Виктор Ляшевский: Кыргызстандын франшиза рыногунда регионалдык лидер болууга мүмкүнчүлүгү бар
12 май

Виктор Ляшевский: Кыргызстандын франшиза рыногунда регионалдык лидер болууга мүмкүнчүлүгү бар

Бишкекте Борбор Азиядагы инвестиция тармагындагы эң ири иш-чара болуп өттү – «Central Asian Franchising & Business Expo» көргөзмөсү. Анын негизги темасы франчайзинг болду – бир тарап экинчи тарапка ишкердиктин белгилүү бир түрүнө укук саткан келишимдин түрү. Кыргызстандагы франшиза рыногунун артыкчылыктары жана көйгөйлөрү тууралуу көргөзмөнүн россиялык конокторунун жана катышуучуларынын бири, франчайзинг, бизнести масштабдоо жана өнүктүрүү стратегиялары боюнча эл аралык эксперт Виктор Ляшевский ой бөлүштү:

– Башында көргөзмө жөнүндө бир-эки сөз айтып кетейин. Ал КМШ өлкөлөрүнүн Борбордук Азия соода палаталарынын колдоосу менен өткөрүлүп, уюштуруучулар тарабынан пландаштырылган жана макулдашылган үч акциянын биринчиси болуп саналат: экинчи ушундай эле экспозиция 28-29-майда Ташкентте, үчүнчүсү – 14-июнда Алматыда өтөт. Бишкектеги иш-чарага миңден ашык бизнес-структуралар, 50 бренддин өкүлдөрү катышты. Бирок кеп масштабда эмес, көргөзмөнүн ачылышында айтылган ниетте. Иш жүзүндө бардык катышуучулар франшиза рыногунда күч-аракеттерди бириктирүүгө ниеттенишүүдө.

– Сиздин оюңузча, бул Борбор Азияга жана өзгөчө Кыргызстанга кандай пайда алып келет?

– Франчайзингди борбор азиялык аймактык деңгээлде бириктирүү анын катышуучуларына ийгиликке жетүүдө уникалдуу мүмкүнчүлүк берет, анткени аймактын өлкөлөрү окшош тарыхка жана маданиятка ээ, ошондой эле көп жагынан экономикалык абалы окшош. Ошол эле учурда, ар бир республикада көптөгөн уникалдуу франчайзингдик концепциялар бар, алардын ар бири өзүндөгү жана кошуналарындагы бизнести өнүктүрүүгө жардам берет. Демек, Бишкектеги Борбор Азия франчайзинг көргөзмөсү сыяктуу иш-чаралар жашоонун ар кандай чөйрөлөрүндө: билим берүү системасынан баштап коомдук тамактануу тармагына чейинки оригиналдуу бизнес-концепциялар менен алмашуу аянтчасы болуп саналат.

– Борбордук Азиядагы франшизалар менен болгон көйгөйлөрдүн себептери бирдей деп айтышат?

– Алар сиздин регион үчүн гана эмес, бүткүл КМШ үчүн бирдей. Менин Бишкектеги франшиза көргөзмөсүнүн ачылышында окуган докладым ушуга арналган. Кыскача айтканда, мен өз сөзүмдө Россия элдик чарба жана мамлекеттик кызмат академиясы (РАНХиГС), Алматы менеджмент университети жана кээ бир франчайзинг ассоциациялары менен биргеликте, Шериктештик өлкөлөрүндөгү франчайзингдеги көйгөйлөрдүн себептери 2021-жылга салыштырмалуу өзгөрбөгөнүн айттым. Биз эки жарым миң компанияга сурамжылоо жүргүздүк жана сурамжылоонун жыйынтыгында иштеги кыйынчылыктардын жана ийгиликсиздиктердин негизги себептерин аныктадык.

– Алардын айрымдарын атай аласызбы?

– Биринчиси – франшизаларды башкаруунун ойлонулбаган системасы. Кээ бир ишкерлер: «Менин бизнесим бар жана аны кантип курууну билем. Мен болгону өнөктөштөрүмө долбоорумду кооз көрсөтүп, бизнес-план жазып, өнөктөштүк келишимин түзүшүм керек», - деп ойлошот. Бирок чындыгында, мунун баары айсбергдин үстүнкү бөлүгү гана, ал эми «суу астында» эң татаал нерсе жашырылган. Атап айтканда, франчайзинг процессин жана анын катышуучуларынын ишкердик мамилелерин көзөмөлдөө маселелерин чечүү керек. Эгерде алар өз убагында чечилбесе, франшиза иштебейт: эртеби-кечпи анда белгилүү бир кыйынчылыктар пайда болот.

Экинчи себеби – ойлонулбаган каржылык модель, анткени франчайзинг компаниясынын менеджери канча сарптайт жана канча табат, ошондон көп нерсе көз каранды. Бул болсо, чындыгында, негизги маселе. Эгерде ал чечилбесе, компания киреше жетиштүү болгон, бирок франчайзерлерине формалдуу кызмат көрсөтө албаган абалга кептелет, себеби бул үчүн чыгымдар келишимде каралган эмес. Же тескерисинче, бардык кызматтарды көрсөтүүдөн улам мындай чыгымдар көп, бирок кирешелер чыгымдарды жаппайт.

Үчүнчү себеби – франчайзинг үчүн тандоонун жоктугу.

– Сиздин айтканыңыздан бардык эле ишкер өзүнүн франшизасын түзө берүүсү максатка ылайыктуу эмес деген тыянак чыгарсак болобу?

– Баарына деп айтпайын, бирок көбү үчүн аны түзүү зыян болуп калышы ыктымад. Бул жерде негизги нерсени түшүнүү маанилүү: франшиза – бул өзүнчө максат эмес, бизнесиңизди өнүктүрүү куралы. Эгерде франчайзинг бизнеске күч берсе, мисалы, сизге өз алдынча иштей албаган кардарларга жетүүгө жардам берсе же франчайзилер тармагы менен биргеликте ишке ашыра турган федералдык келишимдерди тартууга мүмкүндүк берсе, анда франшиза түзүүгө арзыйт. Эгер сиз жөн гана баштапкы төлөмдөрдөн акча тапкыңыз келсе, анда франшиза кылбаганыңыз оң. Франшиза – бул узак мөөнөттүү өнөктөштүк экенин, ал эми ар бир франшизалык пункт – бул сиз өзүңүздүн франчайзиңиз менен өнөктөштүктө ачкан бизнес экенин эстен чыгарбоо керек. Узак жылдар бою өсө турган күчтүү франшизалык тармакты ушундай жол менен гана курууга болот. Ал эми баштапкы төлөмдөрдөн акча табуу үчүн гана түзүлгөн франшиза-көбүктөр көпкө жашабайт, аларды терс пикирлердин көчкүсү көмүп коёт.

– Сиздин кардарларыңыз кетирген эң көп каталар кайсылар?

– Эң көп кетирилген ката – кардар бизге бир чемодан акча менен франшиза сатып алуу үчүн келгени. Биз келишим түзөбүз, бирок кийинчерээк так ошол кардар бир катар параметрлер боюнча ушундай бизнести жүргүзүүгө ылайыксыз болуп чыгат. Анткени франчайзер – бул жөн гана каражат берүүчү эмес. Ал бизнести башкаруу менен да алектенет. Эгерде андан бул нерсе чыкпаса, долбоор ишке ашпай калат. Баштапкы этапта эле пайда болгон мындай системалык каталар эки жылдан кийин билинет, франчайзи – башкача айтканда, франшизаны сатып алган өнөктөш начар иштеп, бул бизнесин жабууга аргасыз болот. Же компаниянын башкаруучусу карызга алынган брендди кантип колдонууну толук түшүнбөгөн болуп чыгат. Жакында эле РАНХиГСтин изилдөөлөрүнө ылайык, франчайзерлердин 76%ы алардын өнөктөштөрү франчайзингдик тармактан чыгып, өз бизнесин өз бренддери менен улантат деп кооптонушат. Ал турмак бир эле франшиза – концепциясы беш жолу уурдалган күлкүлүү окуя да болгон.

– Бишкектеги көргөзмөгө барып, жергиликтүү франшиза рыногу менен кенен таанышкандан кийин, бул тармакта иштеген кыргызстандык ишкерлерге жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен бизнести куруу үчүн  кандай кеңеш бере аласыз?

– Өлкөңүздөрдүн чакандыгын жана калкы 7 миллиондон бир аз ашканын эске алуу менен төмөнкүнү сунуштай алам: сиз маркетинг аркылуу потенциалдуу франчайзилердин чоң агымын түзөсүз, андан кийин алардын ичинен эң мыкты талапкерлерди тандайсыз. Мында тандоо куралдары абдан көп. Ошондой эле келишим түзүлгөнгө чейин эле мындай бүтүмдөрдүн катышуучулары аткара ала турган кичинекей тапшырмалар бар: жай издөө, рынокту баалоо ж.б. Андан сырткары бренддин ээси менен жолугушуулар. Fit Serviceте 6 күнгө созулган окутуу болот, андан кийин франчайзи менен келишим түзүү керекпи же жокпу – өзүңүз чечесиз. Куралдар ар кандай, эң негизгиси - өзүңүзгө ылайыктуу идеалдуу франчайзинин портретин түзүп, ага ылайык тандоо куралдарын караштыруу керек.

– Кыргызстандын франчайзинг рыногу менен таанышуу учурунда сизде кандай жакшы таасирлер калды?

– Мен франчайзинг менен 2009-жылдан бери алектенип келем. Ушул убакыттын ичинде жүздөн ашык франчайзингдик тармактарды юридикалык, техникалык жана аналитикалык жактан даярдадым. Мындай кызмат бизнес тилинде «таңгактоо» деп аталат. Ошентип, кээ бир тармактарды мен дээрлик нөлдөн баштап «таңгактадым». Эгерде ушундай тажрыйбаны эске алуу менен сиздин өлкөңүзгө болгон сапарымдан алган таасирлерим жөнүндө айтсам, анда биринчи кезекте мындай кызматтын сиздерде, Кыргызстанда дагы барган сайын суроо-талапка ээ болуп жатканын көрүп жана түшүнүп кубандым, муну Бишкекте франчайзинг боюнча биринчи борбор азиялык көргөзмөнүн өткөрүлүшү да далилдеп турат. Эң башкысы ушул жетишкендиктер менен токтоп калбоо керек, анткени Кыргызстан франчайзинг рыногунда аймактык лидер болууга жөндөмдүү өлкө катары жакшы потенциалга ээ.

Маектешкен Андрей Токомбаев