Бакыт Бакетаев: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу көбүнө атаандаштык жаратат, андыктан юристтер ар кандай сюрприздерди алдын ала билиши керек
«Бир алкак, бир жол» глобалдык демилгесинин алкагында 2024-жылдын 20-декабрында башталган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча мегадолбоордун баасы 4 миллиард 665 миллион доллардан ашуун каражатты түзөт. Долбоордун катышуучуларынын ортосундагы мүмкүн болгон талаш-тартыштарды чечүү үчүн Бишкекте «Кыргызстандын юристтеринин ассоциациясынын алдындагы Кытай иштери боюнча бюронун» кеңсеси ачылды. Анын юристтери күтүүсүз, кээде жагымсыз «сюрприздерге» даяр болушу керек, дейт КР Каржы министринин экс-кеңешчиси, саясат таануучу жана коомдук ишмер Бакыт Бакетаев:
– Бардык чоң мегадолбоорлордо кызыкчылыктар кагылышуусу болот. Мындай нерседен Кашкар-Торугарт-Макмал-Жалал-Абад-Андижан каттамындагы, жалпы узундугу 486 чакырымду түзгөн Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору да четте калбайт. Анын көп бөлүгү – 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Ушундай чоң идеяны ишке ашырууда куруучулар, жергиликтүү тургундар ортосунда ар кандай укуктук талаш-тартыштар болушу мүмкүн. Андай учурларда юричттер иштеп, түшүнбөөчүлүктөрдү укуктук талаада чечиши керек. Кытайлык адвокаттар биздин юридиксияда иштей алышпагандыктан, алар биздин адвокаттар аркылуу таасир этишет. А эгер окшош көрүнүш Кытайда жаралса, анда биздин адвокаттар кытайлык кесиптештери аркылуу иштешет.
– Саясат таануучу катары айтсаңыз, курулуштун катышуучулары менен кагылышып, анан андан саясий жана башка пайда алууну каалагандар кандай себептерди карманышы мүмкүн?
– Биринчи кезекте, албетте, экология боюнча талаш-тартыш жаралышы мүмкүн, анткени курулушка жер бөлүп берүү керек. А айрым аймактарда ошол берилүүчү жер кайсы бир ишканаларга, уюмдарга ижарага берилген же жеке менчик болуп чыгышы ыктымал. Бул биринчиден. Дагы бир маселе куруучулардын улуттук курамынын негизинде жаралышы мүмкүн, анткени жумушчулардын жарымы кыргызстандыктар болсо, жарымы кытайлыктар болот. Социалдык төлөм жана айлык акы боюнча талаштар жаралышы турган нерсе. Ага кошумча, темир жол калк жашаган конуштар аркылуу өтөт. Мында жергиликтүү тургундар аткаруучулардан аларга кандайдыр бир кампаларды, объектилерди куруп берүүнү суранышы мүмкүн, бул дагы аз эмес конфликттик жагдайларды жаратат. Инвесторлордун жана долбоордун аткаруучуларынын кызыкчылыгын макулдаша алган квалификациялуу юристтер керек. Мындай мегадолбоорго негативдүү караган жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүн да унутпашыбыз зарыл. Жалпысынан, бул долбоор өлкөбүзгө чоң пайда алып келет. Ошондуктан конфликттик жагдайларды жөнгө салуу үчүн кытайлык адвокаттар бюро түзүштү.
– Кандайдыр бир жеке кызыкчылыгын көтөргөн же өлкөбүздүн экономикалык жактан өнүгүүсүн каалабаган тараптардын каршылыгынан улам Кыргызстанда бир топ келечектүү долбоорлор ишке ашпай калды же ишке ашпай калуу коркунучуна кабылышкан. Ушундай тоскоолдук Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну ишке ашырууда кездешүүсү мүмкүнбү?
– Ачык айтайын, андай нерсе да болушу толук мүмкүн. Анткени, бул темир жол коридору евразиялык континенталдык көпүрөнүн түштүк бутагына айланып, Кыргызстанга Түштүк-Чыгыш жана Батыш Азиянын, ошондой эле Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн, анын ичинде Түркиянын жана андан ары Европа биримдигинин рынокторуна эң жакын жол ачат. Мындай темир жол Кытай менен Европаны байланыштырган башка темир жол линияларына олуттуу атаандашуу жаратат. А бул бир катар чет элдик бизнес-элиталардын жана саясий чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнө такыр жакпайт. Албетте, мен алар буттан чаап жыгытышат деп айтуудан алысмын, бирок кандайдыр бир ой жүгүртүүлөр, инсинуациялар болушу мүмкүн. Окуялардын мындай бурулушуна дагы даяр болуу зарыл, бирок кандай болгон учурда дагы аталган темир жол биринчи кезекте Кыргызстан жана Өзбекстан үчүн абдан маанилүү.
