Спорт журналисттеринин спартакиадасы старт алды
12-сентябрда Ысык-Көл облусундагы “Кыргыз деңизи” санаториясында спорт журналисттеринин арасында спартакиада башталды. Спорттук иш-чарага Бишкек шаарынан жана аймактык телеканалдардан келген журналисттер катышууда.
Катышуучулар төрт тайпага бөлүнүп, алгач волейбол боюнча күч сынашууда. Мындан тышкары, мелдештин алкагында кичи футбол, стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат боюнча оюндар өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, аталган спорттук иш-чара 2007-жылы алгач ирет өткөрүлгөн. Турнирге катышуучулардын саны өсүп, спорттун түрлөрү да көбөйгөн.
