Кеңешбай Тайлаков: «Кандайдыр бир кырсыкка кабылганда камсыздандыруу сени коргой турган инструмент экенин түшүнүшүбүз керек»
20 июнь

Кеңешбай Тайлаков: «Кандайдыр бир кырсыкка кабылганда камсыздандыруу сени коргой турган инструмент экенин түшүнүшүбүз керек»

ИИМ 1-июлдан тарта Кыргызстанда автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу (ОСАГО) полиси жок автотранспорт каражаттарынын ээлерине айып пул салына турганын маалымдады. Министрлер Кабинети кабыл алган тиешелүү токтомго ылайык, айып пулдун өлчөмү жеке жактарга – 3 миң сом, юридикалык жактарга – 13 миң сом.

Бул коомчулук тарабынан кандай кабыл алынууда? Суроого жооп табуу үчүн КР Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Кеңешбай Тайлаковга кайрылдык.

– Кеңешбай Доскулович, 1-июлдан тарта унааларын ОСАГОго камсыздандырбаган айдоочуларга айып салынаары айтылууда. Айрымдар мындан кайсы бир чиновник гана байыйт десе, аны түшүнгөндөр камсыздандыруунун пайдалуу жактарын  айтышууда. Унааларды милдеттүү түрдө камсыздандырууну колдойсузбу?

– Кудай сактап, кырсык болбосун дейли. Бирок, транспорт ээлери кандайдыр бир кырсыкка кабылган учурда милдеттүү түрдө камсыздандыруу сени коргой турган инструмент экенин түшүнүшүбүз керек. Себеби, келтирилген чыгымдарды камсыздандыруу компаниялары төлөп берет да. Бүгүнкү күндө дээрлик транспорттун саны күндөн-күнгө өсүп жатат. Ошондой эле жол эрежелерин бузуп, кырсыкка кабылгандар да арбын. Жол кырсыктарынан улам ар түрдүү пикир келишпестиктер жаралып жаткан учурларды көп эле кездештирип жатпайлыбы.

Ошондуктан, аталган жагдайларга жол бербей, жол кырсыгынан жабыркагандардын укугун коргоо үчүн ар бир унааны ОСАГОго камсыздандыруу зарыл деген ойдомун. Эң башкысы ар бир айдоочу камсыздандыруунун максатын  туура түшүнүп, туура эмес ойлордон алыс болушубуз керек.

– Камсыздандырууну бир эле ОСАГО кылышы керекпи же ал жакта да атаандаштык өкүр сүргөнү оңбу?

– Мамлекет колго алып жатканы да туура. Бирок, камсыздандыруу компанияларынын көбөйтсөк  атаандаштык түзүлүп, тейлөө сапаты да жакшырат деген ойдомун.