Жаңы жылдагы салык: Автоунааңды аз айдасаң аз, көп айдасаң көп төлөйсүң
8-январда, президент Садыр Жапаров салык жүгүн азайтуу боюнча жарлыкка кол койгону белгилүү болду. Бул жарлыкта белгиленген жеңилдиктер жана салык саясатынын жаңы жылдагы жаңы багыттары тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.
Ал белгилегендей, мамлекет башчы кол койгон жарлык бир гана ишкердик субъектилерге эмес, жалпы жарандарга тийиштүү. Анын бири – транспорт салыгын алып салуу. Жарлыкка ылайык, эми жарандар автоунаа үчүн салык төлөшпөйт жана буга чейин ар кандай себептер менен карызкор болуп калгандардын карызы кечилет.
«2022-жылдын аягында салык системасы интеграцияланып, көмүскө салыктар боюнча бардык маалыматтар базага түшүп, администрлөө жакшыртылган. Мисалы, жөнөкөй жаран кайсы бир мүлкүн сатам десе, алгач салыктык карызы жоктугун тастыктаган справка алышы керек. Ошол маалда эл арасында нааразычылык жаралган, анткени справка алуу үчүн Мамлекеттик салык кызматына келгенде, кыймылсыз мүлккө салыктарын төлөбөй калган же маалыматтык отчетторду бербей калган болуп чыгышат. Андан сырткары канча жыл мурда ишеним кат менен сатып жиберген автоунаасы дагы деле өзүнүн каттоосунда болуп чыгып, ага салык төлөнбөй келген да учурлар болгон. Андайда албетте, жаран нааразы болот, “мен бул автоунааны колдонбой калганыма он жыл болгон, эмнеге дагы деле салыкты мен төлөшүм керек” деген сыяктуу. Биз аны түшүнүп жатканбыз», – деген Ысабеков президенттин жарлыгы менен эми мындай көрүнүштөр жоюуларын белгиледи.
Бирок ошол эле маалда, төраганын орун басарынын айтымында, 2025-жылдан 1-январынан тартып өлкөдө күйүүчү май үчүн салык киргизилди. Бул автоунаасына күйүүчү май куйган жаран ар бир литрине бир сомдон салык төлөйт. Коомчулук аны талкууга алып жатканын белгилеген Ысабеков, эмне себептен транспорт салыгына караганда ар бир литрден алынуучу салыкка басым жасалганын мындайча чечмеледи:
«Күйүүчү майдын бир литрине бир сом деген мыйзам кабыл алынып жатканда жарандар көп ой пикирлерин билдиришкен. «Автоунаа салыгын төлөсөк, анан күйүүчү майга төлөсөк, эки жолу төлөп калабызбы» дешкен. Чындыгында эки жолу төлөө туура эмес. Мындан улам транспорт салыгы жокко чыгарылды. Экинчиден, кээ бир жарандар автоунаасын күн сайын айдайт, машинасы көлөмдүү болушу мүмкүн, анысы менен жолго көбүрөөк таасир этишет. А айрым адамдар автоунаасы болгону менен кез-кезде гана айдашат же эртең менен жумушка айдап келип, кечинде айдап кетүү менен гана чектелишет. Ошондуктан, бул факторлорду эске алсак, бир литрге бир сом деген адилеттүү чечим. Ким канча көп айдаса, ошого жараша төлөшү керек».
Коомчулукта ошондой эле бир сом салыкты кайда, кантип төлөйбүз деген да суроо жаралууда. Ага токтолгон Кубанычбек Ысабеков бул жарандарга эч кандай көйгөй жаратпай турганын билдирди.
«Бул жарандарга эч кандай кошумча жүк болбойт. Мурда кантип күйүүчү май сатып алса, азыр да ошентип сатып алып жүрө беришет. Күйүүчү май импорт болсо, анда импортоочу субъект, эгерде өндүрүш болсо анда өндүрүүчү тарап жалпы көлөмүнө жараша, бир литрине бир сом эсебинде башында эле төлөп коюшат. Бул жарандарга тоскоолдук жаратпаган жана ошол эле убакта салык төлөмү бюджетке түз түшкөн кадам», – деген ал транспорт салыгынан бюджетке 1 миллиард 200 миллион сом түшүп келсе, күйүүчү май салыгынан 1 миллиард 800 миллион сом түшүшү мүмкүндүгүн кошумчалады.
Ошондой эле президенттин жарлыгында буга чейин транспорт салыгынан карызы барлардын карызы кечилээри белгиленген. Ысабеков ушул нерсе айрым жарандардын нааразычылыгын жаратып, «биз салык төлөйбүз, а төлөбөгөндөргө карызын кечип коесуңарбы», – деген ойго түртүп жатканына токтолду.
«Президенттин жарлыгында 2025-жылдын 1-январына чейин кандайдыр бир себептер менен транспорттук салык карызын төлөбөй калган адамдардын карызы жокко чыгарылары белгиленген. Салыктык карыз көп нерсеге байланыштуу, ошол эле жогоруда айтканымдай, канча жыл мурда автоунаасын сатып жиберип, бирок каттоосунан чыкпай калгандыктан, салык карызы өзүнүн наамына чогула берген жарандар бар. Анан мөөнөтсүз карыз деп коебуз, мыйзам боюнча салык карызы 6 жылдан ашып кетсе, биз аны өндүрө албайбыз. Сот да айтат салык карызынын эскирүү мөөнөтү 6 жыл, бул убакыттан кийин эч нерсе кыла албайсыңар деп.
Акыркы 3 жылда күчөтүлгөн администрлөө болуп, салыгын төлөбөй жүргөндөрдүн дээрлик баарына төлөттүрдүк. Бирок жогоруда айтылгандай, өндүрүүгө мүмкүн болбогон учурлар да болуп калат. Жарандарды туура түшүнүүгө чакырат элем. Эмнеге тиги төлөбөйт дегенди коюп, ар бирибиз өзүбүздү карап, мен мамлекет алдында тазамын, Конституция алдындагы милдеттенмемди аткардым деп турсак эле, бул гана эмес, башка да көп маселелер чечилип, мамлекетибиз алдыга жылат”, – деди Кубанычбек Ысабеков.
