Чолпон Азылова: Лизингдин кредитке салыштырмалуу артыкчылыктары
Биздин муунга каржылык коопсуздук үчүн зарыл болгон финансылык билим жетишпейт, деген америкалык ишкер Роберт Кийосаки. Бул чындык. Бизнести ийгиликтүү жүргүзүү үчүн ишкер лизинг же кредит сыяктуу каржылык инструменттерди жакшы түшүнүшү керек. Андыктан “Караван-Инфонун” окурмандарына “Лизинг Экспресс Финанс” ЖЧКсынын директорунун сатуу боюнча орун басары Чолпон Азылова каржы боюнча чакан түшүндүрмө берди. Ал лизингдин кредиттен айырмасын жана артыкчылыгын, ошондой эле бул каржылык продуктуларды кантип ийгиликтүү колдонуу керектигин айтып берди.
– Өзүңүз жөнүндө кыскача айтып берсеңиз, эмне үчүн негизги ишмердигиңиз катары каржы тармагын тандап алдыңыз?
– Мен мугалимдин үй-бүлөсүндө чоңойгом, учурда эки жакшынакай баланын энесимин. КР Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясынын МВА бөлүмүн аяктагандыктан жеке сектордо иштеп, ишкерлерге жардам бергим келчү. Ошентип, эмгек жолумду «Казкоммерцбанк Кыргызстан» ААКсында иштөө менен баштадым. Ал мага чакан жана орто бизнестеги кардарлар менен иштөөдө фундаменталдуу билимдерди жана тажрыйбаларды берген күчтүү мектеп болуп калды. Андан кийин өз тармагында уникалдуу институт болгон – “BT Innovations” Каржы Фондунда иштөө бактысына ээ болдум. Анын уникалдуулугу – фонд Кыргызстан рыногунда инновациялык финансылык продуктуларды жайылтууда жана ишке ашырууда, мындайча айтканда, пилоттук долбоорлорду түзүү жана ишке ашыруудагы лабораторияга айланган. Мисалы, каржы тармагында биринчилерден болуп финансылык лизинг сыяктуу продуктуну ишке киргизди. Биздин ийгиликтүү тажрыйбаны башка коммерциялык банктар да кабыл алышты. Андан тышкары Фонд биринчилерден болуп Equity financing продуктусун сунуштаган, б.а. компаниялардын капиталына кирүү.
Бул жаатта иштөөгө негизги мотивация жаңы финансылык продуктуларды жаратууга, ар кандай долбоорлорду каржылоо аркылуу кардарлардын бизнесин колдоого салым кошконум жана алардын жеке экономикалык өсүүсүнө байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү болду. Фонддогу кредиттик жана лизингдик блокту көзөмөлдөө менен өлкөбүздүн дээрлик бардык булуң-бурчтарында жана чет өлкөлөрдө болдум, көптөгөн кызыктуу бизнес долбоорлорду изилдеп, ишке ашырдым.
– Азыр кайда иштейсиз?
– Учурда leasing.express лизинг компаниясында иштейм, анын курамына Central Asia Capital ири инвестициялык фонд кирет. Бизден башка фонддо SunRent, “Бери Заряд!”, express.auto жана Калпты аныктоо борбору сыяктуу ийгиликтүү долбоорлор бар. Биздин leasing.express компаниябыз салыштырмалуу жаш болсо да – ушул жылы 5 жылдыгын белгиледик – бул убакыт аралыгында каржы лизингинин алкагында 1000 автоунааларды жана атайын техникаларды берип жетиштик. Биздин кызмат көрсөтүүлөр ишкердик менен алектенген юридикалык жана жеке жактардын арасында да суроо-талапка ээ.
Кошумчалай кетсем, мен “Ага Хан” өнүктүрүү тармагынын (AKDN) Борбордук жана Түштүк Азиядагы Accelerate Prosperity инвестициялык бизнес- акселераторунун инвестициялык комитетинин көз карандысыз мүчөсүмүн. Бул акселератордун максаты өсүп келе жаткан чакан жана орто бизнести, анын ичинде стартаптарды колдоо болуп саналат. Программа экономиканын ар түрдүү тармактарында, мисалы, IT, билим берүү, туризм, өнөр жай, жашыл экономика ж.б.у.с. акселерация программаларын жүргүзөт. Акселерациянын натыйжасында бир нече компаниялар 50 миң АКШ долларына чейин инвестиция алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
– Бул долбоорго катышуу менен сиз ишкерлерибиздин потенциалын баалай алдыңызбы?
– Ооба, албетте, биздин чакан жана орто бизнесте өлкөнүн экономикасынын негизги кыймылдаткычтары болгон эбегейсиз зор потенциал бар. Дагы бир жакшы нерсе, Кыргызстандын эң алыскы аймактарында аялдар жана жаштар бизнеске көбүрөөк тартылып жатат. Кошумчаласам, көптөгөн компаниялар акселерациядан өтүп, инвестиция алгандан кийин өз ишин жакшыртып, жада калса пордукцияларын экспортко чыгарышат.
– Каржы лизинги чакан жана орто бизнеске кантип жардам берет, анын артыкчылыгы эмнеде?
– Лизинг каржылык инструмент катары Батыш жана коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда жаңы түшүнүк. Бирок ошол эле учурда Кыргызстанда лизингдик операциялардын көлөмүнүн оң тенденциясы байкалып жатканын да белгилегим келет.
Эгерде 2012-жылы бардык операциялардын көлөмү 1,7 миллион АКШ долларына жана келишимдердин саны 347ге жетсе, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 80 миллион АКШ долларын түзгөн 3 миңге жакын келишимдер түзүлгөн. Бул ишканалардын арасында суроо-талаптын зор экендигин ачык-айкын көрсөтүп турат. Негизинен лизинг аркылуу курулуш жана жол техникалары, транспорт каражаттары жана айыл чарба техникалары сатылып алынат.
Бизнес дүйнөсүндө көптөгөн компаниялар операциялык маселелерди чечүүгө аргасыз жана эреже катары, жүгүртүү жана инвестиция капиталынын жетишсиздигине дуушар болушат. Атаандаштык шартында компанияларга өз жүгүртүүсүн сактоого туура келет, ал эми андай абалда жабдууларды жана негизги каражаттарды сатып алуу үчүн бизнестен ири сумманы чыгаруу оңой эмес, бул өзгөчө чакан жана орто ишканалар же жеке ишкерлер үчүн кыйынга турат. Мындай учурда каржы лизинги жардамга келет. Анын шарапаты менен ар кандай компаниялар автоунаа, атайын техника же башка жабдыктарды кийин сатып алуу укугу менен узак мөөнөткө ижарага ала алышат.
– Биз азыр компаниялар тууралуу айтып жатабыз, а жеке жактар бул каржы инструментин колдоно алышабы?
– Ооба, албетте. Кыргыз Республикасынын мыйзамдык базасына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эми лизингди ишкердик жүргүзүүчү юридикалык жактар да, жеке жактар да пайдалана алышат. Мисалы, “Лизинг Экспресс” компаниясында аз сандагы документтерди топтоп, лизингге алынган буюмдун наркынын 20-25 пайызын алдын ала төлөө жетиштүү. Калганын компания өзүнө алат жана лизингге алынган буюмду кардар үчүн сатып алат. Кардарлар мүлктүн баасын 5 жылга чейин төлөп, ижара төлөмдөрүн жүргүзүп, акырындык менен мүлктү менчикке чыгарышат.
– Бирок кредитке деле алса болот да, кадимки кредит менен лизингдин айырмасы эмнеде, лизинг эмнеси менен пайдалуу, түшүндүрүп бере аласызбы?
– Лизингдин кредиттен айырмасы, кардар колуна акчаны эмес, дароо эле керектүү мүлктү – автоунааны, техниканы же жабдууларды алат. Биз өзүбүз бул мүлктү сатуучудан сатып алып, кардарга кийин сатып алуу укугу менен узак мөөнөткө ижарага беребиз.
Лизингдин кредиттен негизги артыкчылыктары:
1. Салык үнөмдөөлөрү: толук төлөнүп бүткүчө мүлк лизингдик компаниянын балансында болот, ошондуктан кардар мүлк салыгын төлөбөйт. Мындан тышкары, лизингдик төлөмдөр салыктык базаны азайтат, анткени алар чыгаша болуп эсептелет.
2. Күрөө талап кылынбайт: кредиттен айырмаланып, кардар күрөөгө мүлкүн койбойт. Ижарага алынган буюмдун өзү келишимди камсыздоочу катары эсептелет.
3. Дилерлерден кепилдиктер: эгерде мүлк ыйгарым укуктуу дилерлерден сатылып алынса, ага кепилдик кызматы көрсөтүлөт, бул бузулуу тобокелдигин жана оңдоого кеткен чыгымдарды азайтат.
4. Милдеттүү камсыздандыруу: лизингге алынган бардык мүлк келишим соңуна чыкканга чейин камсыздандырылган. Бул кардарды күтүлбөгөн чыгашалардан коргойт.
5. Сапат жана ишенимдүүлүк: leasing.expressте биз сатылып алынган мүлктү комплекстүү текшеребиз. Мүмкүн болгон кемчиликтерди же билинбеген бузулууларды аныктоо жана аларды жоюу үчүн аккредиттелген тейлөө станциясында техникалык кароо жүргүзүлөт. Юридикалык текшерүү келишимдин коопсуз болушу үчүн каттоо маалыматтарынын туура келишин жана унаанын тарыхын изилдөөдөн тартып бардык негизги аспектилерди камтыйт. Мындай мамиле кардарларыбызды алган мүлкү техникалык жактан гана ишенимдүү болбостон, юридикалык жактан да коопсуз экенине ынандырат.
Андан тышкары, лизинг – бул тез жана ыңгайлуу процесс: документтердин аздыгы, кыска убакытта карап чыгуу жана ачык-айкын шарттар. Ошентип, лизинг – бул убактысын баалаган жана кредитти каттоого байланышкан ашыкча татаалдыктардан качкысы келгендер үчүн идеалдуу инструмент.
– Сиздин профессионалдык көз карашыңызда, кредит жана лизинг ашыкча көйгөйбү же жардамбы? Сиз аларды алууга кеңеш берет белеңиз?
– Кредит жана лизинг – бул сиз аларды кандайча колдонгонуңузга жараша пайдалуу да, кыйын да болушу мүмкүн болгон инструмент. Эгер сиз өзүңүздүн каржылык мүмкүнчүлүктөрүңүздү кылдаттык менен баалап, жабдууларды же унааны сатып алуу кирешеңизди кандайча көбөйтөөрүн алдын ала эсептеп чыксаңыз, анда мындай инструменттер бизнести өнүктүрүү үчүн эң сонун жардамчы боло алат. Башкысы, алдын ала бизнес-план даярдап, бир нече сценарийди эске алуу керек.
Кредит, лизингди сабаттуу пайдаланган ишкерлер ишмердүүлүгүн тартипке салып, чыгашага жоопкерчиликтүү мамиле жасай турганын көп байкадым. Бирок эгерде кредиттик каражаттар максатсыз пайдаланылса, мисалы, керектөөчүлөрдүн муктаждыктары же кирешени баалоо өтө оптимисттик болсо, бул финансылык кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн.
Мында тең салмактуулукту табуу зарыл: өзүңүздүн эсептөөлөрүңүзгө ишенгениңизде гана тобокелчиликке барсаңыз болот жана ар кандай каржылоо ойлонулган мамилени талап кыларын унутпаңыз. Финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана кирешелер менен чыгашаларды эсепке алуу ката кетирүүдөн качууга жана туура тандоо жасоого жардам берет.
– Маегибиздин аягында, окумандарыбызга эмне каалайт элеңиз?
– Баарыңыздарды келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм, бекем ден соолук, койгон максаттарга жетүүңүздөрдү, жашоодон ырахат алууңуздарды, сүйүктүү ишиңиздер менен алектенүүнү, жумуш, бизнести жашоонун үй-бүлө, спорт, саякат, хобби сыяктуу башка тармактары менен айкалыштыра билүүңүздөрдү каалайм. Анткени жашоо абдан кызыктуу жана көп кырдуу эмеспи!
