Биздин негизги рынок – Россия. Келечекте Европаны багындырсак дейбиз – үч цехти жолго койгон ишкер айым
Бул ирет “Караван-Инфо” түйшүгү жеңил эмес жеңил өнөр жай тармагында эмгектенип келе жаткан ишкер айым менен маектешет. Анара Раимова 20 жылдан ашык убакыттан бери соода тармагында иштейт. Башында алып-сатуу менен алектенген каарманыбыз, учурда үч цехти жолго койгон.
— Жеңил өнөр жай тармагына кантип келип калдыңыз эле?
— Негизи кесибим боюнча бул тармакка такыр тиешем жок. Жогорку окуу жайды чет тилдер факультети боюнча аяктап, 2002-2004-жылдар аралыгында Жалал-Абадда институтта мугалим болуп эмгектендим. Жайында узак убакытка эс алууга тарайт эмеспизби, ошондо бир аз акча иштеп алуу максатында Бишкекке келип, алып-сатуу менен алектендим. Дордойдон товар алып, Ош базарына алып келип сатып жүрдүм. Ошондо Кыргызстанда тигилген товарларга суроо-талап абдан жогорку экендигин байкадым. Бишкекке эки айга иштегени келген жаным такыр кетким келбей калды. Себеби, соода жакшы болот экенин көрдүк. Анын үстүнө институттан алган акчабыз тамак-ашыбызга, квартирабызга араң жетчү. Үй-жайлуу болушубуз керек, айлыкка иштеп жүрсөк качан алдыга койгон ой-максаттарыбызга жетебиз деп, Бишкекте калууну чечтик. Алгач башындагыдай эле алып-сатып иштеп жүрдүк. Соода солгундабай, тескерисинче жакшы боло баштады. Анан өзүм цехтерге буйрутма берип тиктирип, Дордой базарында сата баштадык. Ошентип мугалимден ишкер айымга айландым (күлүп).
— Товарлар ички рынок үчүн тигилеби, же көбүнчө экспортко басым жасайсыздарбы?
— Азыркы учурда биздин товарлар 100 пайыз экспортко кетет. Дордойдо иштеп жүргөн кезде бизге коңшу Казакстан жана Россиядан соодагерлер келип дүңүнөн алып кетишчү. Ошолордун суроо-талабына жараша тигип, товарларды ички рынокко эмес, экспортко жөнөтө баштадык. Биздин негизги рынок – Россия. Товарлардын дээрлик 99%ын ошол жакка сатабыз. 2021-жылдын башынан тартып алар менен жакшы иштеше баштадык. Жакында ири көргөзмөгө катышуу үчүн Дубайга барабыз. Максатыбыз Жакынкы Чыгыш жана Европа рыногуна чыгуу. Алдыга чоң максаттарды коюп жатабыз. "Кыргызстанда жасалган" деген кийимдерди дүйнөнүн булуң-бурчунда кийип жүрүшсө анын эмнеси жаман. Бул биз үчүн чоң жеңиш болмок.
— Кыргызстанда жасалган товарлардын сапатына канчалык көңүл бурулат?
— Ата мекендик товарлардын сапатына болушунча жакшы көңүл буруп жатабыз. Себеби азыркы учурда электрондук маркетплейс платформасы үчүн фулфилмент пайда болгон. Башкача айтканда, бул ыкма товарды башынан аягына чейин текшерип, 100% кемчилиги жок чыгарып кетишет. Биздин кардарлар фулфилмент аркылуу товарларын чыгарып кетишет. Өтпөй калган брак товарлар өзүбүздө калат. Ошондуктан товардын сапатына болушунча жакшы көңүл буруп, кынтыксыз кылып тиккенге аракет кылабыз. Мурда цехте бир эле технолог иштеген болсо, азыр ар бир линияда бирден технолог иштейт. Алар тигилип жаткан кийимден көзүн албай, сапатына жооп беришет. Товар даяр болгонго чейин бир нече тепкичтен өтүп, анан гана кардарларга сунушталат.
— Демек, бул тармак да бир орунда турбай, ар дайым жаңылануунун үстүндө болот турбайбы...
— Ооба, туура айтабыз. Азыр замандын талабына ылайык, кардарлардын суроо-талаптары да өскөн мезгил. Бир орунда турган болбойт. 2016-жылдан тарта соода солгундай баштады. Ошондо биз онлайнга басым жасоо керектигин билдик, кошумча каражат булактарын издей баштадык.
— Кошумча каражат булагы деп калдыңыз. Өндүрүштү кеңейтүү үчүнбү?
— Учурда үч башка багытта иштеген үч цехим бар. Анда 150гө жакын тигүүчү эмгектенет. Ушул жылдын апрель айында Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө каражат алдык. Ага автоматташтырылган замандап жабдууларды сатып алдык. Алардын алды 40 миң доллар, арты 10 миң доллардан турат. Бул жабдуулар тигүүчүлөрдүн ишин кыйла жеңилдетип, ишибизди дагы да болсо алдыга жылдырууга зор салым кошууда десем жаңылышпайм.
— Ар бир ийгиликтин артында чымырканган эмгек турат эмеспи. Тигүү тармагына кызыгып, бирок эмнеден баштоону билбей тургандарга кандай кеп-кеңештерди берет элеңиз...
— Албетте, ар бир ийгиликтин артында сыноосу жана кыйынчылыктары бар. Кандай гана иш баштабаңыз, алгач ал тармакты жакшы изилдеп, билип алыңыз дейт элем. Ошол тармактын адистеринен кеп-кеңеш, сабактарды алууну да унутпаңыз. Бирок ушул жерден бир нерсени баса белгилеп кетким келип турат. Тигил же бул тармактын адисимин, цех ачканды, сатканды үйрөтөм, коуч, экспертмин дегендердин баарына эле ишене бербеңиз. Ошол тармакка чын эле аралашып, фабрика ачып, жумушу жүрүп жаткан чыныгы тренерлерден сабак алгыла демекчимин. Ийне-жибине чейин үйрөнүү үчүн сөзсүз сабак алуу керек. Өзүм да убагында окугам. Анан да талыкпай эмгектенип, ар дайым изденүүнүн үстүндө болуу керек.
