Жумадилде уулу Мурадил: 1229 номерине чалсаңыз, Профсоюздар федерациясы сиздин укугуңузду коргойт
10 январь

Жумадилде уулу Мурадил: 1229 номерине чалсаңыз, Профсоюздар федерациясы сиздин укугуңузду коргойт

Бул жылы Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагалыгына Жумадилде уулу Мурадил шайланды. “Караван-Инфо” менен болгон маегинде ал федерация тарабынан жыл ичинде кандай иштер аткарылганын, өлкөдөгү жана чет өлкөлөрдөгү эмгекчилдердин укугун коргоо боюнча иштер канчалык деңгээлде жүрүп жатканын айтып берди, ошондой эле 2025-жылга болгон пландары менен бөлүштү. 

– 2024-жылдын февралында кезексиз съездде делегаттар сизди төрага кылып шайлашты. Өткөн жылы Профсоюздар федерациясы кандай иштерди аткарды? 

– Ооба, 2024-жылдын январында федерациянын бардык тармактык комитеттеринин төрагалары кайра шайланган. Андан кийин 2024-жылдын февраль айында мени Кыргызстан профсоюздар федерациясына төрага кылып шайлашты. Ушул жылдын ичинде федерацияда чоң өзгөрүүлөр, реформалар болду.

Биринчи кезекте биз Кыргызстан профсоюздар федерациясына ребрендинг баштадык, логотибин, сайтын жаңырттык жана жалпысынан анын ишмердүүлүгүн оптималдаштырдык. Мурда федерациянын курамында 26 комитет: 20 тармактык комитет жана 6 Профсоюздардын облусттук кеңеши болгон. Кайталоолорду жана биригүүлөрдү жоюу максатында бүгүнкү күндө Профсоюздар федерациясынын курамында 17 тармактык комитет калды.

Ошондой эле, учурда канча адам биримдикке мүчө экенин түшүнүү үчүн профсоюз мүчөлөрүн санариптик каттоону баштадык.

– Санариптик профсоюз тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?

– Санариптик профсоюз – бул жумушчулардын укуктарын коргоо жана илгерилетүү үчүн санариптик технологияларды колдонууга негизделген профсоюздун ишин уюштуруунун заманбап форматы. Ал профсоюздун салттуу функцияларын инновациялык инструменттер менен айкалыштырат, мүчөлөргө өз ара аракеттенүүнүн жана эмгек маселелерин чечүүнүн ыңгайлуу жана натыйжалуу ыкмаларын сунуштайт. Бул, биринчи кезекте, жеткиликтүүлүк жана мобилдүүлүк.

Биздин мүчөлөр биз менен мобилдик тиркемелер, веб-платформалар же социалдык медиа аркылуу баарлаша алышат, бул маалыматка, кеңештерге жана кызматтарга жетүүнү жеңилдетет. Бизге дээрлик күн сайын социалдык тармактарыбызга жана 1229 ишеним телефонуна жумушчулардан айрым эмгек укуктарынын бузулушу тууралуу билдирүүлөр келип түшүүдө.

Мындан тышкары, бул электрондук мүчөлүк. Биздин профсоюздун мүчөлөрү өздөрү гуугл-документин маалыматтар менен толтурушат, биз электрондук маалымат базасын түзөбүз, бул жалпы мүчөлүк процессин жеңилдетет.  Эң негизгиси, санариптик профсоюз – бул ачыктык.

Санариптик инструменттер аркылуу профсоюз өз мүчөлөрүнө ишмердүүлүк боюнча отчетторду, каржылык документтерди жана башка маанилүү маалыматтарды жеткире алат. Бул нерселер буга чейин жетишпей, андан улам нааразычылык жаралып жана жумушчулардын профсоюздан чыгуусуна алып келген.

– 1229 кыска номерин айттыңыз. Бул ар бир жаран чалып, кеңеш ала турган ишеним телефонбу?

– Ооба, Профсоюздар федерациясы 1229 кыска номерин тесттик режимде ишке киргизди, 3 айдан бери биздин юридикалык инспекторлор бардык кайрылуучуларга саат 9:00-18:00 чейин кеңеш берип жатышат. Эгерде түн ичинде чалуу түшсө, анда биздин колл-борборубуз CRM-системасына туташтырылган жана эртеси эртең менен биздин адистер кайра чалып, эмгекти коргоо жана жумушчулардын эмгек укуктарына байланыштуу бардык суроолорго жооп беришет. Кыргызстандын бардык уюлдук операторлорунан кыска номерге чалуулар акысыз.

– Бул кыргызстандыктарга эмгек маселесин чечүүгө жардам берерине ишенебиз. Белгилүү болгондой, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын негизги милдети – эмгек укуктарын коргоо. Бул багытта кандай иштер аткарылып жатат?

– Профсоюздардын эң негизги милдети эмгекти коргоо жана эмгекчилердин укуктарын коргоо экенин туура белгиледиңиз. Буга чейин ар ким профсоюздарды жолдомолорду, белектерди таратуучу уюм катары кабыл алууга көнүп калган, бирок андай эмес. Профсоюздун мүчөлөрүнүн эмгек укуктарын коргоону биз өзүбүздүн башкы милдетибиз деп эсептейбиз. Ушул максатта техникалык-укуктук инспекторлордун саны көбөйтүлдү. Бүгүнкү күндө федерациянын аппаратында эле 12 техникалык жана 6 юридикалык инспектор бар. Республиканын ар бир аймагында эмгекчилердин пайда болгон көйгөйлөрүн жеринде чечүүчү, мониторинг жүргүзгөн жана кырсыктарды иликтөөгө катышкан техникалык инспекторлор бар.

2024-жылдын 11 айында техникалык инспекторлор тарабынан 358 баштапкы профсоюз уюмдары текшерилип, тигил же бул талаптарга жооп бербегендиги үчүн 279 эскертүү берилген. Ошол эле мезгилдин ичинде укуктук инспекторлор 243 уюмду текшерип, 99 эскертүү чыгарышкан. Ошондой эле ФПСКнын техникалык инспекторлору тарабынан 61 өндүрүш кырсыктары (анын 33ү өлүмгө алып келген) иликтенди. Алар тарабынан 80 109 574 сом зыяндын орду толтурулган.

Ал эми 2025-жылга биз өндүрүштөгү адам өлүмүнө алып келген окуялардан кийин гана иликтөөнү баштабай, аларды алдын алуу боюнча иш алып баруу үчүн бардык баштапкы профсоюз уюмдарын текшерип, андагы эмгекчилдерге жана жумуш берүүчүлөргө жумуш ордунда коопсуздук эрежелерин сактоону жеткирүүнү максат кылып койдук. Андай уюмдардын саны 7622.   

– Сиз буга чейин федерациянын пансионаттарына берилүүчү жолдомолор тууралуу айтып өттүңүз.

– Ооба, президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Профсоюздар федерациясынын пансионаттары ал жерде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн президенттик аппараттын карамагына убактылуу пайдаланууга берилген. Белгилүү болгондой, профсоюздардын кайра куруу үчүн өздүк каражаты жок. Ал эми оңдоп-түзөөдөн кийин, 2028-жылдын январь айында алар кайрадан биздин көзөмөлүбүзгө өтөт. Маалым болгондой, «Ысык-Ата» санаториясы буга чейин оңдоп-түзөөдөн өтүп, эс алуучуларды кабыл алууда. Мен жогоруда айткандай, пансионаттар, санаторийлер федерацияга кайтарылгандан кийин, эмгекчилер өздөрү онлайн кезекке туруп, жолдомо алышат, бул адамдык факторду жокко чыгарат жана бардык жумушчуларга мүмкүнчүлүк түзүлөт.