Азамат Тынаров: “Уядагы балды жегиси келгендер көп экенин билсем, дыйканчылык билимди талап кылаарын түшүндүм”
Бүгүн биз блогерлик менен балчылык, дыйканчылыкты айкалыштырып алып жүргөн Азамат Тынаров менен баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.
– Азамат мырза, дыйканчылык, балчылык ишиңизде блогерликтин пайдасы тийип жатабы?
– Албетте, блогер болсоң жарнамалык кызматтарга муктаж болбойт экенсиң. Алуу, сатуу маселесин жарнамалаганга киши издебей эле өзүң эле жүргүзө берет экенсиң. Ошондой эле кимдир бирөө менен сүйлөшкөндө “сизди социалдык тармактан көрүп калчумун, ошол блогер турбайсызбы” деген сөз деле мамиле түзгөнгө, аласа бересеге пайдасы тийе берет экен.
– Дыйканчылык менен бал челекти бирдей алып кетүү кыйынчылык жараткан жокпу?
– Дыйканчылык менен бал челекти бирдей алып кетүү кыйын эле. Бирок, адам баласы убакытты туура пайдаланып, баарына жетишсе болот экен. Эң жакшы жери эртеден кечке кыймылда болгон үчүн кечинде жакшы уктайт экенсиң.
– Пайда кулпунайдан көбүрөөк түшөбү же балчылыктанбы?
– Экөөнүн кирешеси бирдей эле. Кулпунайды сактай албайсың, шыр сатасың. Тагыраагы, чыккан баа кандай болсо көнөсүң. А балга өзүң ыраазы болгон бааны коёсуң. Тагыраагы баасын чыгарып сатасың. А кулпунайда ыраазы болбосоң да чыккан баасына сатасың...
Бул эки тармакты бирдей алып кетүү жашоо-шарты жакшыртуу, үй-бүлөмдү багуу үчүн, эч кимге көз каранды болбоо үчүн жасаган аракетим болду. Кудайга шүгүр, ишти жөндөп кеттим.
– Кулпунайды соц тармакта сатасызбы же дүңүнөн эле берип коёсузбу?
– Кулпунайды дүңүнөн сатам. Сыртка ташыгандар алып кетишет. Биздин базарга анча-мынча эле чыкпаса, көбүнчө Казакстанга, Россияга алып кеткендерге өткөрөбүз. Негизи кулпунайды чоң көлөмдө деле өндүрбөйм. Алымдын жетишинче эле багам.
– Уядагы бал дагы өз кардарын таптыбы?
– Уядагы бал мурун эле бал саткан дүкөндөрдө сатылчу. Анын пайдасын түшүнгөндөр гана алышчу. Болгону мен аны жарнамалап салдым. Себеби, бал сатканда рамканы кошо ала келчи, уядагы балды жеп, сыртын чайнайт элем дегендер болду. Уядагы балдын рамкасын 1000 сомдон берем десем кардарлар көп чыгып, ала башташты. Мен мындан уядагы балды жегиси келгендер көп экенин билдим.
– Бир рамкадагы уядагы балдан канча бал чыгат?
– Эгер рамка толо болсо, бир жарым кг бал чыгат. Өзү бир сегиз же эки килограмм чыгып жатат. Таза бал бир жарым кг чыгат.
– Уядагы балды сактаса болобу?
– Тике коюп, күн тийбеген салкын бөлмөгө сактаса, агып калбайт. Негизи уядагы бал эч качан сапатын жоготпойт.
– Аары багуунун дагы түйшүгү барбы?
– Албетте, өзүнө тийиштүү түйшүгү бар. Аарылар дагы биттейт, ичи өтөт. Ошон үчүн өз убагында дарылап, алдын алыш керек дегендей. Атам балчы болгондуктан балалыгым аарынын арасында өттү. Ошон үчүн бул тармакта иштеп кетүү мага өтө деле оор болгон жок. Менин балалык кездеги кызыктуу күндөрүмдүн баары аарыга байланыштуу болду. Атам экөөбүз тоонун арасына кичинекей ящиктерди койчубуз. Капканга түшкөн аарыларды үйгө алып келип, колго бакчубуз. Атама пайдам тийбесе деле эмнегедир мени ээрчитип алчу. Экөөбүз божурап, көп нерсени сүйлөшчүбүз. Сөзүбүздүн көбү аарыга байланыштуу болчу. Атам аарылар эмнеге учуп качып кетээринен бери түшүндүрүп берчү. Ал турсун гүлдөрдүн дагы бал берген, бербегенине чейин сүйлөшчүбүз. Бул гүл пайдалуу, тигил гүл анча пайдасы жок деп. Атам берген түшүнүк менен эле аары багып кеттим.
– Дагы эмнени өздөштүрүүнү пландап атасыз?
– Аары, кулпунай, малина жаз, жай, күз гана мезгилдерде алек боло турган иштер. Кышында бош болуп калам. Ошон үчүн кышкысын алек боло турган гүл өстүргөн күнөскана курсамбы деген ниетим бар. Гүлдөр февралдын этегинде гүл ачып, 8-мартка даяр болуп калса деп кыялданып жатам. Каражатым жетсе ушул ишти ишке ашырсам деп турам.
– Галстук тагынган чиновник болууну каалаган жоксузбу?
– Мен деле галстук тагынган чиновник болом деп окугам. Кызматка барып иштейм деп ойлогом. Ата-энем, туугандарым, досторумдун баары мени кызматкер болот деп элестетишчү. Бирок, мен дыйканчылык жана балчылык менен жан багып калдым. Кудайдын буйругун күнү мүмкүн мамлекеттик кызматкер болуп калармын. Негизи ак көйнөк кийген чиновник болгум келчү. Азыр ак көйнөк кийип дыйканчылык менен алп урушуп жатам.
Негизи эки дипломум бар. Биринчи кесипти автожол техникумдан алгам. Экинчи билимди Агрардык университеттин жүк ташууну уюштуруу жана башкаруу адистиги боюнча алгам. Башта милициянын күзөт кызматында 4 жыл иштегем. Айылдык кеңеште депутат болгом. Коомдук, мамлекеттик иштерде байкоочулук кызматтарды кылгам. Анан дыйканчылык менен алектенип кеттим.
– Жасап жаткан иштериңизден ырахат аласызбы?
– Жасап жаткан ишимден ырахат албаска аргам жок да. Олчойгон акчаларды салгандан кийин кайда басып кетет элем. Дыйканчылык ишти жөнгө салганга эле эки миллиондон ашык каражат короттум. Талаа иштери оор болсо да, каражатың коргон соң, өз көңүлүң менен эле байланып калат экенсиң. Анан пайдасын көргөндө, мээнетим кайтты деп албетте, ырахат аласың.
– Сиздей мээнеткеч болгусу келгендер эмне кылышы керек?
– Мендей болуп иштөө үчүн ушул иштин өтөөсүнө чыгам деген ишеним керек. Мен деле муну кылсамбы же тигини кылсамбы деп кылчактай берем, болгон акчаны кетиргенден кийин айла жок ошол тармакты сүйүп, иштин үзүрүн көргөнгө аракет кыласың.
Дыйканчылык десе эле кетменди сүйрөп алып, талаада жүргөндү элестетпеш керек. Тагыраагы, дыйканчылык дагы билимди талап кылат экен. Бала кезден талаа иштерине иштеп көрбөсөм да, дыйканчылыктын дагы чоң түйшүгү бар экенин, бир нерсени өндүрөөрдө анын жол-жобосун билүү маанилүү экенин түшүндүм. Кулпунай, малинаны сугарып койсо эле боло берет деп ойлочумун. Көрсө, алардын дагы оорусу, курту болот экен. Агроном болбосоң дагы кайсыл учурда сугарыш керектигин да билүү маанилүү экен. Бирок, азыр интернет өнүккөн заманда бир нерсени үйрөнүш оңой десем болот. Себеби, баарын ютубдан карап аласың. Анан тийиштүү адистердин кеңешин угасың. Бирок, ошол баардык нерсени өзүңө сиңирип, пайдаланыш үчүн деле билимдүү болгонуң жакшы экен. Негизи көлдүн аба ырайы мөмө-жемиштерге ыңгайлуу деп угуп, көлгө дагы малина эгүүнүн аракетин жасап жатам.
