Ибрагим Жунусов: Достор менен же үй-бүлөм менен отурганда эсепти мен билбеген эле адамдар жаап койгон учурлар болот
14 ноябрь

Ибрагим Жунусов: Достор менен же үй-бүлөм менен отурганда эсепти мен билбеген эле адамдар жаап койгон учурлар болот

Бүгүн белгилүү ырчы, обончу бир канча мамлекеттик кызматтарда иштеген Ибрагим Жунусов менен  баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

– Ибрагим Коджоназарович, кайсыл ырыңыз элге таанытып, ырчы катары кадырыңызды көтөрдү эле?

– Элдин көпчүлүгү мени “Эламан” деген ырым элге таанытты дешет.  Ошол ырым чыкканда уулдарына Эламан деген ат коюшканын, ал ыр көп адамга жакканын айтышат. Бирок, мен  чыгармачылыктагы  паспортум болгон 18 жашымда жазылган  ата-энеме арналган “Апама кат” деген ырым тааныткан деген пикирдемин. Ал ыр элге “Алтын апам” деп сиңип кеткен.

Алтын апа, болбочу капа,

Уулуң үчүн, санаа тартпа.

Алтын апа, кат жазам сага,

Сен мен үчүн санаа тартпа,

Алтын апа.

– Эл сыйлаган ырчы болуу  канча жылдык мээнетти талап кылды?

– Эл сыйлаган ырчы болуш үчүн 5 жыл же 10 жыл керектелет деп жылга чектесем туура эмес болуп калат го. Чыгармачыл адам болгон соң ар бир күн мээнетти талап кылат. Мен эл сыйлаган ырчы болдум. Мээнетим кайтты деп изденбей койгон да туура эмес. Керек болсо күнүгө өз алдыңча мээнеттенесиң.

– Сизди сыйлагандар аты-жөнүн айтпай эле акырын кафе, ресторандагы эсебиңизди  жаап коёт экен. Мындай сыйга кантип жеттиңиз? Тоюнда ырдадыңызбы же алардын жүрөгүн ырыңыз мененби же адамгерчилигиңиз менен багынттыңызбы?

– Андай учурлар  көп эле болот. Алардын жүрөгүн кантип багынтканымды өзүм да билбейм. Көпчүлүк учурда достор менен же үй-бүлөм менен отурганда же бир жерде тамактанып жатканда,  эсепти мен билбеген эле адамдар  жаап койгон учурлар болот. Анын себебин чындап билбейм. Чыгармачылыгымды урматташабы же кичине болсо да саясаттагы ордумбу баалашабы  мага да белгисиз. Көпчүлүгү “каркырага каршы чыкканыңыз үчүн сыйлайбыз” – дешет. Кээ бири “ырларыңызды сүйүп угам. Чыгармачылыгыңызды сыйлайм” – дейт.  Дагы бири “сиздин ырлар менен чоңойдук. Сиздин ырларыңыз балалыгымды эстетет. Сиздин ырларыңызды тойдо минтип ырдадым” -дейт.  Айтор, ошон үчүн бул суроонун аныгын билбейм. Бул суроого мени сыйлап, урматтаган адамдар жооп берсе жакшы болмок.

– Ырчылар мыкты  ырлар бирөөнү сүйгөндө же ичип алганда чыгат дешет. Чыгармачыл адамдарда жакшы ыр жазыш үчүн сулуу, жаш кыздарды сүйүү шартпы?

– Жакшы чыгарма сөзсүз эле кимдир бирөөнү сүйүп калганда жаралат деген туура эмес. Чыгармачыл адам бирөөнүн көйгөйүн  өзүнүн көйгөйүндөй көрүп,  ийгилигине  өзүнүн ийгилигиндей сүйүнгөндө жакшы чыгарма жаралат. Көпчүлүгү ойлойт  ичип алганда жакшы ыр чыгат, ичкенде  эргүү келет деп. Чынында ичип алганда жазылган ырлар өзүнө окшогон мас ырдай эле болуп калат. Негизи жакшы ыр жаратыш үчүн жакшы эргүү керек. Жакшы эргүү маанайың беш болуп турганыңда келет. Мисалы, мекен, бала, апа жөнүндө жазылган ырларга сөзсүз жакшы эргүү  болушу шарт. Болбосо жүрөккө жеткен ыр чыкпай калат.  Ырчылардын ыр жаратышына  бирөөнүн  биографиясы же тагдыры, тарыхы да себеп болуп калышы мүмкүн. Кээде  уламыштар же жакшы сөздөрдү угуу дагы жакшы чыгармалардын жаралышына себеп болуп калат...

– Устатыңыз Рыспай Абдыкадыровдун жакшы жактарын өзүңүзгө сиңирдиңизби?

– Рыспай агайым дайым бир нерсени айтчу эле. “Ибрагим, менин жакшы жактарым бар.  Жаман жактарым бар. Менин жакшы жактарымды гана ал. Менин жакшы жактарымды алсаң гана сен ырчы эле эмес, ийгиликтүү адам болосуң” – дечү.

Мен агайдын жакшы жактарын көп алдым. Ошол себептен бир үй-бүлө гана күтүп, бир үй-бүлө менен өсүп, өндүм. Сахнадан дагы, мамлекеттик кызматтан дагы ийгиликке жеттим.

– Сиздин да жаш кыздар менен дуэт ырдап чыккыңыз келеби? Айрым ырчылар “жаш кыз менен ырдабаганда анан эмне картаң кыздар менен ырдайынбы?” деп кекетишет го...

– Көпчүлүгү “дуэт ырдайлы” деп калышат. Жаңы жылга дагы “дуэт ырдагыла” деген сунуштар түшүп жатат. Бирок, дуэт ырдоо менин оюмда дагы жок. Дуэт ырдоо үчүн ага ылайык ыр болушу керек да.