Айжан Бактыбек кызы: Жаштарга киберкоопсуздукту үйрөтүү системдүү жана практикалык мамилени талап кылат
Айжан Бактыбек кызы
11 сентябрь

Айжан Бактыбек кызы: Жаштарга киберкоопсуздукту үйрөтүү системдүү жана практикалык мамилени талап кылат

Бүгүнкү күндө интернет жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланды. Балдар жана жаштар билим алып, достор менен байланышып, дүйнөнү таанып-билүү үчүн санариптик мейкиндикти кеңири колдонууда. Бирок интернеттин пайдасы менен катар кооптуу жактары да бар: кибербуллинг, алдамчылык, фейк маалыматтар жана башка коркунучтар жаштардын коопсуздугуна түздөн-түз таасир этүүдө. Ушул шартта киберкоопсуздукту жогорулатуу, балдарды жана өспүрүмдөрдү зыяндуу контенттен сактоо коом үчүн маанилүү маселеге айланды. Медиаэксперт Айжан Бактыбек кызы Караван-Инфого жаштардын санариптик сабаттуулугунун абалы, интернеттеги негизги коркунучтар жана алардан коргонуу жолдору тууралуу айтып берди.

Кыргызстандагы мектеп окуучулары менен студенттердин медиасабаттуулугу жана киберкоопсуздугу кандай деңгээлде деп ойлойсуз?

– Жалпысынан алганда, жаштардын медиасабаттуулугу да, киберкоопсуздук боюнча билими да төмөн деңгээлде, айрыкча алыскы аймактарда бул абдан байкалат. Азыр санариптик технологиялар тездик менен өнүгүп, жаштар да аларды кеңири колдонуп жатат. Бирок социалдык тармактарды туура колдонуу, жоопкерчиликтүү мамиле жасоо боюнча элементардык эрежелерди көпчүлүк билбейт. Көптөр алган маалыматын фейк же чын экенине баа бере албай, жек көрүү тилин же пропаганданы айырмалай албай, баарын түз маанисинде кабыл алат. Мындан тышкары, мектептердин окуу программасында медиасабаттуулук жана киберкоопсуздук боюнча сабактар толук кандуу интеграцияланган эмес. Бул жаштар менен иштөөнү кыйла татаалдатат. Ошентсе да, өспүрүмдөрдү жана студенттерди сыни ой жүгүртүүгө, жалган маалыматты жайылтуудагы жоопкерчиликти түшүнүүгө үйрөтүүчү ар түрдүү долбоорлор көбөйүп жатат.

Биздин өлкөдөгү балдар жана жаштар интернетте көбүнчө кандай коркунучтарга дуушар болушат?

– Негизинен бул кибербуллинг жана алдамчылык. Социалдык тармактар жаштардын күнүмдүк жашоосунун бир бөлүгүнө айланып, тренддер аркылуу өзүнчө стандарттарды таңуулоодо. Ал стандарттарга жооп бере албаган жаштар теңтуштарынын шылдыңына жана басынтуусуна туш болуп, бул алардын психологиялык абалына чоң таасир этет. Кээ бирөөлөр фейк маалыматты чындык деп кабыл алып, алдамчылардын айла-амалына алданып калышат. Жаштар коомдун эң алсыз катмары болгондуктан, шантажга жана пропагандага бат алданат. Ошондуктан мугалимдер, окутуучулар жана ата-энелер жаштар менен киберкоопсуздук боюнча ачык сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушу өтө маанилүү.

Киберкоопсуздук жана санариптик этика темаларын окуу программасына киргизүү канчалык маанилүү?

– Бул бүгүнкү күндө стандартка айланышы керек болгон маселе. Киберкоопсуздук – коомдук коопсуздуктун негизи. Ошондуктан бул багыттагы сабактарды бир-эки гана предметке эмес, бардык окуу тармактарына кеңири жана тез арада киргизүү зарыл.

Жаштарды санариптик чөйрөдө коопсуз жүрүм-турумга үйрөтүүдө кайсы ыкмалар натыйжалуу деп эсептейсиз?

– Бул жаатта системдүү жана практикалык мамиле керек. Киберкоопсуздук жана медиасабаттуулукту мектеп жана жогорку окуу жайлардын окуу программаларына өзүнчө предмет же модуль катары киргизүү зарыл. Мындан тышкары, IT-адистер жана медиа уюмдар менен өнөктөштүктө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу керек. Ата-энелер менен мугалимдердин санариптик маданиятын да жогорулатуу маанилүү.

Кыргызстанда жаштардын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга багытталган ийгиликтүү долбоорлор барбы?

– Ооба, Кыргызстанда бул жаатта бир катар ийгиликтүү долбоорлор ишке ашырылып келет. Мисалы, Билим берүү жана илим министрлиги жана өнөктөштөр тарабынан ишке ашырылып жаткан «Sanarip Sabak» («Санарип сабак») долбоору мектеп окуучуларын санариптик көндүмдөргө үйрөтүү менен катар интернетте коопсуз жүрүм-турум боюнча билим берет.

Ошондой эле QLEVER аттуу билим берүү жана оюн платформасы «Борбор Азия жаштарынын сыни ой жүгүртүүсүн жогорулатуу үчүн медиа жана маалыматтык сабаттуулук» долбоорунун алкагында түзүлүп, мектеп окуучулары жана студенттер үчүн активдүү жайылтылууда.

Буга кошумча, Кыргызстандагы «Интерньюс» уюму «REVIVE» жана «Медиа-К» долбоорлорунун алкагында «Текшердим» аттуу улуттук маалыматтык кампания өткөрүп, калктын медиасабаттуулугун жогорулатуу жана сыни ой жүгүртүүнү өнүктүрүү боюнча чоң иш алып барды.