Эң көп жаракатты электр самокаттарын сүйүүчүлөр алышат, - дарыгер
17 сентябрь

Эң көп жаракатты электр самокаттарын сүйүүчүлөр алышат, - дарыгер

“Абайлагыла, электр самокаттары!” – травматолог-ортопед дарыгер Кубанычбек уулу Мирлан эскертет. Ал “Электр самокаттары жана жаракаттар” темасында башка дагы бир катар суроолорго жооп берди. 

-Учурда көп жаракаттарды электр самокаттарын сүйүүчүлөр алып жатышат. Велосипедчендер дагы кагылышуудан улам жаракат алышат. Жыгылып баратканда көбү эмне туш келсе ошого таянышат, ошондуктан өзүңдү топтой билүүгө үйрөнүү керек. 

- Жыгылып бараткан адам өзүн топтой алабы? 

- Спорттун кайсы бир түрү менен алектенген адамдар аны билишет. Даярдыксыз адам, албетте, билбейт. Ага кошумча бизде жолдор ылайыксыз, көп жерде электр самокатын жана велосипед айдагандар үчүн атайын тилке жок, ошондуктан баары жөө жүргүнчүлөр жүргөн жолдо айдашат дагы, кагылышуулар орун алса, жөө жүргүнчүлөр да жабыркашат. 

Андан башка дагы бизге тиричилик жаракаттарын алган адамдар көп кайрылышат. Алар столдон, отургучтан кулап кетишкен болушат, анткени жайында оңдоо иштери башталат эмеспи. Эч бир адам кырсыктан кепилдендирилген эмес. 

- Күнүнө канча бейтап кабыл аласыздар? 

- Кышында жана жазында күн сайын мен амбулатордук негизде болжол менен 15тей кишини көрөм. Бизге ар түрдүү жаракаттар менен келишет. Жайында, эреже катары, 2-3 -даражадагы тизе жана ийин муундарынын артрозу өнөкөт оорулары козголот. Кышында мындай дарты бар адамдар бир топ катуу болот жана аз кыймылдайт.

 - Шашылыш жардам көрсөтүү керек болгон бейтаптар да кайрылышабы? 

- Негизинен электр самокаттарынан жана жол кырсыгынан кырсыктагандарга шашылыш жардам көрсөтүү керек болот. Мындай жабыркагандардын көбү өспүрүм курактагы балдар жана кыздар. Жаштар коркууну билишпейт, аларда өзүн сактоо инстинкти жок, кээде алар ооруну сезбей, сынган жерин байкабай да калган учурлар болот. Эки айда мен беш адамдын башындагы жаракаттарды тиктим. Бизде туруктуу бейтаптар да бар, алар дайыма үй-бүлөсү менен, айрым учурда жөн гана кеңешип, сүйлөшүү үчүн эле келип турушат.