Жанарбек Мамытов: Ок атуучу куралды гильза менен, ал эми адамдын боюн бутунун изи боюнча кантип аныкташат
31 июль

Жанарбек Мамытов: Ок атуучу куралды гильза менен, ал эми адамдын боюн бутунун изи боюнча кантип аныкташат

10 эксперт, ондогон жабдуулар жана жыл сайын жүздөгөн экспертизалар – КРнын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-баллистикалык, трасологиялык жана жардыруу-техникалык экспертизалар башкармалыгы кылмыштарды иликтөөдө негизги ролду ойнойт. Башкармалыктын башчысы Жанарбек Мамытов интервьюсунда гильзанын жардамы менен куралды, бут кийимдин изи боюнча адамдын боюнун кантип аныктоого болорун жана эмне үчүн алардын иши иштин тагдырын аныктаган так илим болуп эсептелерин айтып берди.

– Соттук-баллистикалык, трасологиялык жана жардыруу-техникалык экспертизалар башкармалыгы эмне менен алектенет? Башкармалыкта канча адам иштейт?

– Биздин башкармалык укук коргоо органдарына жана сотторго курал, издер, жардыруулар менен байланышкан кылмыштардын жагдайларын түшүнүүгө жардам берет. Биз соттук экспертизаларды жүргүзөбүз, башкача айтканда, заттык далилдерди илимий жактан изилдейбиз.

Мисалы, эгер гильза табылган болсо, анын кайсы куралдан атылганын аныктайбыз. Эгер бут кийимдин изи калган болсо, өлчөмүн, түрүн, кээде адамдын боюн да билип беребиз. Жардыруу болгон учурда эмне жарылганын жана ал кандайча болгонун аныктайбыз. Бул түйшүктүү, бирок өтө маанилүү иш, анткени биздин тыянагыбыздын тактыгынан тергөө иштеринин жүрүшү жана натыйжасы көз каранды.

Башкармалыкта 10 жогорку квалификациялуу эксперт иштейт. Алардын ар бири өз тармагынын боюнча адиси жана биз бир команда катары иштейбиз.

– Кайсы экспертизалар көп жасалат?

– Эң көп талап кылынгандар – трасологиялык экспертизалар. Бул бут кийимдин, транспорт каражаттарынын, бузуу куралдарынын издерин, ошондой эле автотранспорт каражаттарындагы (АМТС) белгилерди изилдөө. Биз өчүрүлгөн же өзгөртүлгөн номерлерди, тамгаларды жана башка белгилерди калыбына келтиребиз, чыгарылган жылын жана кыймылдаткычтын көлөмүн аныктайбыз.

Экинчи орунда ок атуучу курал жана ок-дарылар менен байланышкан баллистикалык экспертизалар турат.

Жардыруу-техникалык экспертизалар сейрек жүргүзүлөт, бирок ар бир мындай иш – бул дайыма өтө так жана тез талдоону талап кылган өзгөчө кырдаал.

– Баллистикалык же трасологиялык экспертиза кандай өтөт? Сиздер кылмыш болгон жерге чыгасыздарбы?

– Экспертиза тергөөчүнүн же соттун токтому менен башталат. Көпчүлүк учурда бизге лабораторияга далил буюмдарды алып келишет - бул ок, гильза, атылган октун изи калган кийимдин бөлүктөрү, бут кийимдин издеринин көчүрмөлөрү, бузулган кулпулар ж.б. болушу мүмкүн.

Окуя болгон жерге чыгуу сейрек кездешет. Биздин жумуш адистештирилген лабораториялык жабдууларды жана тактыкты камсыз кылган шарттарды талап кылат. Окуя болгон жерде тергөө-ыкчам тобу иштейт, алар протоколго ылайык далилдерди алышат.

Материалдар лабораторияга келип түшкөндөн кийин, эксперт микроскопторду, өлчөөчү шаймандарды жана атайын техниканы колдонуу менен деталдуу изилдөөгө киришет. Татаалдыгына жараша процесс бир нече күндөн бир нече жумага чейин созулушу мүмкүн. Натыйжада тергөөгө же сотко өткөрүлүп берилүүчү эксперттик корутунду түзүлөт.

– Техникалык жарылууга байланышкан экспертизалар көп жүргүзүлөбү?

– Бактыга жараша, алар башкаларга караганда азыраак болот, бир жылда бир нече жолу гана. Бирок мындай окуялардын ар бири жогорку квалификацияны жана өзгөчө этияттыкты талап кылат. Биздин адистер жардыргыч заттарды тааный, кыйроолор жана жогорку коркунуч шарттарында иштей, ошондой эле жардыруучу түзүлүштүн түрүн эң майда калдыктар боюнча аныктай билүүгө тийиш.

– Кандай технологияларды жана жабдууларды колдоносуздар?

– Классикалык криминалистикалык ыкмаларга таянсак да, заманбап технологияларды активдүү колдонобуз. Жабдуулар тынымсыз жаңыланып турат, адистер окуудан өтүшөт.

Башкармалыктын карамагында:

  • «Вектор» кол менен атылуучу ок атуучу куралды  орнотуу (ылдамдыкты өлчөө системасы менен);
  • Ок кармоочу техникалык каражаттардын комплекти (КТСП);
  • Муздак куралдардын миздерин сыноо жана талдоо үчүн приборлор;
  • Ар кандай калибрдеги патрондорду атуучу түзүлүш;
  • VIN-номерлерин текшерүү үчүн РЕГУЛА 7505 М магнитооптикалык прибору;
  • Unitron-16205 салыштырма микроскобу;
  • Биологиялык активдүү далилдерди сактоо үчүн муздаткыч шкафы;
  • Фотоаппараттар, өлчөөчү приборлор (штангенциркуль, микрометр, рулетка ж.б.);
  • Тир, курал бөлмөсү, компьютердик жабдуулар жана башка көптөгөн нерселер.

– Сиздердин экспертиза тергөөлөрдүн жүрүшүнө таасир этеби?

– Албетте. Майда-чүйдөсүн айтпай эле коеюн, бирок биздин корутундулар көп учурда иштин бурулуш учуру болуп калат. Бул жөн гана формалдуулук эмес – бул көңүл бурулбай калышы мүмкүн болгон эң майда деталдар аркылуу чындыкты издөө.

– Кызыктуу окуялар болобу?

– Биздин жумуш кызыктуу окуялар үчүн өтө олуттуу. Ар бир иш – кимдир бирөөнүн тагдыры. Биз жеңил ойлуулукка да, катачылыкка да жол бере албайбыз. Ошондуктан ар бир ишке дайыма өтө катаал жана профессионалдуу мамиле кылабыз.

Ар бир экспертиза, ар бир из – жалпы картинанын бизди чындыкка жакындаткан бир бөлүгү. Кызыктуу окуяларды эмес, чындыкты издейбиз.