Өзгөчө кырдаалдар министри Талас облусундагы курулуш иштерин тездетүүнү тапшырды
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймакта жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Быйыл Талас облусунун аймагында сел жана суу ташкындарынын алдын алуу максатында ачык жана жабык дренаждарды куруу, оңдоп-түзөө иштери жалпы 22 объектте жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, «Кыргызстандагы жаратылыш кырсыктарынын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу долбоорунун» алкагында облустун аймагындагы 2 объектте курулуш иштери аткарылууда. Алсак, Манас районунун Көк-Дөбө айылында 150 орунга ылайыкташкан мектептин курулушу жүрүп жатат. Ал эми Бакай-Ата районунун Маданиян айылында 275 окуучуга ылайыкташкан мектеп курулууда.
Министр аталган объектилерди жеринен көрүп, аткарылып жаткан иштердин сапатына жана белгиленген мөөнөттөрдүн так сакталышына көңүл бурду. Тиешелүү жетекчилерге курулуш иштерин тездетип, объектилерди өз убагында пайдаланууга берүүнү камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.
Айрыкча сел жана суу ташкындарынын алдын алууга багытталган дренаждык курулуштарды кыска мөөнөттө бүткөрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
«Жүргүзүлүп жаткан дренаждык иштерди суу кирген мезгилге чейин толук бүткөрүү зарыл. Бул иштер калктуу конуштарды сел жана суу ташкынынын кесепеттеринен коргоодо маанилүү роль ойнойт», — деди министр Канатбек Чыныбаев.
Мындан сырткары, министр курулуш иштеринде сапат талаптарын сактоо, жумуштарды белгиленген графикке ылайык жүргүзүү жана объектилердин өз убагында бүткөрүлүшүн туруктуу көзөмөлдөөнү тапшырды.
