Уран Сыдыгалиев: Сырткы инвестиция тартуу балык кармагандай иш – баамчыл болуу керек
27 май

Уран Сыдыгалиев: Сырткы инвестиция тартуу балык кармагандай иш – баамчыл болуу керек

Жакында президент Садыр Жапаров Сауд Арабиясынан келген 35 ири бизнесмендерди кабыл алды. Жолугушууда өлкө башчы араб ишкерлерин Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды жана Кыргыз өлкөсүнүн инвестициялык климаты улам жогорку деңгээлге чыгып жатканын айтты. Араб бизнесмендерин Кыргызстанга кызыктыруу эмне берет жана биздин өлкөдө алар үчүн кайсы тармактарда артыкчылык бар? Ушул суроолордун тегерегинде экономист Уран Сыдыгалиев түз эфиринде ой калчады.

– Мамлекет башчыбыз Сауд Арабиясынын бизнес гиганттары менен жолугушуп, бизде кандай мүмкүнчүлүктөр бардыгын айтып берди. Биз эмнелерди пайдаланып калышыбыз керек?

– Жалпы инвесторлор боюнча алганда, инвестордун максаты пайда көрүү да. Демек, алар кайсы мамлекетке барбасын, өз кызыкчылыгын бийик кармап, кандай пайда табам деген ниет менен келет. Менимче, араб бизнесмендерин кызыктырууга Кыргызстандын потенциалы жетиштүү. Башкысы биздин кызыкчылык менен алардын кызыкчылыгын шайкеш келтирүү зарыл. Мисалы, бизде азыр көп жактан өсүүлөр байкалууда, инвестициялык климат жакшырды, жолдор салынып, абамайдандар оңдолуп жатат. Арабдардын акчасы көп, бирок ошол эле маалда аларды чакырган мамлекеттер да көп. Биз биринчи кезекте аларга эмне сунуштай алаарыбызды ойлонушубуз керек. Белгилей кетчү нерсе, алардын өздөрүнө койбой, өзүбүз биздеги артыкчылыктуу тармактарды сунуштай билүүгө тийишпиз. Көбүнчө жаңгак, өрүк ж.б. бар дейбиз. Бирок бул жемиштер башка өлкөлөрдө да өсөт. Элиталык товар катары колдонууга боло турган эмне өзгөчөлүк бардыгын карашыбыз керек. Сауд Арабиясында Мекке шаары жайгашкан. Дүйнөнүн ар кайсы бурчунан мусулмандардын күчтүү агымын тосуп алган жер. Карап көрөлү, алар жакта канча кой союлат? Мүмкүн, мал чарбачылыгына басым жасайбыз. Араб ишкерлери бизге келип, фермерлерге колдоо көрсөтүп, өздөрүнүн кызыкчылыгын аткарып, ага кызыгып кетсе эмнеге болбосун? Ансыз деле биз союздан кийин жайыттардын мүмкүнчүлүгүн толук колдоно элекпиз.

Андан сырткары, туризм тармагы. Бизде азыр каттоого туруу, виза ачуу жөнөкөйлөштүрүлдү. Сырткы инвесторлор балким, мейманкана, эс алуу жайларын курат.

Ошондой эле, рынок фонду деп коебуз, ошол жакка да көңүл бурсак болот. Дагы бир тармак – нефть саткан өлкөлөрдө чынында акча көп болуп жатпайбы, аларды биздин банк системабыз менен тааныштырсак, балким, биргелешкен акционердик коомдор түзүлөт. Азыр бизде кардарлардын эң чоң көйгөйү – насыянын жогорку пайыды. Инвесторлор акчаларды алып келип, пайызды азайтышса, бул абдан кирешелүү тармак.

Эң болбоду дегенде, бүгүн бизге келип кеткен ишкерлер биз тууралуу өздөрүнүн тааныштарына айтышат. Алардын арасынан бирөө –жарымынын кыргыз жергесине болгон планы ойгонот. Ошондуктан, чет элдик бизнес өкүлдөрү менен жолугушуулар абдан пайдалуу болот деп белгилейм.

– КР Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттик инвестиция тартуу боюнча абдан чоң аракеттерди жасайт. Көргөзмөлөрдү, чогулуш, бизнес-форумдарды көп өткөрүүдө, башка өлкөлөргө барып Кыргызстан тууралуу маалымат берет. Ушундай маалдарда, эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн жолугушуусунан эмнелерди ала алабыз жана эмнелерге көңүл буруу керек?

– Көпчүлүк учурда мамлекеттик делегация кайсы бир өлкөгө барганда бизнес чөйрөдөн өкүлдөрдү алып барат. Бул эки өлкө ортосундагы бизнес карым-катнашына даярбыз дегенди билдирет. Барганда жана келгендердин аарсында балык кармагандай болуп эле, жакшы долбоорлорду карай жүрүү керек. Мисалы, Сауд Арабиясынан 35 ишкер келбедиби, анын экөөсү, жок дегенде бирөөсү эле биздеги бир тармакка кызыгуусун ойготсо, утушубуз ошол. Бизнес өкүлдөрүнүн жолугушуусунда, делегацияларда болочок бизнес өнөктөштөр бирин бири табат. Биз чакан өлкөбүз, бизнесмендерибиз эми бутка туруп жатат, анан алар чет өлкөлүк өнөктөштү өз алдынча кайдан тапмак эле. Демек, бул жаатта көргөзмө, форум, жолугуулар чоң мааниге ээ. Эң негизгиси – бизнес өнөктөштү тапкандан кийин качпаш керек, жоготпош керек. «Ишен, бирок текшер» деген бизнесте өтө актуалдуу.