126 килограммдан 62 килограммга: Элмира Орозобекованын өзүн жеңүү тарыхы
13 ноябрь

126 килограммдан 62 килограммга: Элмира Орозобекованын өзүн жеңүү тарыхы

Кыргыз айымдары чыйрак, оокатка тың, көздөгөн максатына сөзсүз жете алган мырза мүнөз болот экенин далилдеген дагы бир айым менен маек курдук. Каарманым «Asyl.med.kg» ден соолукту чыңдоо борборунун негиздөөчүсү. Ал, эл арасында унутулуп, көп айтылбай калган “желкабыз” деген сөздү элдин кулагына жатык кылып, бул жөн эле сөз эмес, канчалаган айымдар жабыркап жүргөн оору экенин бүгүнкү айымдарга таанытты десем жаңылбайм. Анткени өлкө боюнча биринчилерден болуп Кыргызстанга кедр дарагынан жасалган фито челектерин алып келип, атайын желкабызды дарылоонун жеке ыкмасын иштеп чыккан. Эмесе каарманым өзү кененирээк айтып берсин.

– Элмира Орозобековна, “желкабыз” деген унутта калып калган сөздү элге тараткан, акыркы жылдарда ушул оору менен жеке ыкмаларыңыз менен күрөшкөн алгачкы айым сиз болдуңуз окшойт...

– Мен бул сөздү турмушка чыккандан кийин кайненемден, айылдагы апалардан уккам. Өзүм шаарда өскөндүктөн бул эмне деген сөз болду экен деп түшүнүп-түшүнбөй эле жүрө берчүмүн. Ошол апалар улам-улам эле “желкабыз болуп калыптырсың” деп жүрүштү. Чын эле аябай толуп кеткем, салмагым 120 килограмм болчу. Аял киши үчүн бул салмак аябай ашыкча. Өзүмдөн өзүм чүнчүп, басынып, кебетемди күзгүдөн карай албай, жолдошумду да көргүм келбей катуу стресс абалда болчумун. Таптакыр элден качып, иштемек тургай эшикке чыккым келбей калган. Туугандардан да качып, айтор, туңгуюкка түшүп кеткем. Эми элестетсеңиз, салмагың 120 кг болсо, албетте денеңден жагымсыз жыт чыгат, кичине кыймылдасаң эле тердейсиң, конокко барсаң же конок тоссоң тоголонуп эч жерге батпайсың (күлүп). Толук айымдар канчалык өзүбүздү алдаган менен баары бир үй-бүлөдө аял менен эркектин ортосундагы сезим сууй баштайт экен. Акыры чечимин таап, өзүмдүн желкабызды дарылоо ыкмамды иштеп чыктым.  Кудайыма шүгүр, 126 кг салмактан 3 жылда 62 кг салмакка түштүм.

– Азаматсыз, эмне деген эрк... Сиздин ошондогу менен азыркы келбетиңиз асман менен жердей...

– Толук кезимде денем эле эмес, жан дүйнөм да оор болуп, салмак басып тургандай сезиле берчү. Бир күнү балам “апа, Колобок сенин бетиңе окшош”, – десе болобу! Күзгүдөн карасам көзүм араң эле ачылып, чын эле бетим топтоголок болуп калыптыр.  Түндө уктай албай жатам, аллергия болуп жатат окшойм деп өзүмдү алдай берчү экенмин. Көрсө, мунун баары семиздиктен экен. Ушундай ызаландым дагы “жетет” дедим. Болгон аракетимди арыктоого жумшай баштадым. Качан гана кыялымдагы салмакка түшкөндө жонумдан оор жүктү алып салгандай, кайра төрөлгөндөй сезимде болдум. Оор салмак менен кошо оор ойлор,  чарчаган абал кошо кеткендей болду. Ушунчалык жеңилдедим, каалаган кийимдеримди кийип, өзүмдү аял сезип баштадым.

– Кандай ыкмалар менен арыктадыңыз?

– Денеден желди эмне чыгарат деген суроону изилдеп отуруп, илгери биринчи дүйнөлүк согушта эле ооругандарды дарылай турган кедр дарагынан жасалган челектер тууралуу маалымат окудум. Бул бир гана Сибирде жасалган челек экен. Анткени кедр дарагы ал жакта жакшы өсөт, биздин климатта жашай албайт. Дароо ошол жактан Кыргызстанга челекти алдырдым. Дары чөптөрдү изилдеп жүрүп, дары чөптөр менен иштеген адам менен таанышып, чөптөрдүн сырларын үйрөнгөм. Ошол чөптөрдү кедр дарагынан чыккан буу менен чогуу колдонсо жакшы эффект берерин түшүнүп, кырктан ашык дары чөп салынган фиточелекке отуруп, андан чыккандан кийин кичинекей бөбөктөй оронуп жатып, алка-шалка тердей баштадым. Тер менен адамдын денесиндеги желдин баары кетет деген чын. Жакшы жыйынтыктарды көрө баштадым. Ошентип ага дарылоо массажын коштум, бара-бара заманбап арыктатуучу кавитация сыяктуу аппараттарды коштум. Албетте сергек жашоо образы, туура тамактанууну кармандым. Ошентип талбаган аракеттин арты менен 3 жылда семиздикти жеңип чыктым. Фитобочка, массаж, кавитация жана туура тамактануу мен үчүн жөн эле процедура эмес, бул – кайра жаралуу болду. Ар бир тамчы тер менен кошо менин ишенимим жана жашоого болгон сүйүүм кайтып келди.

– Демек төрөттөн кийин кырк күн ден соолукту жакшы караш керек деген туура эле турбайбы...

– Албетте, кырк күндүн ичинде аялдын организми акырындан-акырындан баштапкы калыбына кайтат. Ошол маалда жакшы тыңыбай суукка урунуп кала турган болсо мендей болуп шишип, толуп кетет. Негизи мурда кыргыздардын салтында жерди казып, ичине чөптөрдү өрттөп туруп, аялды жаткырышчу экен да. Ошондо денедеги жел чыгат дешчү экен. Негизи кырк күнгө чейин келинди төркүнүнө кетирген туура. Кайын журтта келин жата албайт, төрөп келип эле уялганыбыздан жаштыкка салып ооокатка кирип кетип жатпайбызбы. Кырк күн чыдап тыңытып алышса өмүр боюу кызматын кылат го. Ошол үчүн келинди аяганды үйрөнүшүбүз керек. Фитобочка бир эле желкабызды дарылабайт, сөөккө чейин кирген суукту дагы тер аркылуу алып чыгат. Артирт, муун оорулары, сөөк ооруларына миңдин бири. Ал эле эмес айымдар “климакс” боло баштаганда фитобочкага жатып 10 күн дарыланып койсо, бат-баттан ысый берген, үшүй берген симптомдор жоголуп кетет. 

–  «Asyl.med.kg»  борборунун ачылган күнү эсиңиздеби?

– Борбор ачылган күнү эң биринчи эле раматылык апамды эстегем. Анткени мына ушул кедр бочкасы, майды эриткен аппараттар апамдын эңсеген нерсеси болчу. Апам өзү толук болгондуктан жөн эле жатсам, майларым өзү эле эрий берсе деп кыялданчу да. Апамдын ошол сөзү кулагыма жаңыра берет,  тилекке каршы ошол аппараттын баары колума тийген маалда апам жок... Оорудан улам кайтыш болуп кеткен. Менин дарыгер болушума да апамдын салымы чоң, ушул кесипти тандачы деп көп айтаар эле. Дермотолог-косметолог кесибинин ээси болгондуктан ушул багытта эле иштей берсем болмок, бирок мен ушул толуктуктун азабынан мен сыяктуу толуп кеткен айымдарды ден соолукка зыян келтирбей арыктата турган борбор ачууга бел байлагам. Апам  убагында  арыктайм деп кытайдын ар кандай дарыларын ичип жүрүп организм чарчадыбы  же тагдырдын буйругубу,  айтор рак илдетине чалдыгып, бат эле каза болуп калган. Негизи эле рак оорусунун бирден бир козгоочусу кытайдын таблеткалары экен.  Ошол үчүн ден соолукка зыяны келбеген жол менен арыктаса болобу деп жүрүп ушундай чоң борборду кантип ачканымды билбей калдым. Борбордо жогоруда айткандай фитобочка, массаж, дене түзүлүштү коррекциялоочу заманбап аппараттардын түрү бар. Бул аппараттарды апамдын “жата эле берсем, майым өзү эле эрий берсе...” деген сөзүнөн улам алып келгем.

– Заманбап аппараттар деп калдыңыз, ден соолукка кыйыр таасирлери болбой койбосо керек?

– Бизде аппараттардын түрлөрү көп. Ар биринин медициналык көрсөтмөлөрү бар. Каршы көрсөтмөсү жок аппарат болбойт. Ошол себептен эң биринчи кеңеш бергенде сөзсүз өзүм болом. Себеби ар кимдин организми ар кандай. Биринде өпкө оорусу бар, биринде аллергия бар, кээ биринде эпилепсия же тубаса жүрөк оорусу бар. Мындай оорулар менен ооругандарды албетте кабыл албайбыз.

Кайра толуп кетүү коркунучу жашайбы сизде?

– Кайра толуп кетүү коркунучу ар дайым боло берет. Бул үчүн дайыма, тынымсыз аракет гана талап кылынат. Эң башкысы желкабыз болуп айыккан айымдар кайрадан суукка урунуп калгандан абайлаш керек.