Тилек Султангазы уулу: Сымаладан идиш жасоо, туулган күндү өзгөчө өткөрүү – Соцконтракттын катышуучуларынын өзгөчө идеялары
2022-жылы Кыргызстанда «Социалдык контракт» ишке кирген. Анын негизинде жөлөк пул алып келген аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бир жолку 100 миң сом өлчөмүндөгү каражат алышып, жөлөкпулдан баш тартышкан. 100 миң сомго алар жеке ишкерчилигин ачып, ар кимиси өзүнө ыңгайлуу багытты тандашкан. Алар бүгүнкү күндө кандай деңгээлге жетишти? Бутуна туруп кеткен катышуучулар көп болдубу же орто жолдон артка кайткандарбы? Бул боюнча Караван Инфого Ат-Башы райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Тилек Султангазы уулу маалымат берди.
– Биринчи райондогу жумушсуздук деңгээли тууралуу айтып берсеңиз. Жумушсуздук маселеси чечилип жатабы?
– Биздин райондо 2024-жылдын 31-декабрына карата жалпы жумуш издеп катталган жарандардын саны 879 болсо, жумушсуздуктун расмий түрдө статусун алгандар 572и түзгөн. 269 адамга бош жумуш орундары, кыска мөөнөтүү окуулар жана коомдук жумуштар боюнча кенеш берилди. Анын натыйжасында, 110 жумушсуз жарандар акы төлөнүүчү коомдук жумушка тартылып, убактылуу жумуш орундары менен камсыз болушкан. Ал эми 187 жаран кыска мөөнөттүү окууга жиберилип, тигүүчү, үй-шартында мал доктур, үй-шартында сүттү кайра иштетүү, ошондой эле компьютердик курстардын сертификаттарына ээ болушту. Андан сырткары БУУнун Азык- Түлүк программассынын алкагында «Социалдык контракттын» 35 катышуучусу үй-шартында мал доктур, үй-шартында сүттү кайра иштетүү боюнча кыска мөөнөттүү окуудан өтүштү. Жана алардын ар бири айлык акы катары 15 литр май жана 150 кг ун алышты.
БУУнун Азык түлүк программасы боюнча райондун аймагындагы айыл өкмөттөрү менен биргеликте 33 долбоорлор жазылып, 16 долбоор ишке ашырылды. Жогорудагы долбоорлорду ишке ашыруу менен жалпысы 359 аз камсыз үй-бүлө убактылуу иш менен камсыз болушуп, эмгек акысына 102 450 кг ун жана 10245 литр май алышты.
Ошондо, 2024-жылы Ат-Башы району боюнча катоого алынган жумушсуздардын ичинен 150 адам туруктуу жумуш орундары менен камсыз болушту. Ал эми социалдык контракт алган жарандар 328, коомдук жумушка тартылган жарандар 150 жана БУУнун азык-түлүк программасы менен иштеген жарандар 359 адамды түзүп, жалпысы 837 жаран эмгекке тартылган.
Ал эми 2025-жылдын башынан бери каттоодо турган 35 жумушсуздар туруктуу жумуш орундары менен камсыз болушту.
– Сиз атаган жумуш менен камсыз болгон жарандардын арасында майыптуулугу бар адамдар барбы?
- Майыптуулугу бар адамдарды жумуш менен камсыз кылуу боюнча Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы 2023-жылдын 29-декабрында №321 буйругун чыгарган. Анын негизинде райондун аймагында жайгашкан мекеме-ишканаларга КР Эмгек кодексине ылайык, квота берилген. 2024-жылга берилген квота боюнча жеке ишкер Турдалиева Дамиранын кондитердик цехине 2-топтогу майып жаран Ниязбек кызы Чолпон жумушка алынды.
– Канча бош жумуш оруну бар жана кандай кесиптеги адистерге суроо-талап көп?
– Биз ар кайсы мекеме-ишканалардагы бош жумуш орундарын аныктоо максатында ай сайын мониторинг жүргүщүп турабыз. Бүгүнкү күндө 133 бош орун базага киргизилди. Ал эми суроо-талап көп кесиптерге келсек, район боюнча 20 дарыгер жетишсиз. Деги эле медицина кызматкерлерине муктаждык көп.
– Райондо кесиптик билим берүүчү жайлар барбы? Ал жактан кесип алып чыккан жаштардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү канчалык?
– №32 кесиптик лицейи менен биргеликте иш алып барабыз. Учурда компьютер, ашпозчу жана тигүүчүлүк курстарына суроо-талап күч болгондук бул тармакта окуган жарандарыбыз көп. Ошондой эле райондогу башкы багыт мал чарбачылыгы болгондуктан, «Социалдык контракт» программасынын катышуучуларынын арасында жеке ишкерчилигин мал чарбачылыгынан көргөндөр көп болуп, Нарын өнүктүрүү жана окутуу борбору менен биргеликте үй шартында мал доктур жана үй шартында сүттү кайра иштетүү курстарын өткөрдүк. Ошону менен 124 катышуучу сертификатка ээ болушту.
Жумушсуздар кыска мөөнөтүү окуусун аяктагандан кийин эле аларга бош жумуш орундары сунушталат. Мисалы, 2024-жылы 187 жаран кесиптик окууну аяктаса, анын 97си туруктуу жумушка орношту.
– Өткөн жылы «Социалдык контракттын» жыйынтыктарын айтып берсеңиз. Канча адам жана кандай багыттар боюнча өз ишин баштады? Жаңы, өзгөчө бизнес идеялар болдубу?
– КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы «Социалдык контрактын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө» № 385 токтомуна ылайык, Ат-Башы району боюнча 2024-жылы жалпысы 328 аз камсыз үй-бүлөлөр төмөндөгү багыттар боюнча жардам алышты:
- мал чарбачылыгы – 285;
- тигүүчүлүк – 17;
- аары багуу – 1;
- күнөскана иштетүү – 1;
- кирпич чыгаруу – 1;
- кондитердик азыктарды даярдоо – 2;
- такси кызматы – 1;
- ашкана иштетүү – 4;
- мончо иштетүү – 2;
- ширетүүчүлүк – 1;
- шаймандарды ижарага берүү – 1;
- соода-сатык – 1;
- эмерек жасоо – 1;
- дарыкана иштетүү – 1;
- аниматор – 1 үй-бүлө.
Ал эми өзгөчө бизнес идеясына келсек, бир катышуучубуз сымала менен саат жана ар кандай идиштер жасап, кол өнөрчүлүгүн улантып жатат. Андан тышкары, жаш балдардын туулган күнүндө өзгөчө куттуктоосу менен кызмат кылган аниматор-катышуучубуз да бар.
– Үч жылдын жыйынтыгын ала турган болсок, канча катышуучу туруктуу иш алып барууда? Алар тарабынан канча жумуш оруну түзүлдү?
– Жалпысынан 103 үй-бүлө бизнес-идеяларын ишке ашырып, туруктуу иш алып барып жатышат. Алар 70 кошумча жумуш орунун түзүштү. 2024-жылы бир үй-бүлө ширетүүчүлүк боюнча бизнес-план жазган эле, азыр ал малга чөп берүү үчүн темирден ширетип ноо жасап, аны сатып, түшкөн кирешесине майда мал алып, эчки бизнесин кеңейтип баштады.
Дагы бир үй-бүлө сезон маалында үйүнүн короосуна боз үй тигип, тапчан коюп, тандыр куруп, ага шашлык жасап, эс алуу жайына айландырышты. Андан түшкөн кирешесине тигүү машиналарын алып, тигүүчүлүк жагын дагы ийгиликтүү жолго коюп алышты.
Бир катышуучубуз мал чарбачылыгына ыктап, соцжардам алаары бир бир уй музоосу менен сатып алган эле. Азыр малы көбөйдү – эки уй, бир кунаажын, эки торпокту багып жатат.
2024-жылдагы катышуучулардын дагы бирикирешелүү буйрутма берүүчү жарандар менен иштешип, 30 кыз-келинге үйүнөн иштетөөгө, крой берип, бизнесин өркүндөтүүдө.
– Алардын арасында жеңилдетилген насыя алгандар болдубу?
– Төрт катышуучубуз бизнесин кеңейтүү максатында жеңилдетилген насыя алышты. Алар бизнестин кондитердик, ашкана, лагман жасап салуу жана мал чарбачылыгы түрлөрүнө алынды.
