Сүрөт: Shtraf_kg
4 сентябрь

Алты адамдын өмүрүн алган Токтогулдагы жол кырсыгы боюнча тергөө жүрүүдө

Алты адамдын өмүрүн алган Токтогул районундагы жол кырсыгы боюнча тергөө жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Кырсык 2026-жылдын 1-сентябрында катталган.

Бул факты боюнча КР мыйзамдарына ылайык кылмыш иши козголуп, учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Окуянын себептерин жана бардык жагдайларын аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жол-транспорт кырсыгына алып келген жагдайлар, ага катышкан адамдардын аракеттери жана башка жагдайлар толук иликтенет.

Учурда Токтогул райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.