Каптагаева Гүлмира: Мээримдүүлүк менен боорукердикке үйрөтүү мүмкүн эмес, эгер адамдын жүрөгү жок болсо, аны оңдой албайсың
23 февраль

Каптагаева Гүлмира: Мээримдүүлүк менен боорукердикке үйрөтүү мүмкүн эмес, эгер адамдын жүрөгү жок болсо, аны оңдой албайсың

Мээримдүүлүк жана кайрымдуулук – бул ар бирибиздин колубуздан келе турган нерсе. Ал кичинекей иш аракеттер дагы чоң мааниге ээ болуп, кимдир бирөөнүн жашоосун жакшы жакка бураарын көрсөтөт. Бардык каармандар эле өздөрүн ачыкка чыгара беришпейт. Каптагаева Гүлмира төрт баласын жалгыз тарбиялайт, анын экөө бакма балдар, ошондой эле мышыктардын өмүрүн сактап келет. 

– Гуля эже, өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз, мышыктарга болгон сүйүү кайдан жаралды? 

– 62ге чыктым, төрт балам бар, экөөсүн багып алгам – уулдарымдын бири Москвада, ошол жакта иштеп, окуусуна акча топтоп жүрөт. Мышыктарды 10 жылдан бери багып келатам, баары кызым Акылай көчөдөн мый-мыйды таап алып, үйгө көтөрүп келгенинен башталды, биз баарыбыз аны жакшы көрүп калдык. Анан эле дагы бир уулум көчөдөгү мышыктарды үйгө алып келе баштады. Ташталган, оорукчан, сылтыган мышыктар. Ошентип 11 мышык топтодук, баарын айыктырдык, анан биз менен жашап калышты. Үй-бүлөбүздүн мүчөлөрүнө айланышты, ар биринин мүнөзү ар башка, бирок баары бирдей сүйүктүү. Андан тышкары дагы көптөгөн мышыктарды дарылап, айыктырып, анан жакшы адамдарга беребиз. 

– Ушул жылдар аралыгында канча мышыкты дарылап, акыбалын жакшыртып, башкаларга берүүгө жетиштиңиздер? 

– Бул убакыт аралыгында биз болжол менен 50 чакты мышыкты стерилдеп, камкордук көрүп, анан жакшы адамдарга бердик. Андан тышкары көчөдөгү ар кайсы жерлерде жашаган 60 чакты мышыкка тамак берип турам. Жакынкы короодогу бардык мышыктарды стерилдедим. Стерилизация – кароосуз калган жаныбарлардын, бир эле мышыктардын эмес, иттердин дагы санын көзөмөлдөөнүн эң бир натыйжалуу жана гумандуу жолу. Адамдар кош бойлуу мышыктарды тагдырдын тайгак жолуна ташташат, а мен аларды дагы стерилдейм. Бул жагынан мага Мухамед деген абдан жакшы врач жардам берет. Албетте, мунун баары аз эмес акчаны талап кылат. Кээде кожоюндары жаныбарларын стерилдеп койгонубуздан кийин кайра үйүнө алып кетишет. Эгер сен үй жаныбар кармоону чечкенден кийин, бир жолу стерилдеп же кастрациялап коюу кыйын дагы, кийин кош бойлуу жаныбарды үйүңдөн чыгарып салуу кыйын эмеспи? Жаңы туулган мый-мый менен күчүктөрдү сууга чөктүрүү жеңилби? Биз Кудай алдында алар үчүн жооптуубуз! 

– Адамдарды мэээримдүүлүккө жана жаныбарларга кайрымдуу болууга үйрөтүүгө болобу? 

– Өз тажрыйбама таянып айтсам, айрым адамдарды мээримдүүлүккө үйрөтө албайсың, бардык эле адам – адам эмес. Заардуу адамдар ошол бойдон калат. Мен үй-жайсыз мышыктарга тамак берип жатканымда, дарегиме айтылган жаман сөздөрдү көп угам. Кээ бирлер үйүңө алып кет деп айтышат, а жаныбарлар ошол жерге көнүп калышкан да. Андай адамдар менен урушуунун да пайдасы жок, мышыкка деп койгон идишти ичиндеги тамагы менен ыргытып салышат. Мен атайын тамактарды дүкөндөн өз акчама сатып алам, ал кымбат турат. Ошол аймактагы мышыктарды күнүнө эки жолу азыктандырганга аракет кылам, бирок кээде андай болбой калат, анткени жумушта болом. 

Жаныбарларга мыкаачылык менен мамиле кылгандар өтө көп учурайт. Бир жолу республикалык оорукананын жанында кичинекей мышык чуркап жүрүптүр, ыйлап, адамдарга умтулуп жатты, бирок адамдар көп өтүп жаткан көчөдө эч ким ага көңүл бурбады, дагы жакшы тебишкен да жок. Анан мый-мыйды алып кетүүмө туура келди. Же жакында эле болгон мисалды айтайын, мышыкка тамак салсам, ачка ит чуркап келди, мен аны да тамактандырдым, анан артымдан калбай ээрчип алды. Мышыктар коркконунан качып кетишти, жаныбызда толтура сосиска салынган пакет көтөргөн аялдар турушкан, ит аларга жакындап жатты, а аялдар тамеки тартып турушат, ач жаныбарды тойгузуп коюу ойлоруна да келген жок. 
Мээримдүүлү менен боорукердикке эгерде адамдын жүрөгү жок болсо, үйрөтө албайсың, ал нерсени оңдоо да мүмкүн эмес. Мен чакан дүкөндө иштейм жана тапкан акчам мышыктардын тамагына, аларды стерилизациялоого жана дарылоого кетет. Жумасына болжол менен 7-8 миң сомду тамагына коротом, а мышыктардын тамагы барган сайын кымбаттап жатат. Мен азыр 17 жерге тамак таштайм, ар биринде ар башка сандагы мышыктар бар. 

Эгерде кимдир бирөө Гуля эжеге жана анын камкордугундагы жаныбарларга жардам кылгысы келсе, каражатты төмөнкү номерге которсо болот:   0770409112 Мбанк Каптагаева Гүлмира Каптагаевна