![Айнура Сагынбаева бактылуу үй-бүлөнүн сырлары жөнүндө](/netcat_files/generated/17/27/1000x500/1692/cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3.png?crop=0%3A0%3A0%3A0&hash=240a529b6b2cb45213eeb061393802ed&resize_mode=1&wm_m=0&v=20240919073343)
Айнура Сагынбаева бактылуу үй-бүлөнүн сырлары жөнүндө
Үй-бүлөдө гармониялуу мамилени кантип орнотууга болот? Никеде бактылуулукка жетишүү үчүн эмне зарыл? Үй-бүлөлүк мамиледе кантип курмандыкка айланбоо керек? Ушул суроолордун тегерегинде психолог, коуч, мамилелер боюнча эксперт Айнура Сагынбаева “Караван-Инфо” редакциясына маек курду.
- Айнура Бактыболотовна, саламатсызбы! Сизди аял менен эркектин ортосундагы мамиле боюнча эксперт жана психолог деп билебиз. Ушул темада сүйлөшкүбүз келип жатат. Аялдын психологиясы менен эркектин психологиясынын айырмачылыгы эмнеде?
- Саламатсызбы! Аялдын психологиясы эркектикинен түп –тамырынан айырмаланат деп дароо эле айтам. Ооба, баш мээбиздин түзүмдөрү окшош, бирок жашоону түшүнүү жана кабылдоо деңгээлин жөнгө салчу психологиялык процесстер такыр башка. Абдан көп айырмачылыктар бар, эгерде жалпылай турган болсок, аялдын ой жүгүртүүсү бир топ эмоционалдуу жана иллюзияга жакын. Ошол эле убакта эркектердики бир топ реалдуу болот. Эркектер эмоциядан алыс, алар көбүнчө аялдардыкын турмак, өздөрүнүн сезимин дагы түшүнө беришпейт. Мунун баары эркектик дилемма деп аталат, анткени баары балачактан башталат.
- Эмне балачактан башталат, түшүндүрүп берсеңиз?
- Балачактан өзүбүздүн өзгөчөлүгүбүздү кабыл алуу башталат. Бардык, мисалы “сен баласың, ошондуктан ыйлаба, сен деген эркексиң да, коркконуңду, кыйналып жатканыңды билдирбе” деген сыяктуу комплекстердин башаты ошол жакта. Ошентип, эркектер өздөрүнүн эмоциясын ушунчалык тереңге катат, убакыттын өтүшү менен өздөрү дагы аны таппай калат. Ошондуктан биз аялдар, эркектерден “Мага кандай сезимиң бар?” – деп сураганыбызда “Билбейм, айта албайм”, - деп жооп беришет. Ата-эне канчалык катаал болсо, бала ошончолук мээримди аз алат, үй-бүлөдө сезимдерди билдирүү канчалык аз болсо, жеке сезимдер ошончолук тереңге камалат. Ушул нерсе балачактан келет.
- Сиз аялдарга үй-бүлөлүк мамиледе бактылуулукка жетүүнү үйрөткөн курстарды өткөрүп келесиз. Тажрыйбаңызга таянып айтсаңыз, аял менен күйөөсүнүн ортосундагы жараканын кетишинин негизги себеби эмнеде?
- Негизги себеп – бул өзүн тааныбоо, өзүңө болгон ойдогу илююзия, чоңойгонубуздан кийин да кетпей калган комплекстерибиз. Мисалы, принцессанын комплекси, инфантилизм жана эркектин психологиясын аялдын психологиясынан айырмалай албоо. Башкача айтканда, эркек аял эмне каалап жатканын билбейт же аял эркек кантип ойлоноорун түшүнбөйт. Мен муну ал турмак психологиялык инфантилдүүлүктөн да чоң нерсе деп айтмакмын. Бизде, Кыргызстанда мамилелердин бузулушунун негизги себеби психологиялык инфантилдүүлүк болууда. Бул адамдын башка бирөөнү уккусу, түшүнгүсү келбей калган учуру. Угуп, түшүнүүгө аракет жасаган учурда дагы түшүнө албайт, анткени биринчи кезекте ал адам өзүн, өзүнүн чыныгы сезимдерин түшүнбөйт, кемчилиги менен артыкчылыгын көрбөйт. Бул жерде адамдардын чоң психологиялык көйгөйү жатат жана маселенин баары ошол көйгөйдү иштеп чыгышпаганында болууда.
- Көбүнчө биздин коомчулукта же ал турмак менталитетте аял үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болуп калат же абьюзивдик мамилеге туш келет. Кантип курмандык болбоо керек?
- Албетте, курмандыктар өздөрү каалап курмандык болбойт, бирок булар организми кантип иштээрин билбеген, курмандык абалынан кантип чыгуу керектигин түшүнбөгөн адамдар. Башкача айтканда, канчалык орой угулбасын, аларга курмандык абалында болуу жеңил. Биздин организмибизде химиялык реакциялардын толук цикли бар, мен аны медициналык көз караш менен карайм. Кубанычтын гормону деп айтышат, а чындыгында ал нейромедиатор, гормон деп айтууга болбойт, ал биздин мээбизде жаралат, анан организмибиз күн сайын ушул гормонду иштеп чыгуу үчүн аракет кылат. Маңызында биздин жашообуз ырахат алууга багытталган. Ал эми курмандыктар – бул гормондорду алууда өзүн аяп же башкаларга даттануудан башка жолду билишпейт. Анткени эң оңой жол ушул. Татаал жол – өзүң үчүн жоопкерчилик алып, абьюзер менен жашоо же жашабай коюу сенин гана тандооң экенин түшүнүү. Көз каранды болуу же эркин болуу – бул сенин гана тандооң! Абьюзер менен мамилени токтотуп салууга болбой турган кырдаалдын өзү жок. Бир гана кулчулукта же сени эркиңден тыш мажбурлап кармаганда болушу мүмкүн, ал дагы коркунучтуу кинолордо гана. Бирок биздин кадимки жашообузда мындай көп жолукпайт. Курмандык абьюзерден кетип, бирок эркек анын күйөөсү болбой калгандан кийин дагы аңдып, аялдын жашоосуна жана ден соолугуна зыян келтиргени бул башка кеп. Бул кылмыш жана аны мамлекет мыйзамдардын негизинде көзөмөлгө алуусу керек. А мен абьюзерлер менен ыйлап, даттанып коюп жашай берген адамдар тууралуу айтып жатам.
- Мамиле куруу бул дагы жумуш, мен искусство деп да айтмакмын. Балким сиз мамиле гармониялуу болушу үчүн кандайдыр бир сырларды айтат чыгаарсыз?
- Биринчи кезекте мамилеңиздер үчүн жоопкерчиликти өзүңүзгө алыңыз! А эгер мамиле такыр эле жакшырбай койсо, анда аны токтотуп койгон оң. Башкача айтканда, бактысыз мамиледе бактысыз болуп жашоо – мында бир гана сиз күнөөлүүсүз! Аны түшүнгөндө сиз өзүңдү, мамилеңди тергеп, башка адамды изилдеп, коммуникация искусствосуна үйрөнүү дайыма керек экенин түшүнөсүз. Мына ушунун өзү гармониялуу мамиленин сыры. Үй-бүлөлүк мамиленин кандай экени маанилүү эмес. Өнөктөштөр, үй-бүлө – бул бир гана секс же сексуалдык жакындык эмес. Сексуалдык жакындык – бул гормондордун кыска убакытка от алуусу же кандайдыр бир инстинктивдүү кыймыл, а үй-бүлө – бул өнөктөштүк мамилелер, бул мамиле түзө билүү, коммуникация, бир топ философиялуу карым-катыш. Ошондуктан башкы сыры так ушунда! Буларды мен курстарымда үйрөтөм.