Жумабек Базарбаев: «Биз баарыбыз бир асмандын астында жашайбыз»
Бишкекте, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде белгилүү сүрөтчү Жумабек Базарбаевдин “Бир асман астында - П” символикалуу аталыштагы көргөзмөсүнүн ачылышы болду.
Иш-чарада ар кайсы өлкөлөрдөн келген живопись сүйүүчүлөр, сүрөтчүлөр, искусство таануучулар жана жөн гана искусствону баалагандар чогулушту. Көпчүлүк үчүн бул чебердин чыгармачылыгы менен таанышуу чыныгы ачылыш болду.
– «Бир асман астында» бүткүл дүйнөнү бириктирет, – дейт сүрөтчү. – Искусстводо чек ара жана улут жок. Ал адамдарды бөлбөшү керек, кубаныч тартуулашы жана бириктириши керек. Менин ушундай аталыштагы биринчи көргөзмөм Казанда өткөн, эми долбоордун уландысын Кыргызстанда тартууладым. Келечекте «Бир асман астында» ар кайсы өлкөлөрдө жана шаарларда жаңырып, планетанын адамдарын искусство аркылуу бириктиришин каалайм.
Саякаттар, шыктануу жана гармонияны издөө
Экспозиция музейдин эң жарык залдарынын биринде – живопись дем алган мейкиндикте жайгашкан.
Базарбаевдин долбоору – бул дүйнө жүзүндө саякаттоодон топтолгон сезимдердин, таасирлердин жана маанилердин өзүнчө географиясы.
Сүрөтчү Түштүк Кореяда каллиграфияны жана акварель техникасын үйрөнгөн, Россияда — Владивостоктон Казанга чейин бир нече жыл жашап, пленэрлерге катышып, жеке көргөзмөлөрүн өткөргөн. Ал эми Италияда ал өзү айткандай, «таш жана жарык аркылуу сүйлөгөн» маданияттын өзгөчө катмарын ачкан.
«Колизейдин жертөлөсүнө түшкөнүмдө, таштар тирилгендей болду. Гладиаторлордун кыйкырыктары ушул убакка чейин мейкиндикти жыртып жаткандай сезилди. Бул түбөлүктүүлүккө тиешелүү сезим болду», – деп эскерет Базарбаев.
Холстун жандуу деми
Сүрөтчүнүн стили таанымал. Анын пейзаждары жарыкка жана абага толгон, боёк сүйкөмү дайыма жандуу, предметтин материалдуулугун жеткирүүсү сезимтал. Анын кышкы сүрөттөрүндө жөнөкөй мотивдер кар бүртүктөрүн жылтыратып, бейпилдиктин кереметине магдыратат.
Базарбаев жарк эткен көрүнүштөрдү издебейт – ал мотив "кандаш, жакын, түшүнүктүү" болмоюнча жаратылышка көз салат. Сүрөтчү заманбап көчмөн-номад сыяктуу, жаңы маданий чөйрөгө оңой сиңет, бирок ички өзөгүн – туулуп өскөн жердин сезимин, кыргыз асманын, тоолордун жарыгын жана сызыктардын тазалыгын өзгөрүүсүз сактап калат.
Мурас жана мураскерлик
Жумабек Базарбаев – кыргыз живопись мектебинин салттарын кылдат сактап, өнүктүрүп келе жаткандардын бири.
Семен Чуйков менен Гапар Айтиевдин реализм рухунда тарбияланган ал үчүн алардын чындыкка умтулуусу жана руханий тереңдиги чыгармачылык багыт бойдон калууда.
«Жымжырттыкка толгон музей залдарында убакыт өткөрүп, алардын атмосферасына сиңүү – сүрөтчүнүн дүйнө алдындагы жана өзүнүн алдындагы жоопкерчилигин түшүнгөндүгү», – деп белгилейт Базарбаев.
Кыргыз искусствосундагы чыгармачылык мураскорлук эл аралык аренада далай жолу тастыкталган. Мисалы, Москвадагы "Интервидение" фестивалында "Номад" тобу Кыргызстанды Чуйковдун "Советтик Кыргызстандын кызы" (1948) картинасынын интерактивдүү көрсөтүүсү менен тааныштырды. Бул улуттук көркөм сүрөт мектебинин символу болуп саналат жана анын идеясы бүгүнкү күнгө чейин жашап келет.
Дүйнөнү бириктирген долбоор
«Бир асман астында» – бул жөн гана көргөзмөнүн аталышы эмес, ал сүрөтчүнүн философиясы, искусствону ар кандай маданияттагы жана континенттеги адамдарды бириктирүүгө жөндөмдүү күч катары кабыл алган көз карашы.
Келечекте Жумабек Базарбаев башка өлкөлөрдө да көргөзмөлөр сериясын улантууну, ошондой эле Бишкек жөнүндө чыгармалар циклин түзүүнү пландаштырууда. Ал көп нерсени көргөн, бирок өз үйүнө болгон суктануусун жоготпогон адамдын көзү менен туулуп өскөн шаарынын көчөлөрүн жана аянттарын тартып калууну көздөйт.
«Баарыбыз: адамдар, сүрөтчүлөр, көрүүчүлөр – бир асман астында - бир планетада жашап жатабыз. Искусство бизге бул жөнүндө эскертип турсун», – дейт Жумабек Базарбаев.
