Эже-сиңди Раймалиевалар: «Төртөөбүздүн башыбыз биригиши кыйын»
Мукам үндүү, сулуу, ынтымактуу эже-сиңдилер Бурул, Каныкей, Бүбүжан, Гүлнара Раймалиевалар. Бир үй-бүлөнүн төрт таланты кадимки Бегимайга ашык болгон Раймалынын неберелери, атасынын эрке кыздары конокто.
Каныкей Раймалиева:
– Каныкей эже, бир үй-бүлөдөн төрт кыз ырдайсыздар. Ата-энеңиздер да чыгармачылыкка жакынбы?
– Ооба. Ата-энебиз абдан жакшы ырдашат. Бирок өнөрүн эл алдында тартуулашкан эмес. Биз, негизи, жети бир тууганбыз, улуубуз, анан эң кичүүбүз эркек, калган бешөөбүз кызбыз. Кыздардын улуусу Нуржан эжем мугалим. Өнөрлүү жерге барган, азыр балдары да чыгармачылыкка жакын. Эжем өзү да жакшы ырдайт. Эркек бир туугандарыбыз да комуз чертип, жамактатып ырдашат. Чыгармачылыкка аралашканы төртөөбүз болдук.
– Ынтымагыңыздарга суктангандар арбын, кандай тарбияда чоңойдуңуздар эле?
– Бизди ата-энебиз эмгекке тарбиялады. Үйдүн да, сырттын да тиричилигине быштык. Улуу агабыз жалгыз уул болгондуктан биз ага жардамдаштык. Үйүбүзгө коноктор абдан көп келишчү. Түндө келсе да атам коюн союп, биз туруп камыр жууруп, тамагыбыздын камын көрүп калар элек. Бизди эжебиз эле жолго салып койчу. Жумуштарды баарыбызга бөлүп берип, сыйлык катары түрдүү тамактарды жасап берчү. Атам кыздарына аябай жакын. Күйөө бала, куда-сөөктөрүнүн көзүнчө деле азыркыга дейре жаш баладай эркелетип отурат.
Аты-жөнү: Бүбүжан Раймалиева
Туулган жылы: 1978-жыл 3-июнь
Билими: Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетинин хор-дирижёр бөлүмү
– Төрт бир туугандын чыгармачылыкка биринчи аралашканы сиз болуптурсуз?
– Ооба. Мектеп курагыбызда кароо-сынактарга бизди жөнөтчү. Колледж, университеттен нота таанып, сыйлыктарга ээ болуп, чоң концерттерге катышып артисттерди жакындан көргөндө чыгармачылыкка ого бетер кызыгуум күчөдү. Алгачкы жолу чоң сахнага Каныкей Эралиева менен бирге чыкканым эсимде. Ошондо абдан сүйүнгөм, толкундангам. Кыздарга өз сезимдерим тууралуу айтсам алар аябай кызыгышкан.
– Анан кантип топ түзүлүп калды?
– Бул топ элдин суранычы боюнча түзүлдү. Бизди бири-бирибиз менен алмаштыра беришчү. “Концерт бербейсиңерби” деген суроо-талап көп болгондуктан төртөөбүз биригип бир топ бололу деген ой пайда болду.
– Төрт адамдын башы бирикмейи кыйынбы?
– Ар бирибиздин өз үй-жай, бала-бакырабыз бар. Бирибиз бошосок, экинчибиз бошобой жүрүп төртөөбүздүн чогулушубуз оор. Негизгиси, башыбызды бириктирип алсак болду, жумушубузду бат эле бүтүрүп салабыз. Кесиптештерибиз концертине чакырса “кантип коркпой Раймалиеваларды чакырып атасың?” деп күлүп калабыз.
– Эже-сиңдилердин кандай өзгөчөлүктөрү бар?
-Бурул жаркылдагабыз. Ачык мүнөз, анан эрке кызыбыз. Бат таарынып, кайра бат жазылат. Гүлнара да Бурулга окшош. Каныкей эжем токтоо, башкаларага сүрдүү көрүнөт, бирок жан дүйнөсү абдан жумшак.
Аты жөнү: Гүлнара Раймалиева
Туулган жылы:1979-жыл 6-декабрь
Билими: Улуттук консерваториянын комуз бөлүмү
– Чыгармачылык жолуңуз кантип башталган?
-Мен 4-класска чейин Таласта эле окучумун. Анан каникулда шаарды көрүү үчүн таежемдин үйүнө келгем. Таежем үйүнө конок келгенде эле мени комуз менен ырдата берчү. Бир күнү да конокторуна ырдасам “таланты бар экен, калтырып койбой өнүктүрсүн” деп музыкалык билим алууну сунуштап калышты. Ошондо таежемдер “жибербейт го” деп коркуп жатып атама айтышты эле, атам бир күлүп, бир ыйлап жатып Бишкек шаарындагы Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте окуума уруксатын берген. Экзаменден дароо эле өтүп кеттим. Мектепте окуп жүргөндө телевидениелерге көп барчумун, сынактарды калтырчу эмесмин. Андан кийин консерваториянын комуз бөлүмүнө тапшыргам. Вокалдан жеке сабак алгам. 2000-жылдан бери “Камбаркан” ансамблинде эмгектенем.
– Аялзатына бул чөйрөнү алып кетүү кыйын болдубу?
– Өтө деле кыйын болгон жок. Себеби менин жолдошум да чыгармачыл инсан, экөөбүз бир ансамблде иштейбиз. Бир жакка барарда дайыма чогуу жүрөбүз. Жумушубузду билет, түшүнөт. А балдарымды кайненем карап берди.
– Жалаң мазмундуу чыгармаларды аткарасыздар, ыр тандоо кимдин колунда?
– Ырды бири-бирибиз менен кеңешип тандайбыз. Көбүнчө ата-эне, бир тууган темасындагы ырларды ырдайбыз. Мисалы, ата-эне тууралуу эки чыгармабыз бар. Анын клибине өз ата-энебизди тартканбыз. Ыр биздин эле эмес, башка ата-энелерге да жакты окшойт. Азыр атайын жаныбызга келип “азаматсыңар, ырды сонун аткаргансыңар. Менин атымдан ата-энеңерге салам атып койгула” деп баталарын берип кеткендер болот.
Аты-жөнү: Бурул Раймалиева
Туулган жылы: 1981-жыл 6-февраль
Билими: И.Арабаев атындагы КМПУнун филология факультети
– Бурул эже, сиздин кесибиңиз башка экен...
– Ооба, мен филология факультетинде билим алгам. Бирок окуп жүргөндө эле жаныбыздагы Улуттук консерваториянын жатаканасына кетип калып, көп убактым ошол жакта өтчү. Ошентсе да окуумду ийгиликтүү аяктадым. Кийин турмушка чыгып, тыныгуу болуп калды. Бир жолу тойго барып ырдап калып, ошондо ичимдеги көксөөм ойгонуп, чыгармачылыкка кириштим. Эжелерим «бизге таянып туруп алба, өз күчүң менен аракет кыл» деген талап коюшкан.
– Чоң атаңыз эмнеси менен сиздин эсиңизде калды?
– Чоң атамдын эки эле уулу болгон экен. Бир уулунун балдары ыр, өнөргө жакын болбой, атамдын балдары жакын болуп калыптырбыз. Жетөөбүз тең ыр дүйнөсүн берилүү менен жакшы көрдүк. Чоң атам баарыбызга бирдей мамиле кылчу. Биз болсо кечинде чоң атабызды айланасына тизилип отурчубуз. Үргүлөп уктап баратса да комузун колунан түшүрбөй бизге күүлөрүнөн чертип берер эле. Анан бир чоң шкаф толо китептери бар болчу. Анын ичине тойдон келген конфеттерин салып койчу да, жумуш жасагандан кийин бизге берчү. Ак эшегине мени мингизип алып той-топурга алып барчу. Бирок чоң апабызды көрбөй калдык. Чоң атам кинодогудай каза болгон эмес, ал көркөмдөлүп берилген.
