Сардорбек Камалов: Буттагы “сөөктү” кантип айыктырса болот
2 сентябрь

Сардорбек Камалов: Буттагы “сөөктү” кантип айыктырса болот

“Караван-Инфо” редакциясы «Nova Clinic» клиникасынын ортопед-хирургу Сардорбек Камалов менен эл арасында буттагы “сөөк” деп аталган дарттын олуттуулугу тууралуу баарлашты.

- “Сөөк” деген эмне жана ал көп кездешеби? 

- Буттун баш бармагынын валгустук бузулушун көпчүлүк сөөк же шишик деп коюшат. 

Жаңы статистика боюнча бул дарттан жабыркагандардын 97 пайызын аялдар түзөт, 3 пайызын эркектер. Эркектер арасында валгустук бузулуу абдан чанда кездешет, 50 эркектин бирөөсүнө гана таандык. А жалпысынан мындай “сөөк” дүйнө жүзүндөгү калктын 25-30 пайызында болот. 

Байламталардын бекемдиги үчүн жооп берчү тарамыштардын ийкемдүүлүгүн камсыз кылуучу ген аялдар тарабынан берилет. Ушундан улам дарт энеден кызга өтөт. Ал кош бойлуу учурда салмак кошкондо же туура эмес, такасы 7 сантиметрден жогору болгон бут кийимдерди кийгенде күчөйт. 

- Дартты кантип аныктай алабыз? 

- Валгустук бузулуу негизинен демормациянын даражасын жана ыкчам дарылоого кандай ыкманы тандап алуу зарылдыгын көрсөткөн рентген аркылуу аныкталат.

- “Сөөктү” айыктыруу мүмкүнбү?

- Хирургиялык гана жол менен. Бандаждар же элдик ыкмалар кыйшайып калган сөөктү ордуна келтире албайт. Башкача айтканда, бул дарт бирдеме өсүп чыкты дегенди билдирбейт, ал сөөктүн демормациясы, байламталардын ийкемдүүлүгүн жоготконунан улам пайда болот. 

- Операция жасатпаса эмне болот? 

- Бара бара ооруксунуу пайда болот, бут кийим тандоо кыйынчылык жаратат, атайын “сөөккө” ылайыкташкан бут кийим жок да. Тапшырык менен бут кийим тиктирүү кайсы бир убакка чейин гана жардам берет. 

Эгер операция жасатпаса баш бармак деформациядан улам таяныч таба албай калат. Жыйынтыгында бардык жүк экинчи манжага түшүп, ал баш бармакка ыктап кыйшая баштайт. Бул балка түспөлдөгү деформация деп атала. Экинчи манжадан кийин үчүнчү манжа ошондой абалга келет, анан төртүнчү. 

Деформациядан сырткары убакыттын өтүшү менен сөөктөн улам артроз пайда болот. Башкача айтканда, кыйшайган муундар туура эмес иштеп баштайт дагы муундун кемирчеги желип, манжа ийилбей калат. Бул такыр башка операцияны талап кылган татаал өтүшүү. 

- Операция канчалык деңгээлде оор? 

- Биздин клиникада операциядан кийин калыбына келүү 6 жуманы гана талап кылат. Бейтап операциядан кийин дароо эле басып баштайт, биз атайын бут кийим беребиз, ошону кийип жүрөт. 

Биздин бут кийим менен басып гана чектелбестен, дагы көп нерсени кылууга болот. Эки жумадан кийин автоунаа айдоого мүмкүн. Такалуу бут кийимди 3-4 айдан кийин кие берсе болот. Бирок таканын узундугу 5-7 сантиметрден ашпашы керек. Спорт менен жарым жылдан кийин машыга алат.