Акан Иманов: Дүйнө өзгөрүп, мигранттарга мамиле катаалдай баштады
24 июнь

Акан Иманов: Дүйнө өзгөрүп, мигранттарга мамиле катаалдай баштады

Инвестиция жана миграция – бир гана Кыргызстандын эмес, дүйнөнүн башкы маселелеринин бири. Миграция дүйнө жүзүн каптоодо, мындан улам өнүккөн өлкөлөр туш-туштан агылган агымга кандайдыр бир чектөөлөрдү коюуга умтулууда. Алар кыргызстандыктардын жашоосуна кандай таасирин тийгизет? Ал эми инвестиция тартууда эмне маанилүү? Эксперт Акан Иманов Караван-Инфо менен болгон маегинде башкы маселелердин тегерегинде ой калчады.

– Айрым адамдар Кыргызстанга Кытайдан башка инвестициянын агымы бурулбай жатат деген ойлорун айтышууда. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

– Кыргызстанга Кытай өлкөсүнөн башка инвестициялык агымдын бурулбай жаткандыгы көп көрсөткүчтөргө байланыштуу болууда. Мисалы, инвесторлорду сот тутумунун көз карандысыздыгы, жеке менчикти коргоо жана инвесторлорго түзүлгөн шарттар, салык жеңилдиктери сыяктуу багыттар кызыктырат. Бюрократиядан качышат. Дүйнөдөгү ири ишканалар керек болсо жарым кылым алдыга ойлонуп каражаттарын тобокелдиктерсиз колдонууну көздөшөт. Ар бир өлкөнүн тарыхына, учурдагы абалына көз жүгүртүшүп «жети өлчөп бир кесишет».

Биздин мамлекет алардын критерийине жооп берсе келишет, жооп бербесе биз аларды чакырган бойдон кала беребиз. Стабилдүүлүк дагы чоң ролду ойнойт. Ири инвесторлорду болсо көбүнчө тез актай турган долбоор кызыктырат да. Көрүп атпайлыбы нефть, алтын казуу сыяктуу багыттарга инвесторлор кезекке турушат, керек болсо. Андай кен байлыгыбыз жок болгон соң адам ресурстарын колдой турган багыттарга басым жасалса жакшы болмок. Өнүккөн өлкөлөрдөгү элчилерибиз туризмден тышкары да багыттар бар экенин унутпашы керек. Учурда Италия жана Германиядагы элчилерибиздин аракеттери бардай. Демек, арышты кеңейтип иш алып барышы керек. Бардык нерсени кадрлар чечет.

– Баса, акыркы мезгилде Россиядан үйлөрүнө кайткан мигранттарыбыз көбөйүп жатат. Ошол эле мезгилде АКШ да Кыргызстандын жарандарына чектөө коюуда. Мындай кысымдардын келечегибизге терс таасири тийбейби?

– Дүйнө өзгөрүп атат. Керек болсо союздаш өлкөлөрдүн бизге карата мамилелери өзгөрүп, мигранттарга мамилелери катаалдады. Санаалаш мамлекеттер антип атса, анан демократиялык баалуулуктарды жана мыйзамдуулукту талап кылып келген үлкөн державалар биздин кызыкчылыктарды карап отурушмак беле.

Эгер АКШ визалык чектөө кадамына барса, бул биз үчүн жоготуу болот. Миңдеген атуулдарыбыз Америкада эмгектенишүүдө. Ал өлкөгө барып билим алсак же туугандарына барып саякаттасак деген, бизнес багытында же тажрыйба алмашуу жаатында жакшы алакалар жүрбөй калса, терс таасири тийген болот да. Анан дагы намыстанткан жери – Африка өлкөлөрү менен бир тизмеге кирип калышыбыз мүмкүн экендиги. Биздин элибиз андай мамилеге татыксыз.

Адам ресурсуна басым жасаган биздей кичинекей мамлекетке чектөө киргизүү акылга сыйбай калат го. Андан көрө көбүрөөк эшигин ачып элибизге мүмкүнчүлүктөрдү берсе жарашмак.