Назгүл Нуркамилова: Интернет коопсуздугу жөнүндө балдарга үйрөтүү абдан маанилүү
Интернет коопсуздугу жөнүндө балдарга үйрөтүү абдан маанилүү. Мындай пикирин 30 жылдык тажрыйбасы бар педагог, Ош облусунун Өзгөн районундагы Ж.Абжапаров атындагы №71 жалпы билим берүүчү орто мектебинин бөлүм башчысы Назгүл Нуркамилова билдирди. Ал интернет жана балдар темасы боюнча өз пикирин билдирип, бир нече суроолорубузга жооп берди.
– Сиздин оюңузча интернет бүгүнкү балдардын жашоосунда кандай орунду ээлейт?
– Интернет адамзаттын жашоосунун ажырагыс бир бөлүгүнө айланды. Айрыкча балдардын. Анын таасири абдан чоң. Интернеттен ар ким өзүнө каалаган нерсесин ала алат. Бирөө аны билимин жогорулатуу, тил үйрөнүү, пайдалуу маалыматтарды алуу үчүн колдонсо, башкалар көңүл ачуу, ар түрдүү зыяндуу оюндарды ойноо үчүн колдонот. Z-мууну же зумерлер деп көп эле угуп жүрсөңүз керек. 1997-жылдан 2010-жылдардын башында төрөлгөндөрдү дал ушундай аташат. Бул муундун өкүлдөрүн бир нерсеге мажбурлоо мүмкүн эмес. Үй тапшырмасын берип, же суроо узатсаң, дароо эле интернетке киришет. Көбүнчөсү интернеттен көз каранды болуп калды. Алар интернетсиз жашоолорун элестетет албайт. Бул албетте абдан өкүнүчтүү. Анткени, мурдагыдай болуп колуна китеп кармагандар азайды. Интернетти туура багытта колдонуу негизги талаптардын бири болуш керек деп ойлом. Андагы маалыматтардын чын жалганын аңдай билүү абдан маанилүү. Балдар интернетти туура багытта колдоно алса, анын пайдасы чоң. Колуңдагы телефон аркылуу дүйнөнү таанып билсең болот эмеспи.
– Кибербуллинг же интернет аркылуу зомбулук мектептерде канчалык байкалат?
– Сиз айтып жаткан маселе мектептерде байкалат. Биз окуучунун жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөзүнөн эле өзгөрүп калганын байкайбыз. Эч кимге жашыруун эмес айрым мектептерде күчтүүсү алсызга, улуусу кичүүсүнө кысым көрсөткөн учурлар катталып эле жүрөт. Мындайда окуучу физикалык жактан гана зордук-зомбулук көрбөстөн, психологиялык жактан да катуу соккуга учурайт. Мындай балдарга сөзсүз түрдө колдоо керек. Биз педагогдор окуучулар арасында дароо түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ата-энелерине да кабар беребиз. Азыр интернеттин өнүгүшү менен ар кандай жаңы түшүнүктөр да пайда болуп жатпайбыз. Ошол эле сиз айтып жаткан кибербуллинг, интернет желеси аркылуу балдардын бири-бирине көрсөткөн зомбулугу. Бул айтууга оңой болгону менен, абдан оорчундуу жана ойлоно турган маселе. Бала мектепте жарым күнү жүрсө, калган убактысында үйдө болот. Ата-эне балдарын кимдер менен достошуп жатканын билип турганы оң деп ойлойм. Анткени көп учурларда чөйрө менен болгон мамиленин аркасынан коркутуулар келип чыгат.
– Сиз педагог катары окуучуларга интернеттеги зыяндар, анын кооптуу жактары тууралуу айтып, эскертип турасызбы...
– Албетте, мен мугалим катары окуучуларыма интернетти туура колдонуу жолдору тууралуу ар дайым айтып, түшүндүрүп турам. Интернетке киргиле, маалымат алгыла, бирок баарына эле ишене бербегиле дейм. Анткени, өзүңүз билгендей азыр интернет шылуундары көбөйүп кетти. Анын үстүнө жасалма интеллект аркылуу маалыматтарды бурмалоо, жасалма видео жасап аны тараткандар да жок эмес. Тилекке каршы, айрым учурда жаш балдар эмес, чоңдор да алардын тузагына илинип калып жатпайбыз. Андай мисалдар айта берсе толтура. Ошондуктан мен окуучуларына ар дайым маалыматты бир нече булактардан текшерүү жолдорун айтып келем.
– Балага интернетке кирүүгө чектөө коюу канчалык маанилүү деп ойлойсуз, ал баланын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизбейби?
– Жок, мен антип ойлобойм. Интернетке чектөө коюу бул сөзсүз түрдө баланын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет дегендик эмес. Тескерисинче, туура жана тең максаттуу колдонуу болсо, баланын билим алуусуна, чыгармачылыгына жана дүйнө таанымына чоң пайда алып келет. Мында чектөөнү тыюу салуу катары эмес, коопсуз колдонуу багытоо катары кароо абдан маанилүү. Муну ата-энелер балдарына туура түшүндүрө билиши керек. Анан да ата-эне бала менен чогуу талкуулап, кайсы сайттар коопсуз, кайсылары зыяндуу экенин түшүндүрүшү керек. Эгер чектөө туура коюлса, бул баланын ден соолугуна да, психологиясына да, социалдык өнүгүүсүнө да оң таасирин берет.
– Киберкоопсуздук боюнча сабактарды мектеп программасына өзүнчө киргизсе кандай пайда алып келет деп ойлойсуз?
– Менимче бул заман талабы. Буга окшогон сабактар мектеп программасына киргизилсе пайдасы чоң эле болмок. Биринчиден балдардын коопсуздугу жогорулайт – алар интернеттеги коркунучтарды (фишинг, вирус, онлайн алдамчылык, буллинг) таанып, өздөрүн коргой билүүнү үйрөнөт.
Экинчиден санариптик сабаттуулук өсөт – балдар маалыматты текшерип окуйт, жалган маалымат менен ишенимдүү булактарды айырмалоону үйрөнүшөт.
IT тармагы өсүп жаткан заманда киберкоопсуздуктун негиздерин билүү аларга чоң артыкчылык болмок деп ойлойм.
