Дилмурат уулу Тилек: Спортсмендердин, мал кармагандардын жана ит-мышыкты жакшы көргөндөрдүн тери микоздору жөнүндө
21 декабрь

Дилмурат уулу Тилек: Спортсмендердин, мал кармагандардын жана ит-мышыкты жакшы көргөндөрдүн тери микоздору жөнүндө

Дилмурат уулу Тилек, Ахунбаев атындагы КММАнын тери-венерология кафедрасынын завучу, Бишкектеги “ЮРФА” медициналык борборунун дерматовенерологу, биздеги көпчүлүк дарыгерлер сыяктуу эле ординатураны аяктагандан кийин башка өлкөгө барып иштеп келүүнү ойлонуп, анан кайра калууну чечкен. Жаш дарыгерди кесиптештери сыяктуу эле,  кесибинин кадыр-баркы барган сайын төмөндөп жатканы жана аялуу абалы күчөгөнү катуу таарынтып да, чочулатып да турат. Албетте, ал үйрөнө турган дагы  көп нерсе бар, анын ичинде оор кырдаалда өзүн коргой билүү дагы. Билим дарыгерге да, оорулууга да пайдалуу.

– Дерматовенерологияда козу карындар пайда кылган оорулардын тобу бар. Бул кандай оорулар?

– Алардын башкача аталышы бар - микоздор. Тоолуу аймакта жашайбыз жана ар бир үчүнчү-төртүнчү үй-бүлө мал кармайт, мындан улам козу карын оорулары боюнча кайрылуулар көп. Эл ичинде бул оору эңилчек (лишай) деп да аталат, бирок бул жалпыланган түшүнүк. Эңилчек көбүнчө ири мүйүздүү мал менен байланышканда пайда болот, бизге ошондой эле спорт менен алектенгендер, негизинен балбандар кайрылышат. Жогорку жугуштуулугунан жана тынымсыз сүрүлүүдөн жана тердөөдөн улам килемдерде козу карындардын колониялары пайда болот, алар ачык тешикчелер аркылуу адамдын терисине оңой кирип кетет. Козу карындар жаныбардан адамга жана адамдан адамга жугушу мүмкүн.

– Ошондо, мышыктар, иттер, канаттуулар жана хомяктар да микоздорду алып жүрүүчүлөрбү? 

– Ооба, аларда жүн, канат болгондуктан ошондой да болот, бирок көбүнчө мышыктан микроспория дегенди жуктуруп алууга мүмкүн. Андан башка трихофития деген бар, ал жаныбардан адамга, адамдан адамга жугат. Бул оору абдан жугуштуулугу жана терини, чачты, тырмакты жабыркатаары менен айырмаланат. 

– Ооруну кантип өз убагында байкаса болот, кандай белгилери бар? 

– Оору майда чекиттен башталат, гиперемия жана кызаруу пайда болот, андан соң периферияга өсөт. Микроспорияда жарааттын ортосу жакшырат дагы, тери кадимки өңүнө келип калат, бирок ошол эле учурда кызарган тактар дененин башка жактарына жайыла баштайт, анан кычышат, жабыркаган жерди күнү-түнү тырманууга туура келет. Тырмана бергендиктен козу карындар бир жуманын ичинде теринин башка бөлүктөрүнө тарайт. Мышыктар микроспорияга кабылганда жүнү түшө баштайт, а кишиде эгерде козу карындар баштын чачтуу бөлүгүндө орун алса, чач түшөт жана сынып баштайт, бул 4-6 мм деңгээлинде болуп, чач кыркылгандай түр берет. 

– Микоздор улууларда көп кездешеби же балдардабы? 

– Балдарда, анткени, алар ит, мышык жана башка жаныбарлар менен көп байланышта болот жана жеке гигиена эрежесин сактай беришпейт, ошондой эле спорттук секцияларга барышат, ушул нерсеге ата-энелердин көңүлүн бургум келет. Ымыркайлар жана эмчектеги балдар дээрлик оорушпайт, себеби, алар айлана-чөйрө менен азыраак катнашта, бир гана учур – эгерде эне жеке гигиенаны сактабаса, баласына жуктуруп алышы мүмкүн. 

– Эгерде эңилчекти дарылабаса, бул эмне менен бүтүшү мүмкүн? 

– Оору башка – чач фолликулун жабыркаткан бир топ оор формасына өтөт, мында чач түшкөн жерге кайра өсүп чыкпайт, анткени өсүү зонасы өлөт, анын ордуна тырык пайда болот. 

– Өзүңдү коргоо үчүн эмне кылуу керек? 

– Ветеринарларда жаныбарлар үчүн паразиттерге каршы вакцина бар. Алдын алуу үчүн малды атайын эритмелерге киринтишет. Ар бир жаныбар үчүн өзүнчө дарылоо белгиленет. Балдар жана улуулар колдорун тез-тез жууп жана көчөдөгү жаныбарлар менен байланышты азайтууга аракеттенүүсү керек, ал эми үйдөгү мышык, иттерди эмдетүү зарыл. Бул жерде душ кабыл алуу менен эле чектеле албайсың. Дарылануу учурунда спортчуну машыгуудан бошото туруу кажет. 

– Бейтаптарга кантип жардам бересиздер жана кантип дарылайсыздар? 

– Кычышууну токтотуу үчүн ичүүчү каражаттарды сунуштайбыз. Жергиликтүү жана пероралдык дарылоо белгилейбиз. 

– Жардам сурап кайрылгандардын санынын көбөйүшү же азайышына мезгилдин таасири барбы? 

– Козу карындарды алып жүрүүчү менен үзгүлтүксүз байланыш микоздорду жугузуп алуу коркунучун көбөйтөт. Бир айлын ичинде бул маселе менен бизге 15-20 адам кайрылат. Жайкы убакта бейтаптар бир топ аз болот, а жазында жана күзүндө, авитаминоз маалынын алдында көбөйөт. Дарттын өнүгүшү дайыма боло бербейт, анткени биздин терибиз өзүнүн милдетин жана коргоо функциясын жакшы аткарат. Тери катмары бүтүн болсо, кимдир бирөө менен кол алышкандан кийин колду жууп жүрсө жана иммунитет бар болсо, эңилчекти жуктуруп алуу тобокелчилиги азаят. Ооруну өтүштүрүп алып, бизге кайра келген адамдар да болот, бул абдан капалантат. Ооруну Интернеттеги кеңештер менен эмес, бир гана дарыгер жана илимий медицина менен кызматташуу аркылуу гана жеңүүгө болот.