Коррупциянын алдын алуудагы жарандык коомдун милдети: жылаңач баатыр болуунун кереги жок
Кыргызстанда 2021-жылы Антикоррупциялык кызмат жоюлуп, Президенттин алдында Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзүлгөн. Бул кеңеш кандай иштерди алып барууда жана үч жыл ичинде кандай жыйынтыктарга жетише алганын Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин Башкы катчысы Нурипа Муканова “Биринчи радионун” түз эфиринде айтып берди.
Белгилей кетсек, жакында өлкөдө коррупцияга каршы пландардын натыйжалуулугун баалоо боюнча семинар аталган кеңеш тарабынан өткөрүлдү. Бул бир эсептен кеңештин жыл ичиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган иш чара болуп калды.
– 2024-жыл абдан жакшы болду, эл өзү көрүп турат. Коррупцияга каршы күрөшүү жаатында көптөгөн коррупционерлердин бети ачылды, алар кымырып алган канча деген акчалар кайрадан мамлекеттин казынасына кайтарылды. Ал адамдын макамы кандай болбосун, кайсы мамлекеттик кызматта иштебесин, коррупциялык иштерге аралашканы аныкталса, кармалары анык болуп калды. Бул жаатта жаңы мыйзамдар кабыл алынып жатат. Мен эксперт катары мурдатан эле, коррупцияга аралашкан адам мамлекеттик кызматка кайра келе албагыдай кылуу керек деп айтып келгем. Мына, ушул эреже кирчү да учур келди. Баары заматта болбойт экен, “көч бара бара түзөлөт” деп коет, акырындык менен бул жаатта иштер катаалданып, коррупционерлерге көнгөн адатын калтыруудан башка арга жок болуп калды, – деди Нурипа Муканова.
Айтымында, аталган кеңештин иши анча көзгө көрүнбөгөнү менен мааниси абдан чоң. Коррупциянын алдын алуу аны менен күрөшүүгө караганда натыйжалуу жана пайдасы чоң.
– Коррупцияга каршы күрөштө кылмыш иши козголуп, иликтенет, шектүү кармалат, айыбы тастыкталат, анан соттолот. Бул боюнча укук коргоо кызматтары, УКМК иш алып барат. А биздин ишибиз – ошол жаман көрүнүштү алдын алуу. Коррупциянын алдын албай деле койсок, аралашкандарды камай берсек деле болот, бирок анын ордуна жаңы коррупционер өсүп чыкпай деген кепилдик жок. Мисалы, отоо чөптү оруп таштасаң, тамырынан ордуна башкасы өсүп чыгат. Ал эми аны бирден тамыры менен жулсаң, азаят. Ошол сыяктуу эле, коррупциянын өзөгүн жулуп салуу үчүн биз жарандык коом, мамлекеттик органдар жана бизнес чөйрөсү менен чогуу иш алып барабыз, – деп белгиледи Башкы катчы.
Ал белгилегендей, өлкөдө болуп жаткан коррупциянын алдын алуу же коррупцияга каршы иштерди баалай турган эл аралык стандарттар бар.
Эгер өлкө өзүн өзү мактап, бул жаатта укмуш иштерди аткарып жатабыз деп төш какканы менен, чыныгы жыйынтык эл аралык стандартта көрүнүп калат. Мисалы, 2023 жана 2024-жылдары Кыргызстанда коррупция менен күрөшү канчалык деңгээлде болгонун 180 мамлекеттин ичинен 45-орунга жетишкенинен улам билүүгө болот. Башкача айтканда, Кыргызстан дүйнөдөгү мамлекеттердин арасынан коррупция менен болгон күрөштө ишенимдүү алдыга жылды.
Андан сырткары, Нурипа Муканованын айтымында, жемкорлукту токтотууда жарандык коомдун өзүнүн орду бар, бирок ал өз чегинен, функционалдык милдетинен ары чыкпашы керек.
– Медицинада профилактика деген түшүнүк бар. Адам ооруганда гана дарыгерлерге кайрылбай, алдын ала ден соолугуна кылдат көңүл буруп, текшерүүдөн өтүп жүрсө, саламаттыгы чың болот. Ошол сыяктуу профилактика коррупцияга каршы күрөштө да керек. Бул ошол эле жарандык коомго да тиешелүү. Жакында Элдик Курултайда президентибиз “жарандык коом да тазаланышы керектигин” айтпадыбы. Биздин милдет – бул жаатта жарандык коомго багыт берүү. Биздин кеңештин жарандык коом менен иштеген бөлүмү бар. 3,5 жыл ичинде көптөгөн жарандык коомдорду тарбиялап, мыйзам чегинде иштегенди үйрөттүк. Өзүм баш болуп тренинг, семинар өткөрүп, кезигишип жаттык. Булар көрүнбөгөн иш болгону менен жарандык коомдор мыйзам чегинде кантип иш алып баруу керектигин билип калышты. Мисалы, биз аларга коррупция менен күрөшүүдө иликтөө же айыптоо силердин милдетиңер эмес, силердин милдет – мониторинг – байкоо деп айтабыз. Жарандык коом адвокат же айыптоочу болуп бере албайт, ага мыйзамдык укугу жок. Бирок мамлекеттик органдардын үстүнөн көзөмөлдөп, ишмердүүлүгү канчалык деңгээлде мыйзамдуу кетип жатканына байкоо сала алышат. Мында да, көзөмөл деген эмне деген суроонун тегерегинде көп тренинг өткөрдүк. Анткени, коррупциянын алдын алабыз дегенди бара калып чаап салуу катары кабыл алып, жылаңач баатыр болгондор да чыкпадыбы. Көзөмөл, байкоо жасоого да билим керек. 2022-жылы жарандык коом менен меморандум түзүп, байкоо жасаганга шарт түзгөнбүз. Бизде 35 жарандык коом бар, анын ичинен 6-7 коом мамлекеттин органдардын үстүнөн байкоо жасаганга даяр болуп, 2023 жана 2024-жылдары аны аткарышты. Юстиция министрлигине болгон байкоону быйыл май айында баштап, ноябрь айында бүтүштү. Бул дагы оор иш, көп убакытты талап кылат, ага ресурс, билим, шык керек. Ошентип, жарандык коом менен мамлекеттин ортосундагы көпүрөлүк милдетибизди аткарып жатабыз, – деп сөзүн жыйынтыктады Нурипа Муканова.
