Нуркыз Сүйүнбекова, модельер: “Кызымдын эл аралык сынакка катышканы бир тең, менин толкунданганым бир тең болду”
Учурда биздин коомдо жеке бизнести да, карьераны да, үй-бүлөнү да бирге алып кетип, балдарына мыкты тарбия берген айымдар аз эмес. Алардын бири “DONNUR DN” тигүү фабрикасынын түптөөчүсү, Кыргыз экономикалык университетинин окутуучусу, модельер, жолдошунун сүйүктүү жубайы, бир кыз, эки уулдун энеси Нуркыз Сүйүнбекова. Нуркыздын учурда кубанычы койнуна батпай турган убагы. Анткени кызы Нуразем Даниярова Казакстанда өткөн эл аралык “Алтын микрофон” вокалдык конкурсуна барып, 3-орунду багындырды. Эне-бала бизге сүйүнүчү менен бөлүшүүгө келишти.
– Нуркыз, биринчи эне катары сизди куттуктагым келип турат. Кызыңыз эл аралык сынакты багындырганда жүрөгүңүз “болк” этсе керек?
– Албетте, Нураземге сунуш түшкөндө эле башкача бир сезимде болдум. Себеби “Алтын микрофон” вокалдык конкурсу 2002-жылдан бери өтүп, ага 7 жаштан 23 жашка чейинки ырчылар катышып келишет экен. Бул жылы 12 өлкөдөн көптөгөн катышуучулар келишти. Эне катары конкурс учурунда аябай сарсанаа да болдум, сахнанын артына бир, алдына бир чуркап аябай чебелектедим. Ырдап бүтөрү менен калыстар катышуучулардын баарына бааларын берип жатышты. Башка конкурсанттарга салыштырмалуу жогору упай алганда аябай кубандым. Нураземдин эл аралык сынакта ырдаганы бир тең, менин толкунданганым бир тең болду окшойт. Конкурстун жыйынтыгы купуя сыр бойдон тура берди. Эртеси таң атпай жеңүүчүлөрдүн группасы түзүлүп, ал жактан кызымдын фамилиясын көргөндө жүрөгүм кабынан чыгып кете жаздады.
– Сыйлык ээси менен сүйлөшөлүчү. Нуразем, сенчи, кандай сезимде болдуң?
– Мен жеңишке жетем деп ойлогон эмесмин. Жеңүүчү деп чакырышканда биринчи эле атам сүйүнөт го деп ойлодум, анан өзүм сүйүндүм. Анткени атам мен Казакстанга барганда: “Кызым, коркпо, сен утасың, сен таланттуусуң!” – деп мага жазып турган. Утканымды биринчи эле атама сүйүнчүлөсөм, абдан кубанды. Кыргызстанга келгенде бизди атам гүл менен, белек менен тосуп алды. Анан таятам менен таенемдикине барганда алар кызыл килем салып, гүлдөр, желектер менен атактуу жылдызды тоскондой тосуп алышты. Ошондо өзүмдү дүйнөлүк жылдыз сездим.
– Дагы ырдагың келип калдыбы?
– Ооба, ырдаганга мурда эле аябай кызыкчумун. Үйдөн тынбай атам менен апама концерт коюп берчүмүн. Апам мени пианиного алып барып жүргөндө мен апама “ырдагым келип жатат” деп көп айтчумун. Апам ойлонуп жүрүп, аягында “мейли, анда ырда” деп вокалга жаздырган.
– Чоң сахнада, калыстардын алдында сүрдөдүңбү?
– Жок, сүрдөгөн деле жокмун. Мен сахнаны аябай жакшы көрөм, ошол үчүн сахнага чыккандан коркпойм, сүрдөбөйм. Мага калыстардын отурган жери, иштегени жакты. Чоңойгондо мен дагы алардай калыс болгум келип калды.
– Чоңойгондо ким болгуң келет?
– Чоң-чоң сахналарда ырдап белгилүү ырчы болгум келет. Анан мени ушундай конкурстарга калыс кылып чакырышса дейм. Сүрөткө түшкөндү да аябай жакшы көрөм.
– Нуркыз айым, айтсаңыз, баланын талантынын ачылышында ата-эненин эмгеги зор эмеспи. Нураземдин чыгармачылылыкка келүүсүнүн башаты тууралуу билгим келип жатат.
– Ата-эне баланы колдош керек экенин мен өзүмдүн ата-энемден улам билем. Мени да кичинекей кезимде сынактарга көп катыштырып борборго чейин алып келишип, аябай колдошчу. Биз да балдарыбызга колубуздан келген колдоону көрсөтөбүз буюрса. Кызыбыздын ырчылыкка кызыгаарын, өнөрү бар экенин деле билчү эмеспиз. 7 жашында фортепиано үйрөнсүн деп кыргыздын сыймыктуу композитору Жамиля Муратова эжебиздин “Гүлсанат” студиясына бергенбиз. Пианино үйрөнүп жүргөндө ырчылыкка кызыгарын Жамиля эже байкап, ырдаталы деп сунуштады.
Акырындан ырларын жаздырып концерттерге катыша баштадык. Жайында Гүлнара Тойгонбава жетектеген “KG тай” эл аралык конкурска катышып, 2-орунду багындырды. Анан эле Казакстанда өтүүчү “Алтын микрофон” конкурсуна жолдомо алдык.
– Ырчылыктан сырткары моделдик да өнөрү бар экен. Качантан баштап алектенет?
– Нуразем эч нерседен тартынбайт, үйдө күнүгө өзүн дүйнөлүк жылдыз сезип концерт коёт, менин көйнөктөрүмдү кийип алат (күлүп). Сүрөткө түшкөндү, камераны аябай жакшы көрөт. “One model’s” жаш моделдерди даярдоо курсуна барып окуду, ал жактан эл аралык деңгээлдеги сертификат алып, учурда модель катары фотосессияларга барып баштады. Клиптерге түшүп жүрөт. Айтор сахнаны сүйүп, ушул чөйрөнү тандайт окшойт деп турам.
– Азаматсыз, ийгиликтүү баланы тарбиялоонун сырлары барбы?
– Атайын бир сыры деле жок деп ойлойм. Болгону баланын жөндөмүн убагында байкап, туура багыт көрсөтүп, колдоо көрсөтүп койсо баланын идиреги бар болсо алып кетет деп ойлойм. Жогоруда айткандай, менин атам менен апам баарыбызга ушинтип өз-өзүнчө көңүл буруп, ар бир баласынын кызыккан нерсесин өөрчүтүп, ушул даражага жеткиришти. Жолдошум Данияр экөөбүз дагы балдарыбызга татыктуу тарбия берип, колдогонго аракеттенип жатабыз. Кыз үчүн атанын сөзү, колдоосу өтө чоң мааниге ээ экен. Атасы биз Казакстанда жүргөндө “коркпо, утасың” деп жазып койгон экен, кызыма ушул сөз тоодой дем берди.
– Маегиңизге чоң рахмат! Кызыңыз келечекте өзү кыялдангандай атактуу ырчы болсун!
– Рахмат, айтканыңыз келсин!
