Бакыт Камчыбеков, тамада: «Той башкарып жүрүп эле арабага отуруп калсаң жаман экен»
17 ноябрь

Бакыт Камчыбеков, тамада: «Той башкарып жүрүп эле арабага отуруп калсаң жаман экен»

Турмуш биз күтпөгөн жерден сокку уруп, биз күтпөгөн жерден жакшылыгын берет турбайбы. Бүгүнкү каарманыбыз бир кезде кыргыз элинин эрке баласы аталып, той-топурду шаңдуу алып барган тамада, ырчы болсо, бүгүн ден соолугуна байланыштуу арабага отуруп, эң оор операцияны башынан өткөргөн инсан. Дале болсо жакшылыктан үмүтүн үзбөйт. Тескерисинче жашоого позитив менен карап, бул оор сыноону жеңип сөзсүз басып кетем, кайрадан эл кызматында болом деген аракетинен жазбайт.

“Бутума туруп апамды Меккеге алып барсам деген тилегим бар”

Мен өзүм Кара-Көл шаарында төрөлүп, ошол жакта өсүп чоңойдум. Учурда 33 жаштамын. Тогуз жыл ырчы, тамада, шоумен катары эмгектенип келдим. Өзүм эки бир туугандын улуусу болом. Менден кийин Милана аттуу карындашым бар. Турмуш куруп, бирок жубайым экөөбүз убактылуу эки жактабыз. Бейиш эненин таманынын алдында дейт го. Анын сыңары апама чексиз ыраазымын. Бизди жарык дүйнөгө алып келди, кандай кырдаал болбосун эне ар дайым колдоочуң болот экен. Учурда карындашым экөө 24 саат бою мени карап жардамдарын аяшпайт. Буйруса алдыда басып элге аралашып, кайрадан өзүм жакшы көргөн кесибимди аркалап, апамды Меккеге алып барсам деген тилегим бар.

“Той алып барып жатканда колум иштебей калды”

Тагдыр күтүлбөгөн жерден сокку урат экен. Мындан эки жыл мурда жакшынакай эле той алып барып жаткам. Той жаңы башталып, элдин алдына чыгып сүйлөп жатканымда бир колум көтөрүлбөй калды.  Микрофон кармайын десем кармай алчудай эмесмин.   Өзүмдү абдан жаман сезип эмне кыларымды билбей калдым. Той ээлерине уят болбой, жакшылыгын үзгүлтүккө учуратпай эптеп  аягына чыгарсам экен дедим. Экинчи колум менен микрофон кармап тойду алып барууну улантайын десем ал колум да иштебей, эч нерсени сезбей калды. Жардамчыларым менен эптеп тойду жыйынтыктадык.  Ошол эле түнү дароо Бишкекти көздөй жөнөдүк. Эртеси ооруканага барып МРТга түшсөм, жүлүндө шишик бар деген диагноз коюп беришти. Тез арада, бир айдан кечиктирбей операция жасатыш керектигин айтышты.

“Операцияга кирип баратканда эки бутум иштебей калды”

Ден соолуктун кадырын бар кезде билбейт экенбиз. Буга чейин желкем ооруп калчу. Андай учурларда ооруну басуучу убактылуу дары сайдырып “жакшы болом” деп кенебей жүрө бериптирмин. Кийин бутум белги бере баштады. Футбол ойногондо буттарым жүгүрөт, бирок  топту тебе албай баштадым. Катуураак жүгүрсөм кулап түшчүмүн. Ошондо да маани бербей жүрүп акыры колум иштебей калып жатпайбы.

Бул операция Кыргызстанда жасалбайт экен. Болушунча каражат топтоп алып  Түркияга жеттик. Ал жактын врачтарына бутум менен басып эле баргам, бирок операция болор күнү эки бутум да иштебей калды. Муну врачтар мага ага чейин эле эскертишкен эле.  Ошентип биз күткөн операция ийгиликтүү болду. Бирок эки күндөн кийин ысытмам түшпөй кыйнала баштадым. Көрсө, өпкөгө суу толуп, жүрөк чоңоюп кетиптир. Текшерүүдөн өткөрүшүп, мунун себебин энергетик суусундугун көп ичкендигиме байланыштырышты. 

“Кенебестигим ооруну күчөтүп жиберди”

Жаштыгың, курчтугуң, кенебестигиң менен кээде жакындарыңдын айтканын укпай коюу ден соолуктан ажыратат экен. Эмне себептен ооруп калдым? Эмне үчүн арабада отурам? деген суроолорду өзүмө берип көрдүм. Балким менин жаштыгымда кетирген катачылыгым кимдир бирөөлөргө сабак болор. Мен кетирген кемчилик катаны балким замандаштарым кайталабастыр. Себеби, суукта башымды жууп жылаңбаш, башка эч нерсе кийбей деле  сыртта жүрөт элем. Апам: “Балам, баш кийим кийсең боло” деп көп айтар эле. Ошондой күндөрдөн улам желкем ооруп, кээде чыдатпай калганда ооруканага барып тамчылатма дары сайдырып коюп толук дарылынбастан иштеп жүрө берчүмүн.  Кийин догдурлардан дарттын кесепетин сураганыбызда, “Тубаса болушу мүмкүн, балким катуу сокку алгансың. Же стресстен болушу мүмкүн” деген үч түрдүү себебин айтышты. Тубаса болбошу мүмкүн жана сокку да алган эмесмин. Мунун эң чоң себеби стресс экенин түшүндүм. Энергетик суусундук ичип, күн-түн дебей эл кызматында болдук. Организм өз убагында эс алып турбаса чарчап стресске кабылат экен. Жаштыгым менен өзүмдүн ден соолугумду өзүм талкалап алган турбаймымбы деген ойлор келет жана башкаларга ден соолуктан өткөн байлык жок, өзүңөрдү карагыла деп айтаар элем.

“ Операциядан бат эле чыгам деп тойлорго тапшырык алып койгон элем”

Үмүт деген акыркы үзүлөт деген чын. Рак илдетинин экинчи стадиясы экенине карабай бул ооруну жаман илдет катары кабыл алган жокмун. 2023-жылы декабрь айларында операцияга кирип баратып “Операциядан чыгам, эки күн жатып басам. Андан чыгып алып Кыргызстанга учуп келип ишимди улантам” деп ойлогом. Ошол учурда тойлорду алып барууга тапшырык алып койгон элем. Көрсө, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип коёт экен. Баары Жараткандын колунда тура.  Мен ал жактан эки айда гана чыктым. Дароо басып кете албай коляскага отургузганда чындыгында башкача абалда болдум. Ал абалымды сөз менен айтып жеткире албайм.  Бирок, басып кетем деген ишеним жүрөк түпкүрүндө бар болчу. Ошондон бери реабилитациядан өтүп жатам. Кайра калыбына келиш үчүн убакыт жана чоң каражат керек экенин түшүндүм. Ушул кезге чейин жардамын аябаган, кыйын күндө кол үзүп кетпеген апама, карындашыма, жакындарыма, классташ досторума, кесиптештериме жалпы элиме ыраазымын.  Учурда кайрадан дарыланып келүүмө жалпы 33 миң АКШ доллары керектелүүдө. Элибизден айланса болот. Ар бириңиздерге ыраазымын. Буйруса чогулуп отуруп  8 миң доллары калды. Ушул сумма чогулса кайрадан басып кетишиме чоң мүмкүнчүлүк болмок.

“Бул ооруга, сыноого, кайгыга жеңилбейм”

Башында уялдым, намыстандым. Мен үчүн жардам суроо абдан оор болду. Ошону менен бирге майып болуп арабада өмүр байланган андан да оор экенин сездим. Өмүрдүн, ден соолуктун баасын түшүндүм. Камкордук эмне экенин туйдум. Кээде кетип баратсаң кичинекей балдар ата-энесине, “Баспайт да, ошо үчүн каляскада отурат да э?” деген суроолорун кулагым чалып калып кейип кетем. Анын үстүнө дайыма шаан-шөкөт, той-топурда ырдап, эл кызматында жүрүп эле бир күнү эле жымжырттыкта, тынчтыкта өзүң менен өзүң болуш да кыйын болот. Мындай учурларда көпчүлүк өзүн таштап, депрессияга алдырып жибериши мүмкүн.Бирок мен ооруга да, андай кайгыга, сыноого эч кандай жеңилбейм. Жашоо бул сыноо, күрөш. Кудайымдын, элимдин  колдоосу менен бул күндөрдү сөзсүз жеңип бутума туруп, элиме ак кызматымды кылам деген тилегим чоң.