Айнура Кайыпова, Жолдубай Кайыповдун кызы: «Атам тууралуу сөз кылуу ушул күнгө чейин мен үчүн оор»
Кыргыз элинин эсинде ажарлуу жүзү, коңур үнү жана өзгөчө аткаруучулук чеберчилиги менен калган таланттуу ырчы Жолдубай Кайыповдун 80 жылдык мааракесин утурлай анын кызы Айнура Кайыпова менен маектештик. Каарманыбыз атасы менен өткөргөн бактылуу көз ирмемдери, анын күтүүсүз өлүмүнөн кийинки оор балалыгы жана таланттын кийинки муундарга уланышы тууралуу жүрөк сырын бөлүштү.
– Айнура айым, саламатсызбы! Сиз Жолдубай Кайыповдун улуу жана жалгыз кызы экенсиз. «Мен Жолдубай Кайыповдун кызымын» деген сөз сиз үчүн канчалык сыймык жана жоопкерчилик?
– Албетте, бул мен үчүн чоң сыймык жана ошол эле учурда чоң жоопкерчилик. Бирок атамдын көзү өткөнүнө 42 жыл болсо да, ал тууралуу сөз кылуу мага дагы деле оор. Атам каза болгондон кийин анын ырларын уга албай, теледен көрсөтүп калса да көрө албай жүрдүм. Мектепте, кийин медициналык окуу жайда окуп жүргөндө фамилиямдан улам таанып, атам жөнүндө сөз кылып калышчу. Ушул нерсе да мага жакчу эмес. Андайда дароо «блоктолуп» калчумун. Анткени атамды эстеген сайын жүрөгүмдөгү жараат кайра ачылчу.
Орустарда «дочь своего отца» деген сөз бар эмеспи. Дал ошол сөз мага тиешелүү болчу. Атам мен үчүн аска-зоо, бүтүндөй бир дүйнө эле. Анын жанында жүргөн ар бир күн чоң майрамдай сезилчү. Ошол аска-зоом урап, дүйнөм талкаланып, жашоом бүтүп калгандай болгон.
Кийин ойлосом, атам кырчындай гана кезинде кетиптир. 37 жаш деген эмне! Бирок аз жашаса да, саз жашаптыр. Мына, азыр менин улуу балам 35те, бирок мен үчүн ал дагы деле бала. Атам болсо дал ушундай курагында элге аттын кашкасындай таанылып, өз ордун эбак эле таап койгон инсан болгон экен.
Мен атамдын өлүмүн ушул күнгө чейин кабыл ала албадым десем болот. Эскерүүлөрдөн, интервьюлардан каччумун. Акыркы убактарда гана 80 жылдык мааракесин уюштуруу жоопкерчилигин өзүмө алам деген чечим чыгардым. Буга чейин мындай иш-чараларды атамдын инилери өткөрүп келишкен. Азыр алар да улгайып калышты. Ошондуктан бул мааракени өзүм колго алууну туура көрдүм.
– Атаңыз каза болгон күндү эстөө сиз үчүн өтө оор экенин айттыңыз. Ошондой болсо да эстеп көрүңүзчү, ал күнү эмнелер болгон?
– Ал күн кечээ эле болгон окуядай көз алдыма тартылат. Атам мени жана эки инимди циркке алып барып киргизген. «Цирк бүткөндө кайра келип алып кетем», – деген эле. Бирок ошол бойдон келген жок. Биз күтүп-күтүп, акыры үйгө өзүбүз кайттык. Апам түнү бою атамды издеп чыкты. Анын киши колдуу болгону таңга маал гана белгилүү болду. Ошол күн биздин үй-бүлөнүн жашоосун биротоло өзгөрттү.
– Ал кезде сиз канча жашта элеңиз? Атаңыздан айрылгандан кийин балалыгыңыз кандай өзгөрдү?
– Мен анда 14 жаштагы өспүрүм кыз элем. Ошол окуядан кийин жашообуз түп-тамырынан өзгөрдү. Аба ырайы дайыма күңүрт тартып, күндөрүбүз караңгылап калгандай сезилчү. Апамдын кайгысы ушунчалык күчтүү болгондуктан, анын бөлмөсүнө кирүү мүмкүн эмес эле. Айылга барсак, чоң апам күйүттүн азабын тартып жүргөн болот. Биз болсо өзүбүз менен өзүбүз калдык.
Ошол мезгилден бир да жарык күндү эстей албайм. Кайгылуу эле күндөр өтүп жатты. Мектепте ырдап жүрчү элем, ошол күндөн баштап ырдаганымды да такыр токтоттум. Ошого карабай үчөөбүз чоңойдук. Инилерим кичирээк болгондуктан, балким, менчелик оор кабыл алышпагандыр. Бирок ишенесизби, ушул күнгө чейин инилерим менен отуруп алып атам тууралуу кенен сүйлөшкөн эмеспиз. Мен үчүн бул тема азыр деле ушунчалык оор.
29-мартта, атам каза болгон күнү, жыл сайын айылга барып куран окутчубуз. Ал күн да мен үчүн чоң азап эле. Турмушка чыкканда тоюм башталгандан бүткөнгө чейин көз жашымды токтото албай койдум. Баламды төрөгөндө «таятасы көрсө кана...» деп өкүндүм. Жыл өткөн сайын өкүнүч азайбай, тескерисинче, чоңоё берет экен.
– Жолдубай аганын абдан позитивдүү, тамашакөй адам болгону айтылат. Үйдө да ошондой беле?
– Ооба, үйдө да тамашакөй, мээримдүү адам эле. Мени «Айнике» деп эркелетчү. Мектепте жакшы окугандыктан, атам мени менен аябай сыймыктанар эле.
«Айникенин ата-энелер чогулушуна барсам, мактаганда ушул булгаары курткамдын ичине батпай калам», – деп коңур үнү менен каткырып күлүп калчу. Ошол күлкүсү азыр да кулагыма жаңырып тургандай сезилет.
– Элдин эсинде атаңыздын ажарлуу жүзү менен коңур үнү калды. Сиздин жүрөгүңүздө андан калган эң кымбат нерсе эмне?
– Менин жүрөгүмдө атамдын мага жасаган өзгөчө мамилеси калды. Кыз балага өтө аяр мамиле кылчу. Мени коргоп, эркелетип, дайыма көңүлүмдү көтөрүп турчу.
Командировкаларга көп кетчү. Жолго чыгар алдында дасторкондун үстүндө отуруп, ар бирибизден эмне керек экенин сурап, буйрутмаларыбызды кабыл алчу. Андан тышкары да «Сага дагы эмне керек?» – деп кулагыма шыбырап сурап, мен үчүн кошумча белек алып келер эле. «Кыз бала жакшы кийиниши керек», – деп дайыма айтып турчу.
– Бала тарбиялоодо кандай өзгөчөлүктөрү бар эле?
– Апам педагог болгон, мурдагы Кыз-келиндер институтунда сабак берчү. Ошондуктанбы, мүнөзү катуураак, талапты бекем койчу. Мени катуу кармап, көп жерге жиберчү эмес.
Бир жакка баргым келсе, атам: «Сен бара бер. Кайтып келгенде сыртта мени күтүп тур, үйгө экөөбүз чогуу киребиз», – дечү. Мен да айтканындай кылып, атамдын жумуштан келишин күтүп турар элем да, келгенде ага корголоп, экөөбүз чогуу кирип кетчүбүз.
Атам эч качан кыйкырып урушчу эмес. Бирок мен бир нерсени туура эмес кылып койсом, сүйлөбөй калчу. Ал мен үчүн эң оор жаза эле. Андайда эмне кыларымды билбей, атамдын көңүлүн кантип алам деп чыйпылыктап калчумун.
– Сизде атаңызга таандык кандай буюмдар баалуу мурас катары сакталып калды?
– Атамдын сүлгүсү бар эле. Аны мурда эле өзүмө алып, кастарлап пайдаланып жүрдүм. Кийин кичүү кызым чоңоюп, комуз черте баштаганда атамдын комузун да алдым. Аны кызым азыр деле чертип жүрөт.
Калган буюмдары апамда болчу, азыр кичүү инимдин үйүндө сакталып турат.
– Ата жолун жолдоп, бир кезде телевидениеде диктор болуп иштептирсиз. Бул кесипти эмне үчүн улантпай калдыңыз?
– Телевидениеде бир жолу сынак жарыяланып, мен да барып катышкам. Сынактан өтүп, бир аз убакыт иштеп калдым. Эгер ошол учурда мага колдоо көрсөтүлсө, балким, иштеп кетмекмин. Бирок колдогондорго караганда сынап карагандар көбүрөөк болду.
«Таланттуу адамдын кызы атасындай болор бекен?» дегендей мамилени сезчүмүн. Ансыз деле өзүмө койгон талабым өтө жогору эле. Атамдын атына татыктуу болушум керек деген жоопкерчилик мени кыйнап койду окшойт.
Анын үстүнө балдарым кичинекей болчу. Жумушка эрте кетип, кеч келип жүрүп, балдарыма жакшы көңүл бура албай калдым. Ошентип, телевидениедеги ишимди уланта албай калдым.
– Инилериңизде атаңыздын таланты же мүнөзү барбы?
– Атамдын ар кайсы сапатын ар кимден издей берем. Бир инимдин мүнөзү, экинчисинин келбети окшош. Экинчи иним Бакыттын күлгөнү атамдыкынан эч айырмаланбайт. Анын күлкүсүн уккан сайын атамды көргөндөй болом.
Ал эми таланты жагынан айтсам, атамдын балдары да, бир туугандары да жакшы ырдашат. Неберелеринде да атамдын кайсы бир сапаттары бар.
Менин кичүү кызым Арууке таятасына көбүрөөк окшош. Чыгармачылыкка жакын, атамдын ырларын ырдап, анын комузун чертип жүрөт. Инимдин кызы Нестана да ырдайт. Кичүү инимдин кызы Бактыгүл мурда скрипкада ойночу.
Алардын өнөрүн көргөндө атамдын таланты кийинки муундарда да жашап жатканына сүйүнөм.
– Кийин апаңыздан да айрылып калыптырсыз. Бул жоготуу мурдагы жараатыңызды кайра козгоду беле?
– Тилекке каршы, ковид учурунда апамдан да айрылып калдык. Бул мен үчүн дагы бир чоң стресс болду. Кыз бала үчүн ата-энесинен айрылуу абдан оор экен. Канча жашка чыксаң да, алардын жанында өзүңдү бала сезет турбайсыңбы.
Атамды эрте жоготконумдун күйүтү жүрөгүмдө турганда апамдан да айрылып калуу өтө оор тийди.
– 80 жылдык мааракеге карата кандай иш-чаралар өткөрүлмөкчү?
– Октябрь айында Опера жана балет театрында чоң концерт өткөрүү пландалууда. Атамдын буга чейин ырдалбай калган чыгармаларын оркестрге салып, Кайрат Иманалиев уюштуруп жатат. Биз үй-бүлөбүз менен колдон келишинче колдоо көрсөтүп жатабыз.
11-август атамдын туулган күнү болчу. Ага карата 10–11-августта өзү иштеген Улуттук телеканалда эскерүү иш-чарасы болду. Иним экөөбүз эки күн ошол жакта жүрдүк. Биринчи күнү куран окуттук, кийинки күнү радиодо эртеден кечке Жолдубай Кайыпов жөнүндө уктуруу болду. Атам менен чогуу иштеген кесиптештерин көрүп абдан кубандым.
– Маегиңиз үчүн чоң рахмат. Жолдубай Кайыповдун коңур үнү ырларында жаңырып, жаркын элеси урпактарынын жүрөгүндө жашай берсин.
