Стоматолог: Сулуулук – жасалма кирпик, ботокста эмес, тегиз, бүтүн тиштерде
Адамдын саламаттыгы кайсы бир деңгээлде тиштеринин абалына жараша болот. Тишти жакшы абалда сактоо үчүн кандай камкордук көрүү керектигин “Alpha Clinik” клиникасынын стоматологу Махабат Кожошева “Караван-Инфого” айтып берди.
– Акыркы учурда тишке камкордук көрүүдө профессионалдык тазалоо түшүнүгү кирди. Бул канчалык пайдалуу? Аны тез-тез жасатуу тиштин эмалына зыянын тийгизет деген да көз караштар бар, ал чынбы?
– Тиштерди профессионалдык тазалоо – тиштеги курттун жана тиш бүйлөлөрүнүн ар кандай ооруларын алдын алууда керек. Анткени, саламаттыгы чың тиштер адамдын жалпы организми үчүн абдан чоң пайдасын тийгизет. Бул процедуранын канчалык деңгээлде пайдасы бардыгын билүү үчүн анын артыкчылыктарын жана кемчиликтерин санап көрөлү. Артыкчылыктары:
- тишке ак түстү кайтарып берет;
- тишти кариестен сактоого жардам берет;
- бактериялардан тазалайт;
- тишке жылмакайлуулук берет;
- кофе, чай жана тамеки тартуудан калган тактардан арылтат;
- тиш ташынын пайда болуу тобокелчилигин азайтат;
- тишти узак убакыт бүтүн сакталуусуна өбөлгө болот;
- ооздон чыкчу жаман жыттардан арылтат;
- тиш бүйлөсүнүн каноосун токтотуп, тиш бүйлөнү калыбына келтирет;
- оозго тазалык берет.
Ал эми кемчиликтери булар:
- тиш сезгич болуп калат, бирок мындай нерсе убактылуу, бир канча убакыттан кийин өтүп кетет;
- процедура туура эмес жасалса, башкача айтканда, ал квалификациясы жок адис тарабынан жасалса, бул эмалдын же тиш бүйлөсүнүн жабыркоосуна алып келиши мүмкүн.
- жаракат алуу ыктымалдыгы бар – айрым инструменттердин колдонулушу ооз көңдөйүнүн жумшак этин жабыркатышы мүмкүн. Бирок бул өтө сейрек көрүнүш.
Адатта, профессионалдык тазалоону ооз көңдөйүнүн абалына жараша 6 жана 12 айда бир жасатып туруу сунушталат.
– Адамдын тишке болгон камкордугуна байланышкан кандай адаттары стоматологдордун кызматына болгон муктаждыгын азайтат? Башкача айтканда, тишти жакшы жасоо үчүн кандай эрежелерди карманышыбыз керек?
– Эң башкысы – бул гигиена. Күнүнө тишти эки жолу: эртең менен жана уктаар алдында 2-3 мүнөттөн тазалап туруу зарыл. Андан сырткары тишке арналган жиптерди, ирригаторлорду колдонуу кажет. Бир гана тазалоо менен чектелбей, зыяндуу адаттардан (тамеки тартуу, таттууну көп жемей) баш тартуу менен дагы тишиңизге өтө чоң жардам берген болосуз. Анан жылына эки жолу стоматологдун кароосунан өтүп, зарылчылык жаралса профессионалдык тазалоо жасатып туруу керек.
– Ошол эле кезде тиштин эмалын агартуу учурда популярдуу стоматологиялык процедурага айланды. Анын зыяны барбы?
– Агартуудан кийин эмалдын коргоочу касиеттери азайып, тиш кайсы бир убакка чейин сезгич болуп калат. Ошондуктан агартуу ыкмасын ар бир адамга өзүнүн өзгөчөлүгүнө жараша жеке тандоо керек.
– Имплант менен кадимки тиш салдыруу: ак тиш жана сары тиш – булардын айырмасы жана артыкчылыктары же кемчиликтери эмнеде
– Имплант качандыр бир кайсы бир көрсөтмөнүн негизинде алып салынган тиштин ордуна, бош бүйлөгө коюлат. Жөнөкөй тил менен айтканда, имплант – бул жасалма тамыр. Эгерде тиштин тамыры сакталып калган болсо, анда жакшысы ак же сары коронка койдуруш керек. Импланттын көпүрө өңдөнгөн коронкаларга караганда пайдасы көбүрөөк, анткени жанаша турган тиштер да сакталып калат. А эгерде суроо кийгизип-алуучу протез же импланттын ортосуна коюлса, анда имплантка артыкчылык берилет. Анткени, анда кийгизүү жана чечүү деген түйшүк болбойт, аны менен катар даам билүү рецептору табигый сыяктуу эле жакшы сакталат.
Бирок ошол эле учурда импланттын бир кемчилиги бар – ал баасы. Бул процедура кымбат турат.
– Имплант бардык адамдарга эле жага береби, же мында кандайдыр бир талаптар барбы?
– Анын өзүнө жараша көрсөтмөлөрү жана каршы көрсөтмөлөрү бар. Аны тактоо үчүн имплантациядан мурда анализ тапшырып, 3Д сүрөткө тартуу керек.
– Тиштин кандай оорулары бар, алар боюнча айтып берсеңиз, кантип алдын алууга жана кантип дарылоого болот?
– Тиштин эң кеңири тараган оорулары: кариес, периодонтит, пародонтит, пульпит, стоматит. Алардын алдын алуу үчүн жогоруда айтылгандай гигиенаны сактоо, күнүнө тишти эки жолу тазалап туруу маанилүү. Андан сырткары дарылык-профилактикалык тиш пасталарын, тиш жибин, ирригатор колдонуу зарыл.
Ошондой эле, углеводду чектөө дагы тиштин саламаттыгына оң таасирин берет.
Катуу азыктарды – алма, алмурут, сабиз жана бадыраңды күнүмдүк тамак-ашыңызга кошсоңуз, мында да тишке пайда келтирип жатам деп ойлой берсеңиз болот.
Анан албетте, курамында кальцийи бар азыктарды көбүрөөк жеш керек.
Ысык жана муздак суусундуктарды ичүүдөн карманыңыз.
Анан жылына эки жолу стоматологго келип турууну унутпаңыз. Кариести өз убагында, өтүштүрүп жибербей дарылоо кажет. Өтүшүп кетсе, анда тишти жулуп салууга туура келет. Профилактика жана өз убагында дарылоо арзан жана оорутпайт, убакыт да аз кетет.
– Тишти эртең менен тамактанууга чейин тазалаш керек жана тамактануудан кийин тазалаш керек деген талаш пикирлер бар эмеспи. Сиз эмне дейсиз?
– Эгерде уктаар алдында тишиңизди тазалап жатсаңыз жана андан кийин эч нерсе жебесеңиз, анда эртең менен, тамактанууга чейин оозду суу же атайын каражат менен чайкоо, анан бир стакан жылуу суу ичип алуу жетиштүү. Анткени, адам уктап жатканда ооз көңдөйүн тазалап турган шилекей жетиштүү көлөмдө бөлүнүп чыкпайт. Мындан улам ооздо “эски” эпителий чогулуп калат. Ал тилдин ички тарабында, жаакта жана эринде болот. Уйкудан ойгонгон адамдын оозунда жагымсыз жыттын пайда болуп калышынын себеби ушунда.
Тамактангандан соң тишти сөзсүз тазалаш керек. Аны менен эле чектелип калбай күнү бою атайын каражаттар менен чайкап, тиш жиби менен тазалап туруу да керектелет.
– Тиш дарылатуунун алдында адамдар кандай даярданышы керек: эмнелерди жасаш керек жана эмнелерди жасаганга болбойт?
– Стоматологго келердин алдында сөзсүз тамактануу зарыл. Анан тишти тазалоо. Бир күнгө чейин алкоголдук ичимдиктерди ичпөө керек.
– Бейтаптардын арасында сизди эмнелер таң калтырат, кандай мамилелери же кылык жоруктары дегендей?
– Ден соолукка караганда сулуулукка көңүл бургандар көп. Айрымдарга тиштеринин саламаттыгы мааниге ээ эмес, андан көрө эрининде ботокс, көзүндө жасалма кирпик, колунда жасалма тырмак болгону маанилүү.
Анан көпчүлүк адамдар советтик стоматологиядан тапкан коркунучу менен жашайт, алар бизге келгендер коркуп жатышып эле тиштеринин акыбалын начарлатып алышат.
Заманбап стоматология – бул оорусуз процедура. Ушуну эске алышыбыз керек.
Инстаграм:
dr_abaevna
Байланыш номери:
0 555 266 466
