Чолпон Серкебаева, кванттык психолог: «Кедейлик программасынан кутул, ар бир адам жакшы жашоого татыктуу»
Белгилүү кванттык психолог Чолпон Серкебаеванын жолу бүгүн миңдеген аялдарга үмүт берип, жашоосун өзгөртүп келет. Бул маекте ал өзүнүн терең руханий трансформациясы, «кедейлик программасы» деген эмне экени, жана адам кантип өз жашоосун өзгөртө аларын түшүндүрүп берет. Айрыкча, «жакшы жашоо – бул рулетка эмес, тандоо» деген ой адамды ойлонтпой койбойт.
– Чолпон айым, көпчүлүк сизди күчтүү кванттык психолог катары билет. Бул жол сиз үчүн кантип башталган?
– Бул жол мен үчүн оор, бирок абдан баалуу учурдан башталган. Бир убакта мен да чарчаган, өзүмдү жоготуп койгон, жашоодо жөн гана «машина» сымал жашап калган аял болчумун. Балам ооруп калып, балдарымдын атасы мал-жан менен жалгыз тоодо калды, мен балам менен шаарда догдурдун көзөмөлүндө турууга туура келди. Анан шаарда турсаң акча керек, ишке орноштум, налогдон кийинки маянам 8 миң сомдон ашчу эмес. Карыздар, түйшүктөр, өзүмө болгон ишенбестик менен жашап жүрдүм. Бирок жүрөгүмдө дайыма бир үн бар болчу – «жашоо мындан да терең, мындан да кең» деген. Бирок жолун таба албай бир топ эле кыйналдым.
– Бул жолду кайдан издедиңиз?
– Алгач психологияны деле түшүнүп-түшүнбөй изденип, канткенде кенен акчага жетем деп эле жүрдүм, калп айтканда эмне. Мага ошол учурда акчаны көп тапсам эле бардык көйгөйлөр чечилчүдөй сезилер эле. Ал кезде дүйнө түзүлүшү таптакыр башкача иштээрин кайдан билиптирмин. Тынбай изилденип, тынбай окудум. Алымдын, акчамдын жетишинче окууларга, семинарларга катышып жаттым. Окуп-чокуганыма карабай дагы деле жашоомдун кыялымдагы көзүн таба албай келе жаттым. Ошол кезде мени бирөө-жарым психолог болосуң десе, күлсөм керек эле. Себеби психолог болуу менин үч уктасам түшүмө дагы кирбеген окуя эле. Азыр менин психология боюнча магистратурада окуп жаткан учурум, буга чейин дагы 2 дипломум бар болчу.
– Кванттык психология сиздин өзүңүздү таанып, өзгөрүшүңүзгө кандай таасир этти?
– Кванттык психология менин өзүмдү кайрадан таанып, терең деңгээлде өзгөрүшүмө түздөн-түз себеп болду десем жаңылышпайм. Мисалы, аң-сезимим кеңейди. Мурда мен жашоодо болгон нерселерди «чыдайлы» деп кабыл алчумун. Мен азыр курман болуудан жаратуучу абалына өткөнмүн. Экинчиден, башкаларга көз карашым өзгөрдү. Мурда адамдар менен болгон мамиледе көп таарыныч, үмүт, же тескерисинче – көзөмөл бар болчу. Кванттык деңгээлде мен: «Башкалар мага жөн эле күзгү. Алар менин ички толкунумду кайтарып жатышат» дегенди түшүндүм. Ал эми акча жаатында акчанын энергия экенин аңдап, мен өзүмдөн «кедейлик программаларын» тазалай баштадым.
– «Кедейлик программасы» деген эмне? «Акча блогу» экөө бир эле түшүнүкпү?
– Ооба, экөө тең аң-сезимдеги чектөөчү ишеним, коркуу же ички тыюу дегенди түшүндүрөт. Алар акчаны оңой табууга, ийгиликтүү болууга бизге тоскоол болот. Акча блогу адамда үй-бүлөдөгү эле сүйлөнгөн сөздөрдөн 14 жашка чейин калыптанат. «Байлардын баары ууру», «акча жок, үнүңдү чыгарба!», «Акча ашып атабы?» деген сыяктуу сөздөрдү көп уккан же ата-энесинин акча үчүн урушканын, кыйналып акча тапканын көрүп чоңойгон адамдардын баарында акча блогу болот. Мындай блоктор менен жашаган адамдар акча тапса да бат эле жоготот, жакшы мүмкүнчүлүктөн баш тартып коёт, көп иштейт, бирок аз табат, байлык жакындаганда өзү билбей “качып” калат.
– Адам өзүндө акча блогу бар экенин кантип билсе болот?
– Өзүңүзгө бул суроолорду берип көрүңүз:
- «Мен акчаны сүйөмбү же андан уяламбы?»
- «Акчалуу болуу мени коркутабы?»
- «Мен өзүмдү бай жана эркин элестете аламбы?»
- «Мен акчага татыктуумун деп чындап ишенемби?»
Эгер бул суроолордон сизде ыңгайсыздык, уялуу, же күмөн жаралса – демек, блок бар.
– Блоктор кеткенде эмне өзгөрөт?
– Биринчи эле жашоо жеңил боло баштайт. Мурун кыйынчылык менен, күчтөп жасаган иштер оңой башталат. Себеби сенин ички энергияң буга чейин тосулуп турган. Аны агытып жибергенде — жашоо «сүйлөй» баштайт.
Кирешең көбөйө баштайт. Мурун иштеп да көп нерсе болбой турса, азыр күтүүсүз белектер, жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болот.
Сен өзүңдү акчага татыктуу сезе баштаганыңда – акча да сага жол табат.
Иш баштайсың, өз алдынча чечим чыгарасың, сындан коркпойсуң.
Мисалы, мурун бир идеяны баштап, кайра таштап койсоң – азыр аны акырындык менен ишке ашыра баштайсың.
– Ата-эне менен болгон байланыш адамдын финансылык ийгилигине кандай таасир этет?
– Ата-эне менен болгон байланыш – бул жөн гана «үй-бүлөлүк мамиле» эмес, адамдын каржылык ийгилигине түздөн-түз таасир этет.
Атасы менен мамилеси оор, таарынычта же алыстап кеткен адамдын акча жаатында көйгөйлөрү көп кездешет: Мисалы, алардын туруктуу кирешеси жок болот. Акчаны пайдалана алышпайт (жогото берет). Өзүнүн күчүнө ишенбейт.
Ал эми энеси менен болгон оор байланыш: «мен татыксызмын» деген сезимди жаратат.
– Психологияда ушул блоктордон – «кедейлик программасынан» чыгып, адам өзүнүн жашоосун түп-тамырынан өзгөртүүгө мүмкүн экен да э?
– Албетте, толук мүмкүн! Ар бир адам өзүн табуусу шарт. Биз бул дүйнөгө ошон үчүн келебиз. Мен бул үчүн өзүн таануудагы фундамент болуп эсептелинген «Перезагрузка 2.0» курсумду сунуштайт элем. Бул аты эле айтып тургандай, бизди кыйнаган ынаным-ишенимдер, себепсиз коркунучтардын тамырын түбүнөн кырка турган, кыялыңдагы жашооңду түптөй турган легендарлуу автордук окуу. Практика көрсөткөндөй, 21 күндүк бул окууну тартиби менен өткөн адамда эң биринчи кирешеси өсүп, ден соолугу чыңдалып, мамилеси өзгөрүп баштайт.
– Бул курстан өткөн адамдарда кандай өзгөрүүлөр болду? Окурмандар үчүн эсиңизде калган кейсти бөлүшө аласызбы?
– Андайлар абдан көп. Бул курстан өткөн ар бир адамда сөзсүз жыйынтык болот. Кирешеси он эсеге чейин көбөйгөндөр толтура. Бир окуучум Турцияга чейин барып дарылата албаган оорусунан айыкты, дагы биринин балдары кыялындагыдай болуп өзгөрүштү, биринде бизнеси ачылып, ийгиликтүү боло баштады. Мындай кейстер менде абдан көп. Кыргызымдын ар бир атуулу татыктуу, бакубат, өзүн барктап жашаганга укуктуу.
Жакшы жашоо – бул рулетка эмес, урматтуларым! Бул – тандоо.
Азыркы жашооң өзүңө жагып жатабы?
Балаңа өзүңдүкүндөй жашоо каалайсыңбы?
Эгер бир эле жообуң «жок» болсо, анда шашылыш менин легендарлуу автордук «Перезагрузка 2.0» курсуман орун алыныз. 0554 258 511 номерине чалып менден консультация алсаңыз да болот.
