөгөнүн түшүнүш керек. Пенициллин тобундагы антибиотиктер – амоксициллин, ампициллин бир топ изилденген, биз аларды практикада көп колдонобуз. Аларды алкоголь менен айкалыштыруу боюнча изилдөөлөр жүргүзүлгөн, бирок так айтканда, бир беткей жыйынтыктар жок.

Башка антибиотиктер боюнча мындай масштабдуу изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес. Бул, албетте, чечмелөө үчүн белгилүү бир "боштукту" калтырат, бирок медициналык көз караштан алганда антибиотиктерди алкоголь менен аралаштырбоо сунушталат. Башка дары-дармектердин көбү алкоголь менен айкалышканда, адатта, эч кандай оор кесепеттер болбойт, организмге олуттуу зыяны байкалбайт. Жыйынтыктап айтканда, эң кооптуу айкалыштар - бул психиатрияда колдонулган дарылар жана антибиотиктер, тагыраагы, амоксициллин.

– Ал эми парацетамол жана парацетамол камтылган дарылар жөнүндө эмне айтууга болот? Аларды алкоголь менен бирге кабыл алуу, мисалы, боордун циррозуна алып келиши мүмкүнбү? 

– Бул жерде баары парацетамолдун санына, дозасына жараша болот. Парацетамол өзү гепатотоксикалык дары болуп саналат. Биз аны суткасына үч таблеткадан ашык ичүүгө болбойт деп ар дайым айтабыз. Бул дозадан ашырса, анан алкоголь кошулса, уулуу гепатиттин пайда болушушуна тобокелдик жогорулайт. Албетте, бир жолу эле экөөн аралаштырып салуу менен боордун циррозу башталып кетпейт. Жалпысынан бизде адамдар парацетамолду ашыкча колдонушпайт, көбүнчө аптечкада жата берет, качан зарылчылык болгондо кабыл алынат. Бирок мындай учурларда да суткалык дозаны сөзсүз сактоо керек. Тобокелдик бар жана аны толугу менен жокко чыгарууга болбойт, айрыкча алкоголь менен айкалыштырганда.

– Адатта, жаңы жыл түнү дасторконго түрлүү тамак-ашты жайнатат эмеспизби.  Кайсы азыктардын айкалышы эң кооптуу? 

– Майрамдарда, эгерде бир-эки күн болсо, адатта олуттуу көйгөйлөр жаралбайт. Бирок жаңы жылдык каникул сыяктуу узак дем алыш күндөрү эт менен нанды чогуу жегенге кеңеш бербейм. Эт – бул белок, аны сиңирүү үчүн углеводдорго караганда бир нече эсе көп туз кислотасы талап кылынат. Натыйжада, нан тез сиңет, ал эми эт сиңбей калып, жарым-жартылай сиңген абалда ичегиге түшөт. Бул чирүү процесстерин жана жагымсыз сезимдерди пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан, эң кооптуу айкалыш – белоктор жана углеводдор. Этти жашылчалар жана чөптөр менен жеген жакшы. Бул физиологиялык жактан алганда жакшыраак жана тамак сиңирүү үчүн жеңилирээк. Айрыкча, эгерде майрамдар үч күндөн ашык созулса, бул эрежени сактоо маанилүү. Калган бардык нерседе жөнөкөй эреже иштейт: порцияларды азайтып, сууну көбүрөөк ичүү керек. Таза суу – организм үчүн эң жакшы "эриткич", андан жакшы эч нерсе ойлоп табуу мүмкүн эмес.

– Маегибиздин соңунда майрамдарга карата терапевттин эң маанилүү кеңеши? 

– Эң башкысы – майрамдарды, айрыкча Жаңы жылды жакшы маанайда тосуу. Эртеңки күндү жана биз эмне жеп, эмне ичкенибизди эстен чыгарбоо керек. Көбүрөөк суюктук, көбүрөөк суу, ченем жана позитив. Жаңы жылды кубанычтуу тосуңуздар! Баарыңыздарды келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!