Русланбек кызы Табихат, “Кыргыз руху” ансамблинин ырчысы: Жаштар улуттук баалуулуктарды, салттуу музыканы түшүнө баштады
Улуттук музыка – элдин тарыхын, руханий дүйнөсүн сактап келген баа жеткис мурас. Акыркы жылдары жаш ырчылардын арасында комуз менен ырдап, салттуу музыканы жаңыча өңүттө алып чыккан таланттар көбөйүүдө. Ошондой өнөрпоздордун бири – “Кыргыз руху” ансамблинин ырчысы, Русланбек кызы Табихат. Ал комуз менен ырдоонун сыры, салттуу музыканы сактоо жана заманбап сахна тууралуу ойлору менен бөлүштү.
– Табихат, сахнада комуз менен ырдоо – принциппи же жөн гана стилдик тандообу?
– Комуз менен ырдап калуума атам чоң түрткү болду десем болот. Кичинемде атам ырларды ырдап, дастан айтып, күү чертип көп угузчу. Ошентип кулагым бышып өстү. Мектепте окуп жүргөндө эле комуз ийримине катыштырып, “антпей минтип черт, мындай ырда” деп үйрөтүп жүрдү. Ошол жол мага жакын болуп, ушул багыт менен кеттим.
– Азыркы шоу-бизнес шартында улуттук аспап менен чыгуу пайдалуубу же кыйынбы?
– Азыр мурдагыга салыштырмалуу улуттук аспап менен чыгуу модага айланып баратат десем жаңылышпайм. Жаштар да улуттук баалуулуктарды, салттуу музыканы түшүнө башташты. Ырларды угуп, улуттук кийимдерибизди замандын талабына ылайык кийип жатышат.
Бул – мамлекеттин маданиятка көңүл буруп, эски чыгармаларды жаңыртып сахнага алып чыгып жатканынын да жыйынтыгы. Спектакль, мюзиклдер коюлуп жатканы да кубандырат.
Ал эми шоу-бизнес шартында улуттук аспап менен чыгуу – албетте пайдалуу. Салттуу музыканы алып жүргөнүмө сыймыктанам. Эгер биз алып жүрбөсөк, кийинки муунга өткөрбөсөк, анда ким өткөрөт?
– Комуз менен ырдаганда коммерциялык ийгиликке эмес, улуттук баалуулукка басым жасайсызбы?
– Албетте, биринчи кезекте улуттук баалуулукка басым жасайм. Биз бул өнөрдү көп жыл окуп, эжей-агайларыбыздан так нускасын үйрөндүк. Обонун бузбай, туура аткарууну өздөштүрдүк. Эми үйрөнгөнүбүздү кийинки муунга өткөрүп берүү – биздин милдет деп эсептейм.
– Жаштар эстрадага көбүрөөк ыктап жаткан учурда комуздун келечегин кандай көрөсүз?
– Ооба, жаштар эстрадага көбүрөөк ыктап жаткан учур. Бирок ошол эле учурда салттуу музыкага кызыккандар да аз эмес. Менин оюмча, тескерисинче, комузга кызыккандар көбөйүп жатат.
– Сиздин чыгармачылыгыңызда улуттук мурас биринчи орунда турабы же заманбап стилби?
– Албетте, мен үчүн биринчи орунда – улуттук мурас. Бирок ошол эле учурда заманбап стиль менен салттуу музыканы айкалыштырып алып кетүү керек деп ойлойм. Ошондо музыка дагы да кеңири аудиторияга жетет.
– Сиз үчүн сахна – искусствобу же популярдуулукка жетүү жолубу?
– Мен үчүн сахна – биринчи кезекте искусство. Ошол эле учурда ал популярдуулукка жетүүгө да мүмкүнчүлүк берет. Бирок эң башкысы — сахна аркылуу элге руханий баалуулуктарды жеткирүү.
