Тырышкан той ээсинин “бырышкан” тоюу – тамада-фокусчу менен маек
14 ноябрь

Тырышкан той ээсинин “бырышкан” тоюу – тамада-фокусчу менен маек

Акыркы учурда той жашообуздун айрып алгыс бир бөлүгүнө айланды. Ага ылайык, түшүнүгүбүзгө тамада кесиби кирди. Азыр айрыкча күздү тойсуз, а тойду тамадасыз элестетүү кыйын. Көп тойлордо тамадалык гана кызмат кылбай, ырдап, бийлеп, ал турмак фокус көрсөткөн тамада-фокусчу Тимур Кабаевден бул жаңы кесиптин айрым сырларын сурадык.

– Окуусу жок жөндөмдү өздөштүрүү окуусу бар кесиптерди алууга караганда кыйын болсо керек, мында адам талантына, шыгына гана таянууга туура келет го дейм?

– 2007-жылдан бери тойлордо кызмат кылып келатам. Мени бул жакка турмуш өзү алып келди. Кесибим музыка мугалими. Маданият чөйрөсүнө 4-классымдан аралашып, Кыргыз циркинде жонглер-фокусчулукка окудум, ошол жакта иштедим. Анын артынан эл алдына чыгууга үйрөндүм. Башында тойлордо тамадаларга жардамчы болуп, музыкант катары кызмат кылдым. 2011-жылдан тартып өзүм тамада боло баштадым. Биздин заманда бул да өзүнчө бир кесип болуп калбадыбы.

– Кардарларды сиз кайдан табасыз, а кардарлар сизди кайдан табат?

– Кыргызстандын жети дубанын кыдырып жүрөм. Ар бир облустун өзүнө жараша салт-санаасы, үрп-адаты, өзгөчөлүктөрү бар, анын баарын тереңдеп билип, ар бир тойду ошол өзгөчөлүгүнө жараша өткөрүп баштагандан кийин элдин алкышына ээ боло баштайт экенсиң. Бир тойго барып, ал жакта үч адамга жаксам – ошол менин утушум. Ал үч адамдын бирөөсү мени тоюна чакырса, ал жактан да үч адамга жагып келсем дейм. Ушул менин урааным – ар тойдо үч адамга жагуу. Ошонун өзү жарнама. Азыр көпчүлүк тамадалар соцтармактар аркылуу кардар табууга аракеттенишет. А  мен үчүн элден өткөн жарнама жок. Мага дайыма “сарафан радио” жардамга келет.

– Тойлордо жок эле дегенде 50 адам болот деп коелу, ошончо адамдын көңүлүн 3-4 сааттап алуу чоң эмгекти талап кылса керек?

– Албетте, бул чоң эмгек. Бирок 300 адамдын көңүлүн табууга караганда 50 адамдын көңүлүн табуу кыйын. 50 адамга көбүрөөк энергияң кетет. Ар бир тойго даярданууга туура келет, багажың, программаң кенен болушу зарыл. Мен тойго бир күн калганда той ээсинен маалымат алам, той ээси кайсы жактан, кудалар кайсы жактан, эгерде юбилей болсо, ал адам кайсы кызматтарда иштеген, эмнеге кызыгат, кандай наамдары бар ж.б. Анан ага жараша даярданам.

– Тойлордун баары окшош болуп калды, окшош тост, окшош тамада, окшош оюн деген да сындар айтылып жүрөт. Өзүңүз алып барган тойду өзгөчөлүү кылууга аракеттенесизби?

– Чындыгында тойлор абдан окшошуп баратат. Менде деле башында сынга кабылган күндөр болгон. Бирок азыр башкаларга окшобогон стилимди табуу аракетим ишке аша баштады. Менин кеңешчим бар, аты-жөнүн айтпай эле коеюн, чогуу отуруп алып программа түзөбүз, оюн ойлоп табабыз. Айтор, “мозговой штурм” жасайбыз. Биздин башкы эрежебиз – ашепке кетпөө:  тилден да, оюндан да. Кыргыздын салт-санаа, менталитетинин чегинен чыкпоо. Улуттук каада-салтты жаштарга оюн аркылуу болсо да таанытуу, ар бир сөз, оюнда улуттук баалуулуктарды баса белгилөө. Анан дагы тойлордогу көнүмүш, жадатма каалоо-тилектерди айтууну азайтып, убакыттын көбүн көңүл ачып, ырдап-бийлөөгө бөлүүнү да караштырабыз. Анткени, мен көрүп жүрөм да, айрым тойлордо адамдар жадап, эптеп эле эт тартылса, конвертибизди бере салсак, кетсек болот эле деген маанайда отурушат. Мен алып барган тойлордо ошондой маанайдагы адамдар аз болсун деп максат кылам.

– Эсиңизде калган той?

– Абдан көп. Бирок абдан эсимде калганы – тамадалык кылууну жаңы баштап жүргөн жылдары Талас облусунун тургундарынын тоюн алып барып калдым. Тойго келгендер абдан жоомарт экен, улам бири келет “приз” деп, чөнтөгүмө акча салып кетишет. Ошентип, той аяктагыча “приз” берчүлөрдүн аягы тыйылбады. Эки чөнтөгүм акчага толду, жалпы 50 миң сомдой чогулду. Той бүткөндөн кийин той ээсине барып, “Ушунча акча топтолду”, - десем, “Анын баары сеники”, – деп койсо болобу. Гонорарым 10 миң сом болчу. Ошону менен гонорарымдан беш эсе көп акчаны көтөрүп үйүмө кеткем.

Дагы бир той – 250 адам катышкан тойдо кыздын апасы кечикти. Саат 21.00 болду, элдин баары келген, мен нерв, менден өтүп той ээси нерв. А кудагыйыбыз жок. Ары басам, бери басам, баштай берели десек, кудагый келмейинче болбойт дешет. Анан бир убакта кирип келди. Көрсө, салонго барып, анан жол тыгынга кабылып, келгиче ушул болуптур. Мен жанталашып тойду баштадым, анан эле отургандардын бири үнүн катуу чыгарып кечигип келген адамды сөгүп атпайбы. Кудагый нес болуп, куда тарап нес болуп, алардан өтүп мен ыңгайсызданып, айтор бир башкача абалда калганбыз.

– Кандай той ээлери бар?

– Ар түрдүү: жакшысы да, начары да бар.  “Тойдун кандай деңгээлде өтүшүн билгиң келсе, той ээсинин кабагын кара” деп коюшат. Ошол чын. Кээде канчалык даярданып барсаң да, той ээсинин кабагына кар жаап турса, ал той каалооңдогудай болбойт. А кээде даярдыксыз шашылып барып калган учурда, той ээсинин кабагы жаркырап-жайнап турса, андан алган оң энергетика менен тойду шаңына кантип чыгарып жибергениңди өзүң да билбей каласың. Той – той ээсинин пейилине жараша өтөт. Той ээси канчалык тырышса, ошончолук бырышкан той болот да. Ошондуктан, мага белек-бечкек, сыйлык эмес, той ээсинин адамдык сапаты абдан маанилүү.

– Тамада тойдон кийин өзүн кандай сезет?

-Мен ошол маалды аябай жакшы көрөм. Айрыкча, той аяктаарына аз калган, бешбармак тартыла баштаган учурду. Соңунда элдин кол чабуусунан, алкышынан энергия алып дагы бир тойду өткөрүп жиберчүдөй болуп кетесиң. Милдетиңди татыктуу аткарганыңды сезүүнүн өзү ырахат да. Албетте, моралдык жактан чарчайсың. Андайда эртерээк үйгө жетсем, келинчегим менен чогуу тамактансам, анан уктасам дегенге шашып калам.

– Тойдун “сезону” кайсы айда?

– Азыркы учурда кыргыздар сезонго карабай калды, илгери күркүрөгөн күздө той беришчү, а азыр кышында да, жазында да, жуманын бардык күндөрүндө да өткөрө беришет. Бирок эң көбү күз айына туш келет. Мына, азыр мен дүйшөмбү күнү, үйлөнүү үлпөт тоюна тамадык кылууга бара жатам.

Тамада менен байланышуу:

Instagram: showman_timur

0700187523

0700931093