Бакыт Бакетаев: Дүйнө эки уюлга бөлүнүү алдында турат
Кыргызстандын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдык мааракелик жыйыны 31-августтан 1-сентябрга чейин Бишкекте болуп өттү. Анда мамлекет башчылары тарабынан негизги Бишкек декларациясы кабыл алынып, жалпысынан коопсуздук, экономика, транспорт жана санариптештирүү тармагын камтыган 28 биргелешкен документке кол коюлганы белгилүү болду. Чейрек кылым ишмердүүлүк жүргүзүп келаткан уюмдун багыты, Борбор Азия өлкөлөрүнүн андагы орду жана келечеги тууралуу саясат таануучу Бакыт Бакетаев ой бөлүштү.
– ШКУнун Бишкектеги саммити жыйынтыкталды. Шанхай кызматташтык уюму көтөргөн маселелердин кайсынысына өзгөчө басым жасоо маанилүү деп ойлойсуз?
– Биринчи кезекте коопсуздук маселеси. Анткени дүйнө ядролук согуш чегине жетти. Ошондуктан ШКУ азыркы адамзаттык цивилизациянын өнүгүшүнө өзгөчө басым жасоого тийиш. Тарыхка кайрылсак, АКШ, Улуу Британия жана СССР өз убагында фашизмди жеңген, аны менен адамзатта дүйнө эми биригет деген үмүт жараткан. Бирок андан бир жыл өтө электе эле, 1946-жылдын 5-мартында Черчилль фултондук билдирүүсү менен дүйнөнү экиге бөлүп салган. Ошондуктан британдык цивилизациянын өнүгүүсүн жакшылап карап, анализдөө зарыл.
1990-жылы бир уюлдуу дүйнө өнүгүп, доллар бирдиктүү валютага айланган.
Бирок Бишкек саммитинен кийин дүйнө дагы бөлүнөт: Батыш анан Чыгыш. Анткени Чыгышка Батыштын философиясы толугу менен туура келе бербейт, Батыш Чыгыштыкын жакындатпайт. Цивилизациялардын ар түрдүүлүгү бир уюлдуулукка сыйбайт.
Бишкек саммитинде Россия президенти Владимир Путин ШКУ алкагында улуттук валюталар менен соода-алаканын деңгээли көтөрүлгөнүн билдирди. Бул демек, дүйнөнүн эки уюлга бөлүнө башташынын кабары.
Бирок бир жакшы жери – дүйнөнүн эки уюлга бөлүнүшү бардык маселелер тынчтык жолу менен чечилет деген кабар. Анткени эки ири уюл бири бирине замбирек аткылашпайт. Көп уюлдуу дүйнөгө караганда, эки уюлдуу дүйнөдө тынчтык көбүрөөк сакталат.
– ШКУда Борбор Азия өлкөлөрүнүн таасири канчалык жана андан алар эмне алышты?
– Акыркы жылдары 5+1 формуласы иштеп баштады. Бул формуланы АКШ да, Кытай да, Россия да жана башка өлкөлөр дагы колдойт жана формула ийгиликтүү иштеп жатат. Менимче, акыркы 5 жылдыкта Борбор Азия өлкөлөрү өзүнүн саясатына киргизе турган дүйнөлүк масштабдагы гармонияны тапты. Албетте, геосаясий абалдан алып караганда борбордо турган бешилтиктин таасири чоң, ага Чыгыш цивилизациясы таяныч болуп берет.
Бирок мен жогоруда айткандай, Бишкек саммитинен кийин дүйнө эки уюлга бөлүнүүнү улантса, чечимдер бир топ тез жана конструктивдүү боло баштайт.
ШКУ өлкөлөрүндө да көп түрдүү маселелер бар. Бирок бешилтик дүйнөгө ар кандай маселени согуш жолу менен эмес, тынчтык жолу менен чечүүгө боло турганын көрсөттү.
Ар кандай маселеде сөзсүз түрдө дискуссия болушу керек. Ансыз эл аралык институттар жашай албайт. Аны менен катар өлкөлөрдүн жетекчилери эффективдүү логикалык чечимдин алкагында иш алып барууга тийиш.
– Борбор Азиянын коопсуздугуна коркунуч келтирген бир топ актуалдуу маселелер бар. Буларга ШКУ эффективдүү жооп бере алабы?
– Өлкөлөрдүн тарыхый тажрыйбасына таянып айтсам, албетте, уюмдун бардык маселелерди туура жол менен чечүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Аны менен катар экономикалык пайда табууга да ыктуу. Мында Кытай флагман болуп эсептелинет, маселелер сөзсүз түрдө эки тараптуу болуп чечилет. Жетекчилер даанышман саясат жүргүзүүгө тийиш, бул бири бирибизге каршы окопто болуп калбаш үчүн керек.
25 жыл бою бул уюм жай, бирок ишенимдүү кадам таштап келди. Азыр эми салмактуу, пайдубалдуу эл аралык институт. Жай басса да, дүйнөнүн экономикалык чоң түйүнү менен бекем байланышын жоготкон жок.
– Борбор Азия алдыдагы 10 жылда өз алдынча экономикалык, саясий субъект боло алабы жана ал үчүн эмне керек?
– Бардыгы идеология менен философиядан көз каранды. Эгер энтреприалдык саясатка таянсак, анда бизде стабилдүүлүк болсо, экономика жогорулайт. Экономика өскөндөн кийин демократиялык баалуулуктарды аныктап баштасак болот. Француз улуу революциясын алып көрөлү, алар революция жасайм деп, азыркыга чейин Улуу Британияны кууп жете албай келет. Кылымга артта калышты. Ошондуктан Борбор Азия өлкөлөрүнө азыр туруктуулук керек.
Вольтер сөз эркиндигин айткан. Бирок ага кошумчалаган: сөз эркиндиги агартуучулук максатта колдонулушу керек. Каалагандын баары эле сөз эркиндигин желекке айланта берсе болбойт. Бизге азыр сөз эркиндигине ашыкча басым жасай берүү ылайык келбейт. Кыргызстанды эле алсак, бир кетмендин башын көп жолу бастык. Биринчи тизелеп турган өлкөнү жогору көтөрүп, андан кийин акырындык менен демократиялык баалуулуктарды сөз кылып, аны орнотууга кадам таштоо акылга сыярлык.
Демократия – арак сыяктуу. Көп ичсең, эмне болоорун баары билишет. Ал эми 50 грамм – бул маанайдын көтөрүлүшүнө эң сонун өбөлгө.
Чыгыш философиясы Батыш философиясынан айырмаланат. Батыш – башкарылуучу хаостун тарапташы. Аны өлкө бутуна тургандан кийин жасаса болот. Өлкө өнүккөнгө чейин көңүлдү бир гана туруктуулукка жана ал ээрчитип жүрчү экономикалык өсүшкө таштаган оң.
– Айрымдар идеология деген сөз эскирди, аны баалуулуктар деген сөзгө алмаштыруу керек дешет. Буга кандай карайсыз?
– Кеп сөздүн башкача айтылышында эмес, аны коомчулук кандай кабыл алышында. Эрте менен ойгоноору менен телефонун колго кармап, эфирден “мен президент болсом баары башкача болмок” деп айткандар баалуулуктарды негиздеп бере албайт. Бул бир жагы. Экинчи жагынан мындай чаржайыт билдирүүлөр өлкөнүн стабилдүүлүгүн бузушу мүмкүн. Акыркы беш жылды андан мурдагы беш жыл менен салыштырганда, айырмасы асман менен жердей. Ойлонулбаган кадамдарды жасап, өлкөнүн артка кетүүсүнө себепкер болуп калуудан абайлаш керек.
– 80 миллиондон ашуун калкы бар Борбор Азияга кандай идеология керек деп ойлойсуз?
– Менин оюмча, бардык өлкөлөрдүн жетекчилеринин программасы бар, анда бардык баалуулуктар экономикалык өсүш менен кошо камтылган. Кытайдай болуп 5 жылга такталган план кабыл алып, ошону менен алдыга жылуу натыйжалуу болмок. Албетте, негизин демократиялык баалуулуктарды кармоо жана демократияга умтулуу түзүшү керек. Бирок дүйнөдө таза демократия жок. Ошол эле Батышта, Америкада да. Таза демократия кыямат кайымдай эле, аты угулат, бирок өзү көрүнбөйт. Сократ айткандай, өлкө жетекчилери философияны окуп чыгышы керек, бардык суроолорго ошол жактан жооп табылат.
– ШКУнун 10 жылдан кийинки келечегин кандай көрөсүз?
– Ал 10 жылдан кийин Европа биримдигиндей эле болот. Балким, бирдиктүү валюта кабыл алынат, коопсуздук, транспорт-логистикалык борбор маселелери чечилет. Башкача айтканда, ШКУ Чыгыш философиясын карманган өлкөлөргө таяныч болот. Тескерисинче, ЕБ 10 жылдан кийин кыйроо абалына кептелиши мүмкүн. Анткени алардын философиясы биздикине караганда алсызыраак. Ошондуктан биз өзүбүздүкүн өнүктүрүүгө тийишпиз. Негизи идеологдор бизге Батыштыкын таңуулаганды жакшы көрүшөт. Алар жаңылышат. Ар бир анерсе өз өзөгү, тамыры менен гана баалуу жана жандуу.
