ДКО. Өрнөк айылында кыргыз сүрөтчүлөрүнүн чыгармаларынын көргөзмөсү өтүүдө
ДКОнун медиа-штабы
4 сентябрь

ДКО. Өрнөк айылында кыргыз сүрөтчүлөрүнүн чыгармаларынын көргөзмөсү өтүүдө

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында жайгашкан Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунда кыргыз сүрөтчүлөрүнүн жана скульпторлорунун чыгармаларынын көргөзмөсү өтүүдө.

Көргөзмөгө кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, каада-салтын жана жашоо образын чагылдырган 90го жакын көркөм чыгарма коюлган.

Алардын арасында улуттук тематикадагы чыгармалар, пейзаждар, этюддар жана көчмөн цивилизациясынын мурасына арналган эмгектер бар.

Көргөзмөнүн өзгөчө бөлүгүн атайын сынактын алкагында тандалып алынган 45 картина түзөт. Сынакка Кыргызстандын бардык аймактарынан 100дөн ашуун сүрөтчү катышып, 250гө жакын эмгек сунушталган. Мыкты чыгармалар көркөмдүк деңгээли, идеясы, мазмуну жана долбоордун тематикасына шайкештиги эске алынып тандалып алынган.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген коноктор көргөзмөгө барып, кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн эмгектери менен таанышып, заманбап улуттук искусство тууралуу кеңири маалымат ала алышат.

Ошондой эле көргөзмөдө көрүүчүлөр сатып ала турган чыгармалар да коюлган. Кыргыз сүрөтчүлөрүнүн айрым эмгектери чет элдик коноктордун кызыгуусун жаратып, буга чейин чет өлкөлөрдөгү жеке коллекциялар үчүн да сатылып алынган.

Көргөзмө 6-сентябрга чейин ачык болот.