Бактыгүл Мамытбекова: өнүгүүсү кечеңдеп жаткан балага тилди туура тандоо эмне үчүн маанилүү?
Бактыгүл Мамытбекова – «Колдон колго» («Рука в руке») ресурстук борборунун логопеди. Ал бул кесипке жеке тажрыйбасынан улам келген. Өзүнүн уулунун психокептик өнүгүүсү кечеңдеп, өзгөчө жүрүм-туруму байкалгандыктан, атайын окуудан өтүп, ушундай көйгөйү бар балдарга жардам берген адиске айланган. Бактыгүл заманбап ыкмаларды колдонот – оюн терапиясынан жүрүм-турум мамилесине чейин. Сабагын баланын жеке суроо-талабына ылайыкташтырат. Ал тилди жана мамилени туура тандоо өнүгүүсү кечеңдеген балдар үчүн өзгөчө маанилүү экенине ишенет.
– Бактыгүл Толоевна, кандайча логопед адистигине келип калдыңыз эле?
– Мен бул кесипке жеке тажрыйбам аркылуу келдим. Уулум психокептик татаал кечеңдөөгө жана өзгөчө жүрүм-турумга кабыл болду. Ал убакта мындай балдар менен иштеше алган адисти табуу бир топ кыйын болчу. Тийиштүү методиканы билгендер аз эле, өзгөчө жүрүм-турумдагы бала менен байланышты кантип жөнгө салууга болоорун көбү түшүнө берчү эмес. Биз жардамды көпкө издедик, керектүү адис таба албадык, а убакыт тилекке каршы, бизди күткөн жок, шаштыра баштады.
Ошондо мен маалыматтарды активдүү издеп, ата-энелер тренингинен өттүм, ал жактан башка ата-энелерден көптөгөн окуяларды уктум. Өзүмдүн балама жардам бериш үчүн өзүм изилдеп, тактап, окушум керек тура деген түшүнүк пайда болду. Уулум экөөбүз ресурстук борбордун «Үй-бүлө жана бала» программасына катыштык, андан соң «Чогуу өнүгөбүз» («Развиваемся вместе») мектепке чейинки даярдоо курсунан өттүк. Ушул курстардан улам мен уулум менен кантип туура иштешүүм керектигин, эмне натыйжалуу экенин жана сабакты кантип өтүү зарылдыгын тереңирээк түшүнө баштадым.
Баламдагы реалдуу өзгөрүүлөрдү көргөндөн кийин мындан ары да улантууну чечтим. Логопедия боюнча кошумча кесиптик билим алдым, андан кийин «Педагогикалык психология жана атайын билим берүү» багыты боюнча магистратурага тапшырдым. Ошондон бери дайыма окуйм, курстардан, семинарлардан, тренингдерден өтөм, квалификациямды жогорулатам. Менин өзүмдүн балама жардам берүү каалоом профессионалдык кызыгууга жана меникиндей эле кыйынчылыкка дуушар болгон башка үй-бүлөлөргө, балдарга жардам берүүгө болгон умтулууга айланды.
– Ишиңизде кандай заманбап методикаларды колдоносуз?
– Оюн терапиянын элементтерин активдүү колдоном – оюн бала үчүн байланыш түзүүнүн табигый жана натыйжалуу ыкмасы. Сабак кызыктуу жана түшүнүктүү болушу үчүн баланын кызыкчылыгы аркылуу, жумшак иштөөгө аракеттенем.
Ошондой эле АВА элементтерин (колдонмо жүрүм-турум анализи) кошуп, жүрүм-турум мамилесин колдоном, айрыкча эгер бала бир эле убакта ушундай сабактарга да барып жаткан болсо. Иш системалуу болуп жана туруктуу жыйынтыктарды бериши үчүн методиканы баланын жеке өзгөчөлөгүнө ыңгайлаштырам.
Айрым балдар менен биз сүйлөө, ой жүгүртүү жана социалдык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берген сюжеттик-ролдук оюндарды ойнойбуз. Артикуляциялык көнүгүүлөрдү көбүнчө жомокко айлантам – ошондо балага эмне үчүн тигил же бул кыймылдарды жасап жатканын түшүнүү оңой болот.
Сабактарды дагы да жеткиликтүү жана түшүнүктүү кылуу үчүн баланын жана анын жакындарынын сүрөттөрүн колдоном, аларды оюн тапшырмаларына жана визуалдык кеңештерге киргизем. Бул абдан жакшы иштейт, анткени бала өзүн процессте көрүп, чоң кызыгуу менен катышат.
– Билингвизм сүйлөөнүн өнүгүшүн жайлатат деген пикирди уккам. Бул чынбы?
– Ооба десек болот, бирок баары кырдаалга жараша. Эгерде балада психокептик өнүгүүнүн олуттуу кечеңдеши (ЗПРР) болсо, билингвизм сүйлөөнүн калыптанышын татаалдаштырышы мүмкүн.
Мындай учурларда мен ата-энелерге бир тилди тандоону сунуштайм – бала эң көп уккан жана анын тегерегиндеги - бала бакчада, аянтчада, күнүмдүк жашоодо курбу-курдаштары жана жакындары сүйлөгөн тилди. Эгерде баланын сөздүк кору жок болсо же өтө чектелүү болсо, анда ага ашыкча түйшүк үйбөө жана негизги көндүмдөрүн бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир тилге көңүл бурган жакшы.
Бир туруктуу тил лексиканы тез көбөйтүүгө жана сөз айкаштарын түзүүгө жардам берет. Сүйлөө бекемделгенден кийин, зарыл болсо, экинчи тилди акырындык менен киргизсе болот.
