УТРКнын башкы дизайнери Мелис Орозалиев: Чыгармачылык фантазия ар кандай технологиядан бир кадам алдыда турат
Телевизордун экранынан, мейли ал кино, социалдык ролик же телекөрсөтүү болсун, көп учурда кызыктуу анимацияларга күбө болобуз, бирок статистикалык объекттерди жандантып, кооз, кызыктуу нерсеге айлантууга жана эң негизгиси миссия жана идеяны жеткирүү үчүн канча эмгек жумшалаарын ойлонбойбуз.
А мындай эмгек моушн-дизайнерлер тарабынан аткарылат – алар продукцияга көңүл бурдурткан жана аны түшүнүүгө көмөк көрсөткөн сыйкырчылар. Бул жумуштун сырлары тууралуу УТРКнын Дизайн жана эфир жасалгасы студиясынын башкы дизайнери Мелис Орозалиев “Караван-Инфого” менен болгон маегинде айтып берди. Ал адамзатты жасалма интеллект такымдап келатса дагы, чыгармачылык фантазия дайыма технологиядан бир кадам алдыда жүрөт деп эсептейт.
– УТРКнын анимациялык бөлүмү деген эмне? Сиздер кандай иш менен алек болосуздар?
– Биздин студия бүтүндөй корпорациянын дизайны менен алектенет, анын иши эки негизги багытка бөлүнгөн. Биринчиси – графикалык дизайн, ал телекөрсөтүүлөр үчүн декорация жасалгалоону, плакаттар, брошюралар, буклеттер жана корпоративдик элементтер сыяктуу басма материалдарын иштеп чыгууну камтыйт. Экинчиси, моушн-дизайн – ал телеканалдарды брендөө, видеопродукцияларды жана телешоуларды жасалгалоо, ар кандай видеолорду иштеп чыгууну жана өндүрүүнү, мисалы, социалдык, маалыматтык, жарнамалык, ошондой эле LED-экрандары үчүн анимацияланган заставкаларды түзүүнү камтыйт.
– А сиз анимацияга кантип келип калдыңыз эле? Бул жаатка тийиштүү билимиңиз барбы?
– Мен К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен «Өнөр жай графикасы боюнча дизайнер» адистигин алгам. Эмгек жолумду УТРКда монтажер (ВМЗ оператору) болуп иштөө менен баштагам. Убакыттын өтүшү менен моушн-дизайн тармагында тажрыйба топтоп, дизайн жана анимация студиясына которулдум, ал жактан өзүмдү бир топ чыгармачылык чыйырда такшалдыра алдым.
– Баса, чыгармачылык тууралуу: чыгармачылыгыңыз тууралуу кененирээк кеп кылсак, анимациянын кандай стилин колдоносуз? Колдонуп жаткан ыкмаларыңыз тууралуу айтып бере аласызбы?
– Дизайн – бул көптөгөн стилдерди жана тенденцияларды камтыган кеңири тармак. Биздин ишибизде графикалык дизайн, моушн-дизайн, 3D, 2D жана каармандардын анимациясы сыяктуу ар кандай ыкмаларды колдонобуз. Белгилүү бир долбоордун талаптарына жараша стилди тандайбыз. Убакыт жол берсе, биз идеяларды 3D форматына которууга аракет кылабыз, анткени бул процесс эсептөө жана деталдаштыруу үчүн көбүрөөк убакытты талап кылат. Биз көп учурда уникалдуу натыйжага жетүү үчүн ар кандай ыкмаларды бириктиребиз: 2D жана 3D графикасын аралаштыруу, реалисттик видеолорго тексттик анимацияларды кошуу же долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ар кандай атайын эффекттерди колдонуу.
Ар бир долбоор уникалдуу. Мисалы, ири корпоративдик иш-чаралар үчүн биз брендингге басым жасоо менен жарашыктуу графикалык стилди түзөбүз. Социалдык видеолордо маанилүү кабарды натыйжалуу жеткирүү үчүн жаркыраган инфографикага же каармандын анимациясына артыкчылык беребиз. Убакыт болсо, биз деталдарды жана тереңдикти кошкон 3D-графикасын колдонобуз, бирок ал көбүрөөк убакытты талап кылат.
– Тажрыйбага бай экенсиз, айтыңызчы, 10 жыл мурунку менен азыркы анимациянын кандай айырмасы бар?
– Жыл өткөн сайын жасалгага суроо-талап күч алууда. Ар бир кардар стандарттуу эмес долбоорлорду заказ кылуу менен өзгөчөлөнүүгө умтулат. Дал ушул суроо-талаптардын аркасында жаңы стилдер жана алар менен бирге жаңы программалык куралдар жаралат.
Эгерде 10 жыл мурун бир долбоорду ишке ашыруу үчүн дизайнерге 5-6 программалык камсыздоо керек болсо, бүгүнкү күндө алардын саны андан көп, ошондой эле жасалма интеллектке негизделген инструменттер да кошулду. Албетте, алар процесстерди жөнөкөйлөштүрөт, бирок дайыма жаңы чакырыктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү жараткан чыгармачылык фантазия технологиядан бир кадам алдыда турат. Бул бизге жаңы стилдерди жана технологияларды изилдөөгө түрткү берет.
– Кызыктуу маек үчүн рахмат!
– Сизге да рахмат!
