Нуржан Карымбаева, сүрөтчү: Сүрөт – боёктун эмес, ойдун изи
22 декабрь

Нуржан Карымбаева, сүрөтчү: Сүрөт – боёктун эмес, ойдун изи

Сүрөтчү сөз менен эмес, сүрөт менен сүйлөйт. Сүрөт сөзсүз сатылышы керек болгон товар эмес деген Нуржан Карымбаева менен биз сүрөт жаратуунун табияты, көрүүчүнүн табити жана аялзаты үчүн бул кесиптин оор-жеңили тууралуу маектештик.

– Жакшы сүрөт тартуу эмнеден башталат?

– Идеядан. Идея болбосо сүрөттартылбайт. Теманы тандагандан кийин билимиң, түшүнүгүң болушу керек. Анан композиция түзүлөт. Композиция – сүрөттүн өзөгү. Ошондон кийин гана техника, өлчөм, материал аныкталат.

– Кыргызстанда сүрөттү сатууга багыттап тартууга болобу?

– Бизде сүрөтчүлүк негизинен соода эмес. Сатылган картина материалдык абалыңды чыңдаганга жардам берет, бирок башкы максат - өнөр. Сүрөт тартканда “сатам” деп эмес, “жакшы иш кылам” деп иштейсиң. Бааны көрүүчү эмес, убакыт коёт.

– Карапайым адам сүрөттү түшүнө алабы?

– Түшүнө алат. Сүрөт – музыкадай. Анын тили бир. Китеп окуган, ойлонгон адам сүрөттү да түшүнөт. Айтматовду окуган адам ага арналган ар бир сүрөттүн маанисин түшүнөт.

– Сүрөтчү эмнени айтууга тийиш?

– Сүрөтчү сөз менен эмес, сүрөт менен сүйлөйт. Оюң, сезимиң, көз карашың баарын сүрөт менен берет. Сүрөттү жөн эле көрбөй сүйлөтө да билиш керек.

– Аялзаты үчүн сүрөтчүлүк кесип канчалык ылайыктуу?

– Бул аялдар үчүн жакшы кесип, бирок жеңил деп айтууга болбойт. Үй-бүлө, бала-чака, тиричилик менен катар убакыт таап иштешиң керек. Бирок убакыт бөлүп, көңүл коюп тартсаң тарткан сүрөтүңдөн ырахат аласың.

 Негизи сүрөтчүлүк аялзатына абдан жарашат. Аял өз үйүн кооздойт, белектин ажарын ачып, өзгөчө белек да жасай алат.

– Бул кесиптен байып кетсе болобу?

– Бул кесиптен байып кетесиң деп айтуу кыйын. Анткени,  Кыргызстанда сүрөт сатып алам дегендер аз. Баса, кыйын кезеңдерде айрым сүрөтчү аялдар сувенир жасап сатып, үй-бүлөсүн баккан  учурлар да болгон.

– Үй-бүлөңүздө сүрөтчүлүк өнөрдү уланткандар барбы?

– Биз толугу менен өнөр менен байланышкан адамдарбыз. Кесибибизди сүйөбүз. Жолдошум да живописчи. Балдарыбызга да бул өнөр генетика аркылуу өткөнсүдү.

Өмүрүмдүн көп бөлүгү мугалимдикке кетти. Убактымдын көбү ишке сарпталды.  Ошого карабай өнөргө кайдыгер караган жокмун.