Мезгилге шыктанган искусство: Елена Казанцева скульптура жана мурас жөнүндө
25 сентябрь

Мезгилге шыктанган искусство: Елена Казанцева скульптура жана мурас жөнүндө

Елена Сергеевна Казанцева – Сергей Казанцев атындагы скульптура паркындагы “Орус сөзү скульптордун колунда” көркөм фестивалынын директору, Тегерандагы Эл аралык таасирдүү аялдар конгрессинде коомдук салымы үчүн ЮНЕСКОнун сыйлыгынын лауреаты (2023-ж.), биология илимдеринин кандидаты, Музейлердин эл аралык кеңешинин (ICOM) мүчөсү, Москва сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

- Келиңиз, башынан баштайлы. Сиз атактуу скульптор Сергей Сергеевич Казанцевдин кызысыз. Искусство, маданиятка болгон көз карашыңызга атаңыздын чыгармачылыгы кандай таасир этти?

- Сөздү атамды толугураак тааныштыруудан баштайын. Сергей Сергеевич Казанцев - скульптор, Россиянын Эл сүрөтчүсү, Россия Сүрөт академиясынын мүчө-корреспонденти. Сергей Казанцев Венесуэлада жайгашкан, Владимир Владимирович Путин тарабынан «Роснефть» коомдук акционердик коому аркылуу заказ кылынган «Уго Чавес» эстелигинин автору жана жана бул иш чараны Игорь Иванович Сечин жетектеген. Ошондой эле Сергей Сергеевич Москвада турган Иван Сергеевич Тургеневдин эстелигинин да автору, аны биз үй-бүлөбүз менен чогуу жасаганбыз. Демек, атам эң жогорку деңгээлдеги оюнчу..

Сергей Сергеевич профессионалдык жактан да, адам катары да ар дайым өзүнүн үстүнөн абдан катуу иштеген адам эле. Скульптордун кесиби бардык жагынан өтө оор. Скульптор физикалык жактан күчтүү жана чыдамкай болушу керек, кардар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алышы керек жана өзүнүн долбоорун ишке ашыруу үчүн керектүү каржылоону таба билиши керек, анткени гранит, мрамор, металл кымбат.

Мен ар дайым устакана чөйрөсүндө чоңойгом. Эсимде, бир күнү классташтарым экскурсияда: «Музейде кантип жашайсың?» — деп сурашкан. Менин үй-бүлөм үчүн устакана дайыма үй, өндүрүш бөлүгү жана көргөзмө аянты болуп келген. Биз дайыма устаканада гана жашачу элек, мен үчүн искусствонун, чыгармачылыктын арасында болуу кадыресе болчу жана ошентип кала берет. Менин үй-бүлө мүчөлөрүм мындан башкача жашоо барын деле ойлонушпайт.

Анын үстүнө атам эмгекчил, бул менин тарбияма да таасирин тийгизди. Ал мага ар дайым эртең менен көнүгүү жасап, сулу боткосун жеш керек жана жасаган ишиң биринчи кезекте кардарга жагып, ал ыраазы болсун деп үйрөтчү. Спорт, эмгек жана өз ишине ак ниеттүү мамиле жасоо биздин үй-бүлөдөгү башкы тарбия эле. Бул негизги нерселер деп ойлойм.

- Маегибиздин негизги темасы — эстеликтин ачылышы. Сиздин үй-бүлөңүз үчүн анын чыгармачылыгы абдан маанилүү. Атаңыздын Пушкиндин эстелигин жасаганын көргөндө кандай болдуңуз?

- Александр Сергеевич Пушкиндин образы Сергей Сергеевич Казанцев үчүн ыйык. Ал орус иденттүүлүктүн символу, орус маданиятынын эң маанилүү инсандарынын бири. Ал үчүн сүрөтчү катары акындын генийине тийүү сыймык жана жоопкерчилик эле. Ал бул эстеликке көпкө даярданды. 2008-жылы атам Александр Сергеевичтин биринчи портретин гипстен, беш жылдан кийин мрамор менен жасады. Ошондой эле жасалма мрамордон да жасаган, аны «Артекке» заказ кылышкан.

2020-жылы пандемия башталганда, бардык долбоорлор тыныгууга түшүп, бош убакыт көп болуп калды. Анан атам ошол жылды Пушкиндин эстелигин жасоого арнады, андан кийин эле дароо Лев Николаевич Толстойго эстелик жасады. 

Эгерде улуу жазуучулардын жаралышына түрткү болгон себеп жөнүндө айта турган болсок, анда 2018-жылы Иван Сергеевич Тургеневдин эстелигинин ачылышын алалы, анда Владимир Владимирович Путин Сергей Казанцевдин эмгегин жогору баалады. Мындай баалоо атама Пушкин менен Толстойдун эстеликтерин жасоого мотивация берди.

- Бул сиздин Сергей Казанцевдин эмгекчилдиги тууралуу айтканыңызды далилдейт эмеспи. 

- Ооба, эмгекчилдигин жана жандуу патриоттуулугун. 1991-жылдан бери атам Москва облусунун Истра шаардык районунда скульптура паркын түзүүдө жана туристтерди тосуп алган биринчи композиция 1941-1945-жылдары фашизм менен согушкан жоокерлердин эстелиги болуп саналат. Эстеликтин прототиби менин чоң атам Михаил Васильевич Марначев болчу, ал 1941-жылы фронтко аттанып, бүтүндөй согушту Т-34 менен өтүп, 1945-жылы жеңүүчү болуп кайткан. Атамдын образы биз үчүн ыйык, ошондуктан биздин үй-бүлөдө эң маанилүү эки майрам бар: 9-май – Жеңиш күнү жана 23-май – Сергей Сергеевич Казанцевдин туулган күнү.

- Пушкиндин эстелигин жасап жатканда атаңыз сизге ойлорун же кандайдыр бир кабатырланууларын айтты беле?

- Баарынан да Сергей Сергеевичти Пушкиндин тагдырына кайгырган. Сүрөтчүлөр, адатта, өз каарманынын өмүр баянына сүңгүп, анын чыгармаларын кайра окуп, балким, кызыктырган суроолоруна жооп алган кандайдыр бир жука маалымат деңгээлине жетишет. Атам Пушкиндин тагдырынын трагедиясына, голландиялык дипломаттын асырап алган баласы, француз офицеринин колунан өлүм тапканына кейиген. Атам Пушкиндин өлүмүн батыштык пропаганда уюштурган деп эсептейт, анткени алар Россияда Пушкиндей гений бар экенин тынч кабыл ала алышкан эмес. Аялынын адепсиздиги тууралуу каттар үч башка жерден Пушкинге бир күндө келип атпайбы. Бул кантип болсун? Мунун баары кара ниеттик менен пландалып, уюштурулган да. А Сергей Сергеевич ушундай кейиштүү жагдайдын жаралганына жана орус маданияты үчүн орду толгус жоготууга абдан кайгырган.

 - Сиз эстеликтин ачылышында кандай сезимдерде болдуңуз?

- Мен грантка бир нече жолу тапшырып, үчүнчү жолкусунда гана алдым, менин оюмча, Александр Сергеевич Пушкиндин ысымынын шарапаты менен болду. Заманбап сүрөтчүгө грант алуу кыйын, бирок биз Пушкиндин атынан аракеттендик, бул биздин арызыбызды таасирдүү кылды. А.С. Пушкиндин эстелигинин ачылышы Президенттик маданий демилгелер фондусунун колдоосу менен өттү. Ошондо Александр Сергеевич бизге долбоорду ишке ашырууга жардам берип жатат деп тамашаладым. Анын ысымы азыр дагы күчүн жоготподу.

- Атаңыз жараткан эстеликтин заманбап маалымат мейкиндигинде болушу жаштар үчүн кандай мааниге ээ?

- Санариптештирүү коомго ушунчалык сиңип кеткен экен, фестиваль күнү, 21-сентябрда баары табигый, реалдуу, чыныгы болгондуктан, Искусство фестивалынын конокторунун көңүлүн буруп, таң калтырды. Атам Москвадан 25 чакырым алыстыкта скульптура паркын түзгөн. Ал жерде токой жана дарыя бар. Галереянын имараты жана скульптуралары жалбырак, чөп жана гүлдөр менен курчалган. Бизге караштуу аймакта эчки, өрдөк, каз, тоок, мышыктар чуркап жүрөт. Бул мурдагы колхоз талааларынын элесин керемет менен сактап калган Подмосковьедеги корук десек да болот. Биздин парк – ачык аймактагы аба менен жердин бир кесими, ал жерге каалаган убакта келип, скульптураларды көрсөңүз болот. Ал чоңдор менен балдардын жаратылышка жана реалдуу жашоого жакындыгын эске салат. Чоңдор балалыкка кайтып келишет, ал эми балдар өздөрү үчүн жаңы чөйрөгө туш келишет.

Азыркы балдар Александр Сергеевич Пушкиндин чыгармачылыгы жөнүндө өтө аз билишет, улуу муундагыларга бул түшүнүксүз. Биз Пушкиндин жомокторунун каармандарын айкелин чоподон жасоо боюнча мастер-класстарды өткөргөнүбүздө, анын чыгармалары менен көп балдар дээрлик тааныш эмес экенин билдик. «Поп жана анын жумушчусу Балда жөнүндө» жомогунун каармандарын жасадык, ошондо 30 баланын ичинен бешөө гана аны билет экен, а 2-3 бала гана маанисин араң айтып беришти. Айкел жасоо аркылуу биз жаштарды Пушкиндин чыгармачылыгы менен тааныштыра, анын чыгармаларынын каармандарын жакын жана кымбат кыла алдык. Биз - эт менен кандан жаралган жанбыз, андыктан жашоонун материалдык жана тактилдик кабылдоосун жоготпоо маанилүү.

- Албетте, Пушкиндин эстелиги анын юбилейин майрамдоону толуктап турат. Елена, жыйынтыктап айтканда, эстеликтин көңүл бурууга арзырлык деталдары тууралуу айтып бере аласызбы?

- Жаш муундарды чыгармачылыкка шыктандыруу максатында эстеликте Пушкиндин жаш кези тартылган. Сол колуна китеп, оң колуна калем кармаган. Скульптура – бул биринчи кезекте мейкиндикти, тактап айтканда, руханий мейкиндикти изилдөө. Композициялык жактан алганда Пушкин – жаратуучунун, түзүүчүнүн, интеллектүүлүктүн образы, постаменттеги чагылган – Пушкиндин образына көргөңдүн баарын толкунданта турган динамика керек.

- Елена, ушундай ачык жана жеңил маек үчүн рахмат! 

 Гаянэ Шамсутдинова, атайын «Караван-Инфо»үчүн