Кубан Чороев: Кыргызстан туризм боюнча Таиланддан эмнелерди үйрөнүшү керек
Кубан Чороев – көз карандысыз экономикалык эксперт Таиландда болуп кайтып, Кыргызстан туризм боюнча Таиланддан эмнелерди үйрөнсө боло турганын жана биздин өлкөнүн бул тармакта кандай артыкчылыктары бардыгы тууралуу пикирин бөлүштү.
– Таиланддагы туризм жөнүндө кыскача эмне айта аласыз?
– Таиланд – туризмди өнүктүрүүгө бир нече ондогон жылдар мурун көңүл бурган өлкөлөрдүн бири. Өзү туризм Вьетнам согушу учурунда, ал жерде базалар жайгашкан кезде башталыптыр. Таиланддын курорттук шаарлары ар кайсы өлкөлөрдөн келген туристтерди тосуп алууга адистешкен, кээ бир мейманканаларда КМШ өлкөлөрүнөн, өзгөчө Россиядан келген туристтер көп, ошондуктан, акча алмаштыруучу жайларда рубль алмаштырууга болот.
– Сервис кандай экен?
– Сервис өзүнүн менталитети жана маданий өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Бул - падышалык жана падыша өзүнө караштууларды коргойт. Бул жерде туристтерге баарына уруксат деген мамиле жок – сый-урмат көрсөтүшөт, бирок чеги менен. Таиланд ээн аралдары, экзотикасы менен дүйнөнүн бардык бурчунан келген туристтерди өзүнө тартат. Тай массажы бүткүл дүйнөгө белгилүү брендге айланды. Биздин мекендештер сүйгөн Түркия менен Таиландды салыштырсак, менталитетте олуттуу айырмачылыкты көрүүгө болот. Баары салыштыруу аркылуу билинет эмеспи, биз бул жерде мамиле таптакыр башкача экенине күбө болобуз. Түркияда мамиле европалык стандарттарга көбүрөөк жакын. Кыргызстанда кардарларга болгон мамиле адекваттуу, менин оюмча, бизде КМШ мейкиндигиндеги эң мыкты сервис. Эгер сиз Анталияга же Түндүк Кипрге саякаттасаңыз, анда Кыргызстанда билим алган жана Түркиянын алдыңкы мейманканаларындагы тейлөө тармагында эң мыкты тажрыйба топтогон биздин балдарды жолуктура аласыз.
– Туризм тармагы гүлдөп өнүккөн өлкөлөрдөн эмнени үйрөнүшүбүз керек?
– Мейманканалардын, туристтик компаниялардын, ресторандардын жана дүкөндөрдүн кызматташуусун. Адамды кайсы бир дүкөнгө барууга мажбурлоо мүмкүн эмес, бирок дүкөн туристтик компания жана мейманкана менен кызматташып, туристтерди транспорт менен камсыздап, мейманканадан потенциалдуу сатып алуучуларды алып келүү үчүн алардын мекемесинде мини-тур же мастер-класс уюштура алат. Мунун эсебинен дүкөн да, туристтик компания да пайда көрөт. Туристтик кызматташуулар Кыргызстанда аз колдонулат.
