Эмиль Ибаков: Жыргалаңда вегетариандар да эт жеп башташат!
Ысык-Көл облусунда ак чокулуу тоолордун арасында чакан Жыргалаң айылы жайгашкан, ал дүйнөнүн ар бурчунан келген экологиялык туризм сүйүүчүлөрүнүн эңсөөсүндөгү жерине айланды. Алар бул жомоктогудай кооз жерди тапталбаган жолдору, цивилизациядан обочолонгону жана бир башкача жымжырттыгы үчүн сүйүшөт. Туристтер бул уникалдуу өрөөн тууралуу кантип билип калышты жана бул жакта туризм кандайча өнүгүп, эмнеси менен саякатчыларды өзүнө тартып жатканын «Destination Jyrgalan» конок үйүнүн түптөөчүсү Эмиль Ибаков “Караван-Инфого” айтып берди.
– Эмиль Кеңешович, өзүңүз тууралуу айтып берсеңз, ушундай жерге “Destination Jyrgalan” сыяктуу туристтик эс алуу зонасын түзүү боюнча идея кайдан келди?
– Кара-Балтада иштеп жүрүп, 46 жашымда лыжа тебүүнү чечтим. Мен сыяктуу лыжа тебүүгө кызыккандар менен ишемби-жекшемби күндөрү Сосновкада, андан соң Суусамырда лыжа тээп баштадык. Бир жолу жубайым Гүлмира дем алыш күндөрү кайда эле кетип жатканыма кызыкканынан, аны да өзүм менен ала бардым. Бир жолу барды, ошону менен жубайым дагы тоо лыжасынын сүйүүчүсүнө айланды, ошентип, чогуу тебе баштадык. Акырындык менен хоббибиз бизнеске айланды. Биз Караколдо конок үйүн ачып, туристтерди кабыл алууну жөнгө салдык. Андан кийин Жыргалаңдан 30 миң долларга үй сатып алдым, бирок анда конок үй ачуу оюбузда жок болчу, жөн гана үй-бүлөбүз менен эс алып турууну пландаганбыз. Бирок ушундай болуп калды, кайра эле баары бизнеске айланды, анткени бул жерге дүйнө жүзүнөн туристтер келе башташты.
Бир жолу бизди америкалыктар көрүп калып, алардын долбооруна катышууну сунушташты, биз макул болуп катышып, жыйынтыгында жеңүүчү болдук. Таң калыштуусу ал тизмеде Каракол да жок болчу экен, ал кийин эле дестинация катары кошулду. Азыр “Жыргалаң өрөөнү” деп аталган жамаатыбыз бар. Бул жай 2014-жылдан бери иштеп келатат.
– Ал долбоордун алкагында эмнелер жасалды?
– Алар сайтыбызга демөөрчү болуп, ММКларга жана соцтармактарга жарнама чыгарып беришти, учурдагы конок үйүбүздү курууда курулуш материалдарынан көмөк көрсөтүштү.
– Эми сиздерди баары ошол сайт аркылуу билип жатышабы?
– Ооба, сайт аркылуу дагы, ошондой эле сарафан радиосу да иштеп жатат. Бул жакка келген туристтер кийинкиде сөзсүз экотуризмди жактаган дагы бир таанышын ээрчите келишет же тааныштарына биздин өрөөн тууралуу жакшы пикирлерин айтып барышса, алар өздөрү келишет.
– Негизинен дүйнөнүн кайсы өлкөлөрүнөн келишет?
– Бизде география абдан кеңири. Кайсы жактан келбейт деп айтуунун өзү кыйын. Менимче, бул жерге дүйнөнүн бардык бурчунан туристтер келишти.
– Аларга эмне көбүрөөк жагат?
Жаратылышыбыз, кышында ак карга чүмкөлгөн, бийик карагайлуу тоолор, анан албетте, жапжашыл болгон жайкы пейзаж, таза аба. Аларга бул жердин тынч, жымжырт экени да жагат, толтура адам жүрбөйт, анткени өтө өнүккөн туристтик жайларда кээде адамдын көптүгүнөн бирин бири жөөлөп өтүп калышат эмеспи. А бизде тоо трекингге баратканда, бир тирүү жанды көрбөйсүң, так ушул нерсе туристтерди укмуштуудай сезимдерге батырат.
– А элибизчи, аларга жагабы?
– Кантип жакпасын, дипломатия каныбызда бар эмеспи. Биз абдан меймандос элбиз. Боз үйдө жашаган чабандарыбыз үйүнө ар бир жолоочуну киргизип, сөзсүз тамактандырат, керек болсо түнөтөт. Бирок кээде бул нерсе биз үчүн терс роль ойноп коет. Анткени, ошондон кийин чет өлкөлүктөр бизден: “Эмнеге сиздерде абдан кымбат?” – деп сурап калышат. Мен: “А эмнеге арзан болушу керек?” – деп жооп берем. А алар кечээ боз үйдө акысыз тамактанышканын айтышат (күлөт).
– Биздин тамак-аштар табиттерине туура келип жатабы?
– Ооба, биздин ашкана аларга абдан жагат. Ал турмак өздөрүн вегетариан деп атагандар дагы бул жерде эт жеп башташат. Сиз кечээ буга күбө болбодуңузбу (жылмаят). Бизде тамак-аш даамдуу жасалат, анан калса баары – эт, сүт ж.б. экологиялык жактан таза азыктар. Эмнеге алар вегетариан болушту? Аларда азыктар, ошол эле этке ар кандай кошулмалар кошулуп, такыр эле даамсыз болуп калат да. Мен көптөгөн өлкөлөрдө болгом, ошондуктан эмнени айтып жатканымды билем. А биздин чабандардын малдын азыгына кандайдыр бир кошулмалар кошулаарынан да кабары жок.
– Сиздин конок үйдө эс алуу канча турат?
– Суткасына 35-40 доллар. Анын ичинде түнөө, 3 жолку тамактануу, тейлөө жана мончо да кирет.
– Транспорт жагы кандай каралган, бул жакка жетүү оңой элеби?
– Караколдон Жыргалаңга жана кайра артка күнүнө үч жолу маршруттар катташат. Ошондой эле такси кызматынан да пайдаланууга болот.
– “Үч чоку” тоо-лыжа кластери түптөлөөрүнөн кабардар болсоңуз керек. Долбоордогу чокулардын бири – Жыргалаң. Буга кандай карайсыз?
– Президентибиздин аракети менен “Үч чоку” жаңы долбоору ишке киргизилүүдө. Бул жакка француз адистери келишти, алар менен сүйлөштүм. Бул долбоорго мен дагы салымымды коштум: мен аларга кандай кылса жакшы болооруна кеңеш бердим. Алар менин сунушумду угуп, кабыл алышты, анткени, бул жакта жашаганыма көп болду, жерди жана өрөөндү жакшы билем. Бир жолу Паскаль мырзадан (S3V (Société de Trois Vallees) француз компаниясынын башкы директору Паскаль де Тьерсан –ред): “Бул тоолор тууралуу эмне айтасыз?” – деп сурасам, ал: “Эгер мисалга алсак, дүйнөдө тоо-лыжа курортун курууга ылайыктуу 10 тоо чокусу болсо, анын бири ушул Жыргалаң!”, - деди. Анан калса, ал Жыргалаң тизменин аягында эмес, биринчи бештикте жазылганын айтты.
– Бул жергиликтүү тургундардын жашоосуна кандай таасирин берет?
– Бул жерде инфраструктура өнүгөт, жаңы жумушчу орундары түзүлөт. Бирок ошол эле убакта бир аз капаланып кетем, мында эми адамдар да көп болот.
– Мен да ушул тууралуу айтайын дегем. Бул жер өзүнүн атмосферасын жоготуп койбойбу? Ушунчалык тынч, жымжырт жер экен, ал турмак сакралдык жер деп да айта алам, жогоруда белгилегенибиздей, бул өрөөндүн өзгөчөлүгү да так ушунда эмеспи?
– Бул айылдын калкынын саны миңдин тегерегинде жана долбоордун шарапаты менен алардын жашоо-турмушу жакшырат. Жалпы Кыргызстанга акча ага баштайт, анткени туризм – киреше чакыруучу бизнес. Мен деле капаланып жатам, бирок өлкөбүз экономикалык жактан өнүгүшү керектигин түшүнөм. А мен болсо мындан да бийигирээк, тоолорго көчүп кетем – адамдардан жана цивилизациядан алысыраак болуп. Ошол жакка туристтик жай курабыз. Курулушун баштап койдум. Ал жакта укмуштуудай таң калаарлык жана керемет жаратылыш орун алган. Мага, ошол жакка келгиле!
Назгуль Нурманбетова
