Салык ардагери: Ар бир трактордун, ар бир дыйкандын артынан чуркап, салык чогулткан күндөр өттү
Жумаева Райкан Тагаевна Мамлекеттик салык кызматынын 2-рангдагы капитаны, “Салык кызматынын отличниги”. Учурда ардактуу эс алууда. Анын жолу – тер төгүлгөн мээнеттин жана үзүрлүү эмгектин жолу. 41 жыл финансы жаатында иштеп, Салык кызматына өмүрүнүн 12 жылын калтырган. 1-июль, салык кызматкерлеринин кесиптик майрамына карада ардактуу эс алуудагы ардагер менен маектештик.
– Мамлекеттик салык кызматына 1995-жылы келдим, эсептик бөлүмдө, башкы бухгалтер, эсептик бухгалтер болуп эмгектендим. Андан кийин айыл өкмөтүндө салыкчы болуп үч жыл иштедим. 2007-жылы пенсияга чыктым. Азыр бактылуу апа, чоң эне-таененин ролундамын: эки уул, эки кызымдан 14 небере көрдүм. Иштеген ишиме, өткөн жылдарыма дайыма сыймыктанам, ал жөн кеткен жок, элим үчүн, жерим үчүн эмгек кылдым. Республиканын, облустун, райондун бюджетин толтурдук. Ардактуу пенсияга чыгып, бир кездерде күн-түндү билбеген эмгегимдин үзүрүн көрүүдөмүн. Кудайга шүгүр, эмгегибизди мамлекетибиз баалаганына өтө кубанычтамын.
– Салык кызматында 1995-жылдан тартып иштеген экенсиз. Ошол учурлар тууралуу көбү азыркыдай шарт жок, «жылаңач баатырлыкка» салып эле иштешкенин айтышат. Ал жылдарды эстегенде сиздин эсиңизге биринчи эмнелер келет?
– Ооба, 1995-жылдары аябай оор болгон. Биз ар бир дыйкан чарбага барып, салыкты кандай төлөш керектигин түшүндүрүп, ар бир дыйкандын, ар бир трактордун артынан чуркап, салыктан качпасын, төлөсүн деп билген нерсебиздин баарын айтып берүүгө, жеткирүүгө умтулчубуз. Ошол маалда мен иштеген Сузак башкармалыгын Бишкектен текшерип келгендер: “Силер жол салуучусуңар. Силер жолду түптөп койгондон кийин азыркыдай ар дыйкандын артынан чуркабай, кабинетте гана иштей тургандай шарт түзүлөт”, - деп айтышкан болчу. Ошол туура чыкты. Биз жамгырга, карга, суукка, ысыкка, дем алуу күнүнө карабай иштедик. Жаңы түптөлгөн тармакты көтөрүүгө болгон дем, шыгыбыз абдан күчтүү болгон окшойт. Мисалы, азыр пенсиямды райондун борборуна барып алып келүүдөн эринген күнүм болот, а ал маалда күн сайын жумушка үч автобус которуп барып келчүмүн. Бирок ага эч качан өкүнбөйм. Жумушумду ийгиликтүү аткарып, алдыда болгонума кубанам. Ардак грамоталарды, сыйлыктарды алдым. Бактылуумун.
– Балдарыңызды жалгыз чоңойткон экенсиз. Балдарды жалгыз бутка тургузууда каржы да, убакыт да маселеси жаралат эмеспи. Салыкчылар көп убактысын жумушка арнашат, сиз кантип жетиштиңиз?
– Жолдошумдун көзү өтүп кеткенден кийин төрт баланы чоңойтуп-өстүрүү милдети менде калды. Туура айтасыз, салыкчынын эмгеги өтө күчтүү. Эртең менен кетип кечинде кеч келет элем, Кудайга шүгүр, улуу кызым менен улуу уулум эсине кирип калган кез болчу. Ошолордун жардамы менен күн-түн дебей иштегенге туура келди. Өкмөттөн алган үлүш жерибиз бар болчу, ага эгин эгебиз. Корообузга жашылчаларды өстүрөбүз. Андан калганын сатып алам. Ошентип жүрүп балдарымды чоңойттум, жогорку билимдүү кылдым. Бир уулум юрист, эки кызым менен бир уулум экономист. Азыр баары өз үй-бүлөсүн түптөдү. Иштеп жүргөн кезимде чарчаган, ооруган күндөрүм болду. Бирок бир да жолу бүгүн ишке барбай эле коеюнчу деген ой болгон эмес. Түнү оорусам, эртеси жумушка барганда анымды унутуп калат элем. Дайыма иштегенге даяр болчумун. 2007-жылы пенсияга чыкканда эмне кылаарымды билбей калдым. Отурсам эки колум эч жакка батпайт. Иштеп жүргөн адам үйдө отуруп калса, кыйналат экен. Бир ай дегенде гана араң көндүм окшойт.
– Азыркы жаш салык кызматкерлерине кандай кеңеш бересиз?
– Дайыма чынчыл болгула! Элибизди, жерибизди сүйүп, бюджетти толтурганга аракет кылгыла. Силер Кыргызстандын жаркыраган жүзүсүңөр. Тарых анык – жакшы иштегиле, эмгегиңер сөзсүз бааланат. Силердин абийирдүүлүк менен иштээриңерге ишенем.
Мамлекеттик кызматкер – өз кесибин сүйүп, баалаган, өз тармагынын туусун өйдө көтөргөн, элдин жана мамлекеттин алдында жүзү жарык болгон адам. Ушул атыңарга татыктуу болгула!
